Чалуу бекер. Салык кызматынын Call-борбору жаңы 116 номерине өттү

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик салык кызматынын имараты. Архив
Мамлекеттик салык кызматынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Call-борбордун мурдагы номерине уюлдук телефондон чалуу кыйынчылык жаратканы айтылды. Себеби жарандар ал үчүн акы төлөчү.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматынын Call-борбору мурдагы 1240 номеринин ордуна жаңы 116 номерине өттү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Жаңы номердин артыкчылыгы — эми ага чалуу "Кыргызтелеком" ААКтын абоненттери үчүн гана эмес, мобилдик телефондордон да акысыз болмокчу.

Мыйзам бузуулар болсо чалгыла! Добуш берүү күнү өкмөттө call-борбор иштейт

"Мурда мобилдик телефондон Call-борборго чалуу уюлдук операторлордун тарифтик планына ылайык төлөнгөн. Чөнтөк телефон аркылуу салык боюнча консультация алууну каалаган жарандарга мындай акы төлөнүүчү кызмат кыйынчылыктарды жаратып келген. Мындан ары жарандар Салык кызматынын ишмердүүлүгү сыяктуу бардык кызыктырган суроолор боюнча 116 кыска номерине эркин чала алышат", — деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттик салык кызматынын Call-борборунун негизги максаты — салык органынын мыйзам ченемдерин түшүндүрүү, Салык кызматынын ишмердиги жөнүндө ар кандай маалыматтарды ыкчам берүү, ошондой эле салык салуу чөйрөсүндөгү маселелер боюнча салык төлөөчүлөрдүн салыктык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча кызмат көрсөтүү болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0