Ооруканадыгы дарыгер. Архив

Соңку суткада коронавирустан Ысык-Көл облусунда бир адам көз жумду

108
(жаңыланган 13:01 03.10.2020)
Кыргызстанда жайылгандан бери коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 47 184 кишиге жетти. Өлкөдө аталган вирус кайрадан баш көтөрүүдө.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Акыркы суткада Кыргызстанда COVID-19дан бир адам каза болгондугун Республикалык штабдан кабарлашты.

"Соңку суткада коронавирустан Ысык-Көл облусунда адам көз жумду", - деп айтылган билдирүүдө.

Муну менен коронавирустан көз жумгандардын саны 1066 адамга жетти. Ал эми ооруну жуктуруп алгандардын саны 47 184 киши болду.

108
Белгилер:
өлүм, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2338)
Тема боюнча
Президент COVID-19дун курмандыгы болгондорго арналган стеланы көрдү
Мамрезерв коронавирустан коргогон дарынын 29 түрүн сатып алды
Медицина кызматкери. Архивдик сүрөт

Коронавирус дагы 522 кишиден табылып, бир бейтап көз жумду

1
(жаңыланган 10:20 29.10.2020)
Бишкек шаарында жана Баткен, Ош облустарында үч медик коронавирус жуктуруп алганы аныкталган. Ошол эле маалда жети кызматкер ооруну жеңип, үйлөрүнө чыгарылды.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Өткөн суткада 522 киши коронавирус жуктуруп алганы аныкталып, оору бир адамдын өмүрүн алган. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 110;
  • Ош – 33;
  • Чүй облусу – 58;
  • Ош облусу – 75;
  • Талас облусу – 26;
  • Нарын облусу – 7;
  • Ысык-Көл облусу – 37;
  • Жалал-Абад облусу – 86;
  • Баткен облусу – 90.

Оштогу жаңы оорукана ноябрдан тарта COVID жуктургандарды дарылай баштайт. Фото

Бир суткада дартты 460 бейтап жеңген. Алар:

  • Бишкек – 91;
  • Ош шаары – 37;
  • Чүй облусу – 41;
  • Ош облусу – 82;
  • Талас облусу – 18;
  • Нарын облусу – 5;
  • Ысык-Көл облусу – 29;
  • Жалал-Абад облусу – 90;
  • Баткен облусу – 67.

Тилекке каршы, коронавирустан Баткенде бир бейтап көз жумуп, жалпы каза тапкандардын саны 1 139 болду.

Ал эми оору жуктургандар 57 798ге жетсе, анын ичинен 49 097 бейтап айыкты.

Бир сутка ичинде өлкөдө үч медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталса, бир суткада үй карантининен жети медкызматкер чыгарылган.

1
Белгилер:
бейтап, өлүм, статистика, оору, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Медициналык кызматкер иш учурунда

COVID: инфекция жуктургандардын ичинен 93 адам өтө оор абалда жатат

5
(жаңыланган 10:18 29.10.2020)
Кыргызстан боюнча акыркы суткада коронавирустан бир адам каза таап, 522 киши инфекцияга чалдыккан.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы маалымат боюнча ооруканаларда коронавирусту жуктурган 3 444 бейтап дарыланып жатса, алардын ичинен 93 кишинин абалы оор бойдон калууда. Бул туурасында Республикалык штабдан кабарлашты.

Дарыланып жаткан ноокастарды карай келгенде, төмөнкүдөй:

  • 77 адам — канааттандыраарлык абалда;
  • 2396 бейтап — орто оордукта;
  • 878 бейтап — оор абалда;
  • 93 бейтап — өтө оор абалда.

Ал эми COVID жуктуруп алып, үйдөн дарыланып жаткандар 3 580 адам экени айтылды.

Кыргызстан боюнча акыркы суткада коронавирустан бир адам каза таап, 522 киши инфекцияга чалдыккан.

5
Белгилер:
өлүм, оору, статистика, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Оштогу жаңы оорукана ноябрдан тарта COVID жуктургандарды дарылай баштайт. Фото
9М729 ракеталары. Архив

ТИМ Путиндин сунушуна Батыштын кылган мамилесин кескин сындады

0
Путин дүйшөмбү күнү АКШ Орто жана жакынкы аралыкка атылуучу ракеталарды жоюу боюнча келишимден чыгып кеткенден кийин Европадагы чыңалып жаткан кырдаалды жөнгө салуу боюнча жаңы демилгесин айткан.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путиндин РСМД боюнча сунушу Европада жаңы "ракеталык каатчылыктардын" пайда болушун алдын алуу ниети болчу. Азыр бул чечимге кол шилтегендер Европанын коопсуздугуна жоопкерчиликсиз мамилесин көрсөтүп жатат. Мындай пикирин РФ ТИМинин жетекчисинин орун басары Сергей Рябков РИА Новостиге берген маегинде билдирген.

"Айтылган сунуштар олуттуу текшерип, билип-үйрөнүүнү талап кылат. Анын тереңинде фундаменталдык ой жатат, ал РФ жетекчилигинин Европадагы аскердик-саясий абалдын турукташуусуна жол табууга кылган ишаратынын белгиси. Булар Европада жаңы "ракеталык каатчылыктардын" пайда болушун алдын алуу үчүн жасалууда", — деген Рябков.

ТИМ өкүлү учурда ставкалар "өтө жогору" жана "Путиндин сунуштарына кол шилтегенге аракет кылгандар" аталган аймактын коопсуздугуна кенебестик менен мамиле жасап жатат деген маанайда пикирин билдирген.

"Өзүнүн коопсуздугун эске алганда деле, биринчи терс маанайдагы ойлонулбаган билдирүүлөрдү дал Европанын өзүнөн уктук",— деген Рябков.

Президент Путин дүйшөмбү күнү АКШ Орто жана жакынкы аралыкка атылуучу ракеталарды жоюу боюнча келишимден (РСМД) чыгып кеткенден кийин Европадагы улам чыңалып бара жаткан абалды жөнгө салуу боюнча жаңы демилгесин айткан. Тагыраагы, эгерде НАТО тараптан да кадам ташталса, Москва өз ыктыяры менен өзүнүн европалык бөлүгүнө 9М729 ракеталарын бурбай, топтобой турарын билдирген. Альянска Европадагы Aegis Ashore комплекстерин Мк-41 орнотуучу жабдуулары менен кошо текшерип алууну сунуштап, ага Калининград объектилериндеги 9М729 ракеталарын кошкон.

"Жок дегенде аракет кылып көрүш керек". СНВ-3 макулдашуусун узартуу боюнча пикир

Демилгеге биринчилерден болуп расмий Берлин жооп кайтарып, НАТОнун мурдагы позициясын бетке кармап, РСМД боюнча россиялык идея ишенимге татыктуу эмес деген пикирин айткан. Өз кезегинде Лондон аталган долбоорун ийгиликсиз болуп калышына кайрадан Россияны күнөөлөдү. Франция гана Россиядан сунушталган демилге боюнча кененирээк айтышын күтүп жаткандыгын билдирди.

Өлкөнүн ТИМ өкүлү "европалыктардын коопсуздугуна негиз салуучу элемент" болгон РМСД боюнча макулдашууну сактап калууга чечим табылбагандыгына өкүнгөндүгүн айтты.

0
Белгилер:
сунуш, келишим, Владимир Путин, АКШ, Европа, Россия
Тема боюнча
"Ачык каалганы каккылоо". Москва АКШны жаза таюудан сак болууга чакырды