Окуучу сабак учурунда. Архив

Калем менен көбүрөөк жазган балдар акылдуу болот. Адис себебин айтты

(жаңыланган 09:07 03.10.2020)
Илимпоздор дүйнө канчалык сапариптешсе дагы, адам баласы калем менен жазууну унутпашы керектигин айтышат.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Көбүнчө колго жазган балдардын өзү теңдүүлөргө караганда акылы тунугураак болот. Бул тууралуу норвегиялык окумуштуу Одри Ван дер Меердин изилдөөсүнө таянып Medical Xpress жазды.

"Учурда дүйнө сапариптешип бара жатат. Бирок бала окуучу кезинде калем сап кармап, колго жазууну жакшылап өздөштүрүшү зарыл. Анткени кайсы бир маалыматты көчүрүп же түшүнгөнүн дептерге жазуу жаңы материалды өздөштүрүп, өмүр бою эсине тутуп калууга жакшы жардам берет", — дейт адис.

Муну билүү үчүн илимпоздор 2017-2020-жылдар аралыгында бир нече окуучу жана студенттин мээсин текшерип көрүшкөн. Тагыраагы, балдарды мээнин кантип иштеп жатканын билип турчу атайын жабдууга отургузушкан. Ошол маалда балдар малыматты алгач калем менен баракка жазып, андан соң клавиатураны пайдаланышкан. Жыйынтыгында аппарат окуучу колго жазып жаткан кезде мээси активдүү иштээрин көрсөткөн.

8 жыл бою чипсы жеп чоңойгон кызды гипноз менен башка тамактарга көндүрүштү

Окумуштуу бул нерсени ар ким өзүнөн текшерип көрсө болорун айтат.

"Өзүңөр байкасаңар, адам дүкөнгө барганда сатып алчу товарлардын тизмесин кагазга жазып алганда жакшы эстеп калат. Баракты унутуп калган күндө дагы көздөгөн нерселеринин бардыгын сатып алат", — деди Ван дер Меер.

Мындан улам адис адам баласы канчалык санариптешүүгө ыктаса дагы, кагазга калем сап менен жазууну калтырбашы керектигин эскертет.

Белгилер:
окумуштуулар, изилдөө, окуу, кагаз, жазуу, акыл, бала
Тема боюнча
Бак-дарак аз жерде чоңойгон балдардын ой жүгүртүүсү тар болот. Иликтөө
Бишкек шаарындагы эмен багы. Архив

Шаршембиге карата аба ырайы

Абанын температурасы жогорулаганына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Шаршембиде күндүз өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +19…+24, Талас жергесинде +18…+23, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +20…+25, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +14…+19 градус жылуу болот.

Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын болбойт. Күндүн табы борбордо +19…+24, Ош шаарында +23…+25 градус болору болжолдонду.

Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Кайра суук болбойбу? Бир жумага карата аба ырайы
Абхазиянын номери тагылган унаа. Архив

Министрлик: Абхазиянын номери тагылган унааларды мамлекет алып коюшу мүмкүн

(жаңыланган 20:04 13.04.2021)
Кыргызстандын аймагына Абхазиянын номери тагылган унааларды алып кирүү жана эксплуатацияга берүү ЕАЭБдин бажы нормалары боюнча мыйзамдарын бузууга жатат.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Абхазиянын номери тагылган унаалар бажы көзөмөл аймагындагы убактылуу сактоочу кампага киргизилет. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлигинен кабарлашты.

Ведомстводон билдиришкендей, Кыргызстандын аймагына Абхазиянын номери тагылган унааларды алып кирүү жана эксплуатацияга берүү мыйзам бузууга жатат.

"Чет элдик жарандар ЕАЭБдин аймагына үчүнчү өлкөлөрдүн жеке колдонуусу үчүн унаасын ала келсе болот. Бирок андай машинаны КРдин аймагында колдонууга бир жыл гана убакыт берилет", — дешти министрликтен.

Киргизилген унааларды ЕАЭБдин аймагында үчүнчү тараптарга сатууга жол берилбейт. Декларант анын атына жазылган унааны өзү гана айдашы керек.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын аймагынан бажычылар Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын инспекторлору менен биргеликте Абхазиянын номерлерин тагып жүргөн 10 автоунааны кармаган.

Белгилер:
Евразиялык экономикалык биримдик, мыйзам бузуулар, унаа, Абхазия, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкекте Абхазиянын номери тагылган автоунаалар кармалууда
ЕАЭБ аймагында өзү өччү чылым пайдалануу сунушталып жатат