Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги Эркиндик бульварында аял бара жатат. Архив
Бишкектеги Эркиндик бульварында аял бара жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
3-октябрга караган түнү Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Республиканын башка аймактарында күн ачык болот.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Ишемби күнү өрөөндөрдө ала булут каптап турат, жамгыр жаабайт. Ал эми тоолуу райондорго кар түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.

Абанын температурасы Чүйдө +15...+20, Талас аймагында +13...+18, Ош, Жалал-Абад, Баткенде +18...+23, Ысык-Көл жана Нарын облустарында +11...+16 градус жылуу болот.

Бишкекке жылуулук качан берилет? Мэриянын түшүндүрмөсү

Ал эми борбор калаада кыска убакытка жамгыр жаашы ыктымал. Күндүн табы +18...+20 градуска жетет. Ош шаарында +20...+22 градуска чейин көтөрүлүп, жаан-чачын болбой тургандыгы божомолдонду.

Жаңылыктар түрмөгү
0