Батирдин ачкычтары. Архивдик сүрөт

Бишкекте кимдер акысыз батир ала алат? Мэриянын жообу

271
(жаңыланган 10:03 02.10.2020)
Балдар үйүнүн тарбиялануучулары жергиликтүү бийликтен турак жайды кантип акысыз аларын мэрия өкүлдөрү түшүндүрүп беришти.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Бишкектен акысыз батирди кимдер ала аларын мэриянын муниципалдык мүлк башкармалыгынын башчысы Нурдин Тынаев  Sputnik Кыргызстандын брифингинде билдирди. Бүгүнкү күндө Бишкектен батир алуу үчүн 3,5 миңден ашуун жаран кезекте турат.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Новости и события дня (@sputnik.kg)

Тынаевдин айтымында, Бишкектен муниципалдык батирге ээ болууга мүмкүнчүлүк берген бир нече категория бар.

Беляев: балдар үйүнөн чыккандар батир алыш үчүн өмүр бою кезекте турат

Алар:

  • райондук администрация аркылуу каттоого турган жакыр жашаган жарандар;
  • муниципалитеттин кызматкерлери жергиликтүү бийликте иштеп тургандыктан кызматтык батир алууга укуктуу;
  • өзгөчө категорияда балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары турат;
  • Бул жайлардан тарбияланып чыккандарга үй кезексиз берилиши керек. Турак жай кодекси мэрияны балдар эрезеге жеткенден кийин баш калкалай турган жай менен камсыздоого милдеттендирет. 2019-жылы балдар үйүнөн тарбияланып чыгып, чоң турмушка аттанган үч жаранга батир турак жай бөлүнүп берилген.
271
Белгилер:
Кыргызстан, балдар үйү, батир, турак-жай, мэрия, Бишкек мэриясы
Тема боюнча
Алиева: балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүн колдогон атайын долбоор иштеп жатат
Россияда өтүп жаткан Мамлекеттик Дума шайлоосуна видеокөзөмөл аркылуу байкоо системасынын демонстрациясы

Мамдума шайлоосуна 7,5 миң адам видеокөзөмөл аркылуу байкоо салууда

7
(жаңыланган 18:33 18.09.2021)
Быйыл шайлоо 17-19-сентябрга белгиленген. Мамлекеттик Дума менен бирге аймактык жана муниципалдык да шайлоо өтүп жатат.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Россияда өтүп жаткан Мамлекеттик Дума шайлоосуна видеокөзөмөл аркылуу байкоо салып жаткан парламенттик партиялардын биринен да эч кандай доомат түшкөн жок. Бул тууралуу РФ Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Николай Булаев билдирди.

"Ушу тапта видеокөзөмөл порталында 7,5 миң адам отурганын жазып жатышат. Алар бир эле убакта 30 миң шайлоо участкасына көз салууда. Эч биринен эч кандай доомат жок. Парламенттик партиялар биз камсыздап берген техникалык жабдууга нааразылык жок экенин айтышты", — деди Булаев.

Ал коомдук көзөмөл борборлорунда жумушчу орун жетиштүү экенин белгилеп, каалоочуларды чакыра кетти.

Шайлоо быйыл 17-19-сентябрга белгиленген. Мамлекеттик Дума менен биргеликте регионалдык жана муниципалдык шайлоо да кошо өтүп жатат.

7
Белгилер:
шайлоо, Россия, Мамлекеттик Дума, көзөмөл, БШК
Тема боюнча
Владимир Путин Мамдуманын шайлоосуна онлайн добуш берди
Москвада онлайн шайлоого катышкан 10 жаран акциядан батир утуп алды
Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков. Архив

Нарындын мэри шайлоодогу коррупциялык иштерге шектелип кармалды

27
УКМК маалымдаган Б.С. инициалдарына Самарбек Болотбековдун аты-жөнү туура келүүдө. Ал мурда Свердлов районунун акими болуп, кийин Нарын шаарына жетекчи катары жиберилген.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. 2020-жылкы парламенттик шайлоонун жүрүшүндөгү алдамчылык фактысы менен Нарын шаарынын мэри кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлады.

Буга чейин аталган шайлоодо Жогорку Кеңештин депутаты мандатын убадалап 300 миң доллар алган деген шек менен "Кыргызстан" партиясынын мүчөсү, экс-депутат Ч.Р. кармалган. Укук коргоо органдары жабырлануучу ири өлчөмдө чыгым тартканын айткан.

"Ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында далилдүү материалдар чогултулуп, Бишкек шаарынын Свердлов районунун мурдагы акими, азыр Нарын шаарынын мэри Б. С. жогорудагы ишке аралашкан деген шек менен кармалды", — деп айтылат билдирүүдө.

Бул иш боюнча Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгүнө ("Алдамчылык, өзгөчө ири өлчөмдө жасалган жосун") ылайык өндүрүш ачылган.

Б.С. инициалдарына Самарбек Болотбековдун аты-жөнү туура келүүдө. Ал мурда аталган райондо аким болуп, кийин Нарын шаарына жетекчи катары жиберилген.

27
Белгилер:
Нарын шаары, мэр, коррупция, шайлоо, УКМК
Тема боюнча
УКМК: чек ара кызматкери досунун өлүмүнө шектелип кармалды