Коронавирус күчөгөн Баткенде 118 кызматы иштеп жатат

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүКолл-центрдин кызматкери. Архив
Колл-центрдин кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер адаттагыдай эле жарандардын оорусунун белгилерине жараша, зарыл болгон учурда мобилдүү бригаданы жардамга жиберет.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Коронавируска байланыштуу маселелер боюнча Баткен облусунун тургундары 118 номерине байланышса болот. Бул тууралуу өкмөттүн аталган дубандагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы кабарлады.

"Тургундар 24 саат бою байланышып, керектүү медициналык кеңештерди алса болот. Адистер жарандардын оорусунун белгилерине жараша, зарыл болгон учурда мобилдүү бригаданы жардамга жиберет", — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Баткен акыркы мезгилдерде коронавирус эң көп катталып жаткан облустардын сап башында. Бүгүн облуста 63 кишиде вирус аныкталганы белгилүү болду.

Коронавирустун белгилери байкалса кайда кайрыласыз? Министрликтин жообу

Буга чейин Бишкек мэриясы 118 кызматы эл аралык уюмдун долбоору болгондуктан 1-сентябрдан тарта каржылоо токтотула турганын кабарлаган. Ал эми аймактарда кызмат мурункудай эле иш алып барары кошумчаланган.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0