Жээнбеков: мурункудай карантин киргизе албайбыз, эрежени мен баш болуп сактайлы

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков КТРКнын "Биринчи радиосуна" берген маеги учурунда
Президент Сооронбай Жээнбеков КТРКнын Биринчи радиосуна берген маеги учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент коронавирустан улам киргизилген сактануу эрежесин бузгандарга катуу чараларды колдонуу зарылдыгын дагы бир ирет эскертти.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Эми биз мурункудай карантин киргизе албайбыз, бирок экономикага да, ден соолукка да бирдей көңүл бурушубуз керек. Бул туурасында президент Сооронбай Жээнбеков КТРКнын "Биринчи радиосуна" берген маегинде айтты.

Алып баруучу коронавирус илдети жана анын экинчи толкуну туурасында суроо берген.

"Эми биз мурункудай карантин киргизе албайбыз. Бирок биз экономикага дагы, ден соолукка дагы бирдей көңүл бурушубуз зарыл. Ал үчүн мен баш болуп, жөнөкөй жаранга чейин эрежени сакташ керек", — деген Жээнбеков.

Матрезерв коронавирустан коргогон дарынын 29 түрүн сатып алды

Мамлекет башчы бул жерде ар бир адамдын жоопкерчилигин катуу коюш керектигин эскерткен.

"Биздин медиктерибиз да кандай дарылай турганды үйрөнүп калды. Анан эми бир эле мамлекет, эл карайт дебей, ар бир адамдын жоопкерчилигин катуу коюш керек. Ар ким өзүнөн көрүп, баарыбыз сак болушубуз зарыл.

... Эрежени бузгандарга катуу чараларды колдонуш керек. Мен өкмөт башчыга да айттым, бардык органдарга айтып жатам, буюрса, муну колго алабыз", - деген ал.

Кыргызстанда соңку күндөрү дүйнөнүн башка өлкөлөрү сыяктуу эле коронавирустан ооругандар менен каза тапкандар кездеше баштады. Кечээ бул вирус Баткен менен Бишкек шаарында көп катталып, Ысык-Көлдө бир адам көз жумду. Кыргызстанда аталган вируска баш-аягы 47 184 адам кабылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0