COVID-19: акыркы суткада 10 ак халатчан оору илештирип алды

© Sputnik / Тимур Батыршин / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пандемиядан бери коронавирус инфекциясын үч миңден ашуун медицина кызматкери жуктуруп алды. Анын дээрлик көбү ооруну жеңген.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада 10 медицина кызматкеринен коронавирус табылды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Ага ылайык, Бишкек шаарынан бир, Ош шаарынан бир, Ош облусунан төрт, Жалал-Абад менен Баткенден экиден медиктен вирус аныкталган.

Соңку суткада коронавирустан Ысык-Көл облусунда бир адам көз жумду

Ошондой эле бир суткада ооруканалардан үч ак халатчан жана үй карантининен алты медкызматкер илдетти жеңген.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 илдетин 3 304 медик жуктурса, анын 3038и айыгып чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0