Өткөн суткада 244 кишиден коронавирус табылды

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкерлер иш учурунда
Медициналык кызматкерлер иш учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ 14 медиктен COVID-19 илдети аныкталган. Анын ичинен экөө Бишкекте, үчөө Ош облусунда, экөө Жалал-Абадда, жетөө Баткен облусунда.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирустан 140 бейтап айыкса, 244 киши оору илештирип алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов брифинг учурунда билдирди.

Айыккандар:

  • Бишкек – 9;
  • Ош шаары – 25;
  • Чүй облусу – 4;
  • Ош облусу – 43;
  • Нарын облусу – 11;
  • Талас облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 4;
  • Жалал-Абад облусу – 17;
  • Баткен облусу – 25.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 26;
  • Ош – 25;
  • Чүй облусу – 8;
  • Ош облусу – 62;
  • Талас облусу – 2;
  • Нарын облусу – 3;
  • Ысык-Көл облусу – 6;
  • Жалал-Абад облусу – 79;
  • Баткен облусу – 33.

Жалпысынан алганда өлкө боюнча 47 428 адамдан коронавирус табылды. Андан 43 418 киши дартты жеңсе, тилекке каршы, 1 066 адам коронавирустан көз жумган.

Өкмөт: түштүк жергесиндеги эпидемиологиялык абал боюнча иликтөө жүргүзүлөт

Азыркы тапта 1 078 бейтап стационарларда, ал эми 1 411 киши амбулатордук шартта дарыланып жатканы маалым болду.

Өткөн суткада 14 медиктен COVID-19 илдети аныкталган. Анын ичинен экөө Бишкекте, үчөө Ош облусунда, экөө Жалал-Абадда, жетөө Баткен облусунда. Ошол эле учурда 11 ак халатчан ооруну жеңип, үйлөрүнө чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0