Пенсионерлер үчүн жыргал жашоо камсыздалган өлкөлөр айтылды. Тизме

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүКишилер пляжда. Архив
Кишилер пляжда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Изилдөөнүн авторлору 44 мамлекеттеги пенсионерлердин жашоо деңгээлине жана каржылык коопсуздугуна байкоо жүргүзгөн.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Исландия пенсияга чыккан адамдардын жашоосу үчүн эң ыңгайлуу өлкө деп табылды. Мындай иликтөөнү Франциянын Natixis инвестбанкы жүргүзгөнүн РИА Новости жазды. 

Швейцария экинчи орунду ээлесе, үчүнчү сапка Норвегия жайгашкан. Ирландия жана Нидерланддар алдыңкы бештикти толуктаган.

Изилдөөнүн авторлору 44 мамлекеттеги пенсионерлердин жашоо деңгээлине жана каржылык коопсуздугуна байкоо жүргүзгөн. Анда ден соолук, финансы, материалдык жыргалчылык жана жашоонун сапаты категориялары боюнча 18 түрдүү көрсөткүчтөрдү талдоого алышкан.

БУУ балдардын жашоосуна эң жагымдуу болгон өлкөнү атады

Эксперттер ошондой эле социалдык, экономикалык, каржылык жана ден соолукка байланыштуу тобокелчиликтер көбөйгөндүктөн, өзгөчө коронавирус пандемиясы тушунда карылардын бейпил жашоого болгон ишеними коркунучка кабылганын белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0