Ооругандар Баткенде көп. Коронавирус боюнча соңку маалымат

© AFP / OSCAR DEL POZOМедициналык кызматкерлер иш учурунда. Архив
Медициналык кызматкерлер иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпысынан Кыргызстан боюнча 46 841 кишиден коронавирус табылса, анын 42 983ү айыгып чыкты. Тилекке каршы, 1 065 киши өтүп кетти.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада 104 киши коронавирус инфекциясынан сакайып чыкса, кайра дагы 172 адам жуктуруп алды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:

  • Бишкек — 6;
  • Ош шаары — 19;
  • Чүй облусу — 3;
  • Ош облусу — 35;
  • Нарын облусу — 5;
  • Талас облусу — 5;
  • Ысык-Көл облусу — 9;
  • Жалал-Абад облусу — 13;
  • Баткен облусу — 9.

Оорукананын жетекчилери Тез жардамдын талаптарын аткарууга тийиш. Жаңы алгоритм

Ал эми жаңы жуктурган учурлар төмөнкү жактарда катталды:

  • Бишкек — 18;
  • Ош — 11;
  • Чүй облусу — 11;
  • Ош облусу — 21;
  • Талас облусу — 1;
  • Ысык-Көл облусу — 10;
  • Жалал-Абад облусу — 23;
  • Баткен облусу — 77.

Учурда ооруканада 871 бейтап, ал эми амбулатордук түрдө 1467 киши дарылануда.

Ошондой эле бир сутка ичинде 13 медик ооруну жеңсе, дагы 11и вирусту илештирип алган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлери арасында 3266 учур катталса, 3021ү айыккан.

Кыргызстан боюнча 46 841 кишиден коронавирус табылса, анын 42 983ү айыгып чыкты. Тилекке каршы, 1 065 киши өтүп кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0