Кыргызстандагы окуучулардын каникулунун графиги

© Sputnik / Табылды КадырбековКөчөдө бараткан окуучулар. Архив
Көчөдө бараткан окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мектептер күзгү каникулга 2-ноябрдан 9-ноябрга чейин тарамай болушту. Тагыраагы, бир жума эс алышат.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Мектеп каникулунун планында өзгөрүүлөр жок. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Буга чейин күзгү каникул 2-ноябрда башталып, бир жумага созулары айтылган. Кышкы каникул жылдагыдай 2020-жылдын 30-декабрынан 2021-жылдын 11-январына чейин созулат. Жазгы каникул 2021-жылдын 22-мартынан 30-мартка чейин деп белгиленди. Ал эми жайкы каникул 25-майдан тарта баштала турганы божомолдонду.

Кечээ өкмөт Кыргызстанда 1-класстан 6-класска чейинки окуучулар 6-октябрдан тарта жалпы билим берүү мекемелеринде салттуу түрдө окуй турганын кабарлаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0