Боронов: мектептин ичи муздак болсо, жылытылганга чейин окуучулар киргизилбейт

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүМектептеги окуу классы. Архив
Мектептеги окуу классы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгер кайсы бир аймакта мектептердин ичи суук болсо, жергиликтүү бийлик окууну баштоого уруксат бербейт.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Эгерде мектеп суук болсо, анда ошол аймакта азырынча окууну баштабай турса болот. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифинг учурунда билдирди.

Белгилей кетсек, 6-октябрдан тарта 1-6-класстын окуучуларына мектепке барууга уруксат берилген.

Өкмөт башчы окуу процессин баштоонун алдында кышка даярдык маселеси турганын белгиледи. Мындан улам жергиликтүү бийликке мектептерди жылытуу иштерин азыртадан баштап толук камсыздоо боюнча катуу тапшырмаларды бергенин айтты.

Өзгөндө 200 орундуу мектеп курулуп, пайдаланууга берилди. Сүрөт

"Аба ырайы сууктап кетсе, балдарды муздак мектептерге алып барып, оорутуп албаш үчүн – муктаждык жаралса эртелеп от жагып жылытууга туура келет. Азыртадан терезелерди жылуулоо иштерин жүргүзүү зарыл. Эгерде мектеп суук болсо, анда ошол аймакта азырынча окууну баштабай турса болот. Ошондуктан ар бир облустун жетекчилери бул жагын карап, кайсы мектептерде окууну баштоого уруксат берет, аны өздөрү чечиши зарыл. Эскертерим, балдарыбыз муздак мектептерге кирбеши керек", — деди Боронов.

Ал эми билим берүү мекемелерин көмүр менен камсыздоо боюнча тендерлер өткөрүлүп, каражат бөлүнүп, график менен бардыгы убагында алынып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0