Ата катары түшүнөм. Жээнбеков 6-класска чейинки балдардын мектепке барышы тууралуу

Жазылуу
Мамлекет башчы ата-энелер менен мугалимдерди бардык эреже жана нормаларды сактоо менен балдарга кам көрүүнү мурдагыдан дагы күчөтүүгө чакырган.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн 1-класстан 6-класска чейинки окуучуларды жалпы билим берүү мекемелеринде салттуу түрдө окутуу чечими тууралуу оюн айтты.

"Ата катары, жаран катары түшүнүп турам. Ата-энелер менен мугалимдер ушул башталгыч класстардын окуучуларын окутууда көбүрөөк түйшүк тартып, кыйналып жатышат. Ошондуктан 6-класска чейинки балдарыбыз мектепке барсын деген өкмөттүн чечимин, сунушун колдоп бердик", — деген Жээнбеков.

Бирок ал илдет коркунучу толук жок боло электиги кооптондуруп жатканын айткан.

Топко бөлүнбөйт, сабактар толук өтүлөт. 1-6-класстын окуусу боюнча 6 суроого жооп

"Баткенде көбөйдү, кээ бир райондордо көбөйүп жатат. Коркунуч бар. Ошондуктан балдарыбыз үчүн жоопкерчиликти бардыгыбыз тең, ата-энелер дагы, мугалимдер дагы ала турган учур келди. Балдарыбыз бала да. Бала кээде унутуп коёт, ойнойт. Биздей жоопкерчиликтүү мамиле кыла алышпайт. Ошон үчүн балдарыбызга дагы санитардык эрежелерди үйрөтүшүбүз керек", — деген президент.

Эске сала кетсек, ушул жумада өкмөт 6-октябрдан тарта 1-класстан 6-класска чейинки окуучуларды жалпы билим берүү мекемелеринде салттуу түрдө окутууну чечкен. Ага чейин 1-класстар гана мектепке барып жаткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0