Аптеканын кызматкери иш учурунда. Архив

Өкмөт: дарыканалардын жетекчилери менен түздөн-түз иштешүү зарыл

35
(жаңыланган 17:04 02.10.2020)
Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынын өткөрүп, сасык тумоого каршы күрөш боюнча иштер тууралуу маалымат берди.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Өлкө тургундары сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялык (КРВИ) ооруларга каршы эмдөөдөн активдүү өтүүдө. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылганын өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

"Буга чейин өлкөгө ташылып келген вакцинанын биринчи партиясы пайдаланылды. Биринчи калктын аярлуу катмарын эмдөө боюнча иштер өз учурунда жасалууга тийиш. Азыр сасык тумоо жана КРВИ мезгили, ошондуктан эмдөөдөн өткөрүү процессин тездетүү керек. Жакында вакцинанын экинчи партиясы келет. Аны дагы аймактарга бөлүп берүү шарт. Акы төлөнүүчү негизде эмдөө иштерин жүргүзүп жаткан жеке менчик лабораториялар бардык аймактарда ачыла элек. Облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөр менчик клиникалар менен жеринде сүйлөшүүнү жигердүү жүргүзүүсү зарыл", — деди премьер Боронов.

COVID жайылып баратат, бет кап тагынгыла! Штаб сактануу чараларын күчөттү

Өкмөт башчы ошондой эле алдыдагы күз-кыш мезилине даярдык көрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.

"Суук болуп келе жатат. Бул маалда сасык тумоолоп ооруй турган жарандардын саны көбөйөт. Дары каражаттарынын запасын анализдеп көрүү керек. Кампаларда керектүү дары-дармектердин канча көлөмдө бар экенин так аныктоо үчүн дарыканалардын жетекчилери менен түздөн-түз иштешүү зарыл. Ошол эле учурда Мамлекеттик материалдык резервдер фондундагы медициналык каражаттардын запасын көбөйтүү боюнча иштер жүрүүдө", — Боронов.

Эске салсак, бийлик сезондук сасык тумоо менен катар коронавирустун экинчи толкунуна кам көрүүдө.

35
Белгилер:
дары, вакцина, сасык тумоо, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2427)
Тема боюнча
Кыргызстанда 100 миңден ашуун киши сасык тумоого каршы вакцина алды
Оңдоо иштери жол белгиси. Архив

Финпол: Ошто 43 млн. сом бөлүнгөн жолдун курулушу бүтпөй калган

43
(жаңыланган 12:09 02.12.2020)
Бүгүнкү күндө жол пайдаланууга бериле элек, ал эми аткарылбай калган жумуштун чыгымы 13 миллион сом деп бааланууда.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Ошто 42,9 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн Кең-Сай жаңы конушуна кетчү жолду аягына чейин курбай коюшкан. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтан (Финансы полициясы) билдиришити.

Финансы полициясы бюджеттик каражатты уурдоо фактысы боюнча тергөө иштерин жүргүзүп жатат.

Мурдагы вице-премьер Тайырбек Сарпашев. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Маалым болгондой, Ош облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгы жеке ишкана менен келишим түзгөн. Ага Кең-Сай конушуна кирүүчү жана айыл ичиндеги жолдорду куруу боюнча 42,9 миллион сомдон ашык акча которгону аныкталды. Бирок бүгүнкү күндө объект пайдаланууга бериле элек, ал эми аткарылбай калган жумуштун чыгымы 13 миллион сом деп бааланууда.

Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, жеке ишкананын жетекчиси П.Т. аттуу жаран кармалган.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп, аталган ишкананын кызыкчылыктарын коргоого тиешеси бар адамдар аныкталып жатат. Ошондой эле мамлекеттик бюджетке каражаты кайтартуу боюнча иштер жүрүүдө.

43
Белгилер:
коррупция, курулуш, жол, финансы полициясы, Ош
Тема боюнча
23 млн. доллар... Финпол кылмыштуу кирешени адалдаган схеманы аныктады
Финпол бюджетке зыян келтирген ишканадан 281 млн. сом өндүрдү

Жол тазалоочу техника жетпейт. Бишкек Ош трассасынын кышка даярдыгы текшерилди

27
(жаңыланган 11:59 02.12.2020)
Комиссия "Сосновка" постунан "Арал" постуна чейинки ашууларды тейлеген мамлекеттик кызматтардын кышка даярдыгын карап чыккан.

Бишкек — Ош жолунун кышка даярдыгы текшерилди. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, өзгөчө кырдаалдар министринин тапшырмасы менен атайын комиссия түзүлгөн. Алар Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" постунан Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" постуна чейинки ашууларды тейлеген мамлекеттик кызматтардын кышка даярдыгын карап чыгышкан.

"Текшерүүнүн негизинде бир топ көйгөйлүү маселелер бар экени аныкталган. Алсак, жол тазалоочу, кум чачуучу атайын техника жетишсиз болуп, жолго кум кол менен чачылып жаткан. Айрым жүк ташуучу унаалар кышка даярдыгы жок ашууларда калып калган. Комиссия тамак-аш берилүүчү жана жылына турган пунктулардын да даярдыгын көргөн. Жыйынтыгында "Арал" постундагы жылынуучу пункт кышка толук даяр эместиги аныкталган", — деп айтылат маалыматта.

ӨКМ айдоочуларга кайрылып, алыс жолго, тоолуу аймактарга чыгарда аба ырайына көңүл бурууну суранды. Ошондой эле зарылчылык жок болсо, шашылыш билдирүү берилгенде жолго чыкпай турууну сунуштаган.

27
Белгилер:
Бишкек – Ош жолу, комиссия, текшерүү, ашуу, жол, унаа, Бишкек, ӨКМ
Тема боюнча
Кыргызстандагы бардык жолчуларга күнү-түнү иштөө милдети жүктөлдү