Канча кыргызстандык жаран шайлоо участкаларынан сырткары добуш берди

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOАял добуш берип жатат
Аял добуш берип жатат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда ушул тапта 2 430 шайлоо участкасы ачылган, дагы 45 жай чет жактарда иштеп жатат. Кечээ, 3-октябрда, бир катар аймактарда мөөнөтүнөн мурда добуш берүү жүргөн.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. 24 472 кыргызстандык жаран 3-октябрь күнү шайлоо участкаларынан сырткары мөөнөтүнөн мурда добуш берди. Бул тууралуу брифингде БШКнын башчысынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымында, мындай жол менен шайлоо боюнча 29 330 жаран арыз берген.

"Кайрылгандардан 4 448 кыргызстандык ар кандай себептер менен добуш бере албай калышты. Айрымдары паспорту жок болуп калган же өздүгүн аныктаган документи болгону менен анын мөөнөтү өтүп кеткен", — деди Бекматов.

Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо башталды

Бүгүн Кыргызстанда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо өтүп жатат. Өлкө ичинде 2 430 шайлоо участкасы ачылган, анын 45и чет өлкөлөрдө иштеп жатат. Парламенттеги 120 депутаттык мандат үчүн 16 саясий партия ат салышууда. Ушу тапта өлкө аймагында болуп жаткан бардык окуялар тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляцисынан окуңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0