Венгрия: кыргызстандык студенттерге бекер окуу шарты түзүлдү

© Sputnik / Илья Аверьянов / Медиабанкка өтүүУниверситеттин аудиториясындагы студенттер окуу учурунда
Университеттин аудиториясындагы студенттер окуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган өлкөдө окууну каалагандар жылдан-жылга көбөйүүдө. Кыргызстандык студенттердин көпчүлүгү эл аралык мамилелер, эл аралык бизнес, IT, журналистика, менеджмент жана экономика багыттарын тандашат.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Венгриянын жогорку окуу жайларына жылына 150 кыргызстандык студент бюджеттик негизде кабыл алынмай болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, президент Сооронбай Жээнбековдун 28-29-сентябрь күндөрү Венгрияга болгон расмий иш сапарынын алкагында билим берүү жаатында эки тараптуу келишимге кол коюлган.

Ага ылайык, Венгриянын жогорку окуу жайларына жылына бюджеттик негизде 150 кыргызстандык студентти кабыл алуу мүмкүнчүлүгү жаралды.

"2016-жылдагы келишимге ылайык, кыргызстандык студенттерге жылына 25 орун берилип келген. Кийин аталган өлкөдө билим алгысы келгендер көбөйгөндүктөн 2019-жылы квотанын саны 75ке жеткен", — деп айтылат маалыматта.

Студенттерге түзүлгөн шарттар:

  • Магистратура, бакалавр (айыл чарба, социалдык илимдер, маалыматтык технологиялар, экономика, техника, табигый илимдер, спорт жана мамлекеттик саясат багыттары) жана докторантура (бардык багыттар);
  • Ай сайын стипендия берилет: бакалавр жана магистратура – 40 460 форинт (120 евро), докторантура 140 000 форинт (415 евро). Жатаканадан орун берүү же үй-бүлөлүк турак үчүн 40 000 форинт (120 евро) төлөнөт;
  • Медициналык камсыздандыруу.

Белгиленгендей, аталган өлкөдө окууну каалагандар жылдан-жылга көбөйүүдө. Кыргызстандык студенттердин көпчүлүгү эл аралык мамилелер, эл аралык бизнес, IT, журналистика, менеджмент жана экономика багыттарын тандашат.

Будапешт шаарында Чыңгыз Айтматов атындагы парк пайда болду. Сүрөт

Венгриядагы эң популярдуу жана таанымал университеттер:

  • Будапешттеги Корвин университети;
  • Этвеш Лоранд университети;
  • Дебрецен университети;
  • Печ университети;
  • Ыйык Иштван университети;
  • Будапешт технологиялар жана экономика университети.
Жаңылыктар түрмөгү
0