Бишкекте эл добуш бере турган жайлар дезинфекцияланууда

Жазылуу
Мэрия шайлоого даярдануу жана аны өткөрүү боюнча арыз-даттануулар болсо же юридикалык жактан кеп-кеңеш алууну каалагандар кайрыла турган номерлерди берди.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Борбор калаада парламенттик шайлоодо эл келип добуш бере турчу участкалык шайлоо комиссиялардын имараттарын жууп-тазалап жана дезинфекция иштерин жүргүзүп жатышат. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Бюллетендеги сыя өчүп калабы? БШК менен чогуу жасалган эксперименттин видеосу

"Ар бир районго "Тазалык" ишканасынан 5-10 кишиден турган бирден бригада бекитилген. Шайлоо участкалардын кире беришине термометр коюлуп, дезинфекциялоочу килемчелер жана нөөмөттө турчу кызматкерлер үчүн атайын коргонуу кийимдери даярдалган", – дешти муниципалитеттин маалымат кызматынан.

Мэрия шайлоого даярдануу жана аны өткөрүү боюнча арыз-даттануулар болсо же юридикалык жактан кеп-кеңеш алууну каалагандар 1255 номерине чалып же 0990 02 12 55 WhatsApp номерине кайрылууну айтышты.

Андан сырткары, электрондук kgor_cec@shailoo.gov.kg дарегине жазууну кошумчалашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0