Мэр Бишкека Азиз Суракматов на избирательном участке во время выборов в Парламент-2020

Бишкек жана Оштун мэрлери Суракматов менен Сарыбашов добуш берди. Сүрөт

52
(жаңыланган 12:35 04.10.2020)
Калаа башчылары жашоочуларды добуш берүүгө активдүү катышууга чакырган. Бишкекте 233 шайлоо участкасы, ал эми Ошто 86 шайлоочу жай бар.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Республикалык маанидеги Бишкек жана Ош шаарларынын башчылары Азиз Суракматов менен Таалайбек Сарыбашов добуш берди. Бул тууралуу мэриялардын маалымат кызматтары кабарлады.

  • Мэр Бишкека Азиз Суракматов на избирательном участке во время выборов в Парламент-2020
    Республикалык маанидеги Бишкек жана Ош шаарларынын башчылары Азиз Суракматов менен Таалайбек Сарыбашов добуш берди
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Мэр Бишкека Азиз Суракматов на избирательном участке во время выборов в Парламент-2020
    Борбор калаа мэри Суракматов Москва көчөсүндөгү Шубин атындагы музыкалык окуу жайдагы № 1215 шайлоо участкасында добуш берген
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Мэр Бишкека Азиз Суракматов на избирательном участке во время выборов в Парламент-2020
    Ал түзүлө турчу парламент алдыңкы беш жылда өлкө тагдырына ар тараптан жооптуу экендигин айтып, бардык кыргызстандыктарды добуш берүүгө чакырган
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Мэр Оша Таалайбек Сарыбашов на избирательном участке во время выборов в Парламент-2020
    Ал эми Ош шаарынын мэри Сарыбашов № 5555 шайлоо участкасында жарандык милдетин аткарды
    © Фото / пресс-служба мэрии Оша
  • Мэр Оша Таалайбек Сарыбашов на избирательном участке во время выборов в Парламент-2020
    Шаар башчысы өлкө тагдырын чечүүчү парламенттик шайлоого жарандардын активдүү катышып жаткандыгын белгилеген
    © Фото / пресс-служба мэрии Оша
  • Мэр Оша Таалайбек Сарыбашов на избирательном участке во время выборов в Парламент-2020
    Ош шаары боюнча жалпысынан 86 шайлоо участкасында 179 миңден ашуун шайлоочу бар
    © Фото / пресс-служба мэрии Оша
  • Мэр Оша Таалайбек Сарыбашов на избирательном участке во время выборов в Парламент-2020
    Ал эми Бишкек боюнча жалпысынан 233 шайлоо участкасында 497 692 шайлоочу бар.
    © Фото / пресс-служба мэрии Оша
1 / 7
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Республикалык маанидеги Бишкек жана Ош шаарларынын башчылары Азиз Суракматов менен Таалайбек Сарыбашов добуш берди

Борбор калаа мэри Суракматов Москва көчөсүндөгү Шубин атындагы музыкалык окуу жайдагы № 1215 шайлоо участкасында добуш берген.

Ал түзүлө турчу парламент алдыңкы беш жылда өлкө тагдырына ар тараптан жооптуу экендигин айтып, бардык кыргызстандыктарды добуш берүүгө чакырган.

Премьер-министр Кубатбек Боронов добуш берди. Сүрөттөр

Ал эми Ош шаарынын мэри Сарыбашов № 5555 шайлоо участкасында жарандык милдетин аткарды.

Шаар башчысы өлкө тагдырын чечүүчү парламенттик шайлоого жарандардын активдүү катышып жаткандыгын белгилеген.

"Шайлоочуларды кайдыгер карабай, жүрөккө жакын, мамлекеттин келечегине, өсүп-өнүгүшүнө салым кошот деген талапкерлери бар партияга добуш берип, жарандык милдетин аткарууга чакырам", — деген калаа жетекчиси.

Ош шаары боюнча жалпысынан 86 шайлоо участкасында 179 миңден ашуун шайлоочу бар. Ал эми Бишкек боюнча жалпысынан 233 шайлоо участкасында 497 692 шайлоочу бар.

52
Белгилер:
мэр, добуш берүү, шайлоо, Таалайбек Сарыбашев, Азиз Суракматов, Ош, Бишкек
Тема:
Шайлоо-2020 (252)
Тема боюнча
Жээнбеков шайлоо участкасында кантип добуш берди. Видео
Министр Айдарбеков чет жактагы кыргызстандыктар качан добуш берип бүтөрүн айтты
Кыз парктта кол чатыр менен бара жатат. Архив

Жумага карата аба ырайы

44
23-октябрга караган түнү кээ бир өрөөндөрдө жана тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Жума күнү, 23-октябрда, көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондорго кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй, Талас өрөөндөрүндө, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы мүмкүн. Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +3…+8 градус, Таласта +2…+7 градус, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +5…+10 градус, Ысык-Көл жана Нарын аймактарында 0…+5 градус болору айтылды.

Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, борбор калаада карга айланышы ыктымал. Күндүн табы Бишкекте +6…+8 градус, Ош шаарында +13…+15 градуска чейин жетет.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

44
Белгилер:
Кыргызстан, октябрь, аба ырайы
Тема боюнча
Жалал-Абад облусунун аймагында кайрадан жер титиреди
Митингтен кийин ак үйдүн абалы. Архив

Депутат: Ак үйдү калыбына келтирүүгө 400 млн. сом керек

127
(жаңыланган 18:34 22.10.2020)
Эске салсак, 6-октябрга караган түнү митингге чыккан эл Ак үйдү басып алган. Эртең менен имараттын үстүңкү кабаты алоолонуп өрттөнгөн.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин имаратын калыбына келтирүү үчүн 400 миллион сомго жакын каражат керек. Бул тууралуу парламенттин бюджет жана финансы комитетинин мүчөсү Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, 2010-жылдагы окуялардан кийин Ак үйдүн ремонтуна 380 миллион сом сарпталган, бирок андан бери баалар өсүп кетти.

Капталы жалбырттап, чатырынан түтүн уюлгуп. Ак үйдөн чыккан өрттүн видеосу

Эске салсак, 6-октябрга караган түнү митингге чыккан эл Ак үйдү басып алган. Эртең менен эрте имараттын чыгыш тарабынан өрт чыккан.

Белгилей кетсек, ЖКнын имаратында парламент, президенттин аппараты жана президент өзү иштейт.

127
Белгилер:
оңдоо, имарат, Ак үй
Тема боюнча
Башаламандыктан кийинки Ак үйдүн 7-кабаты. Видео

Жапаров премьерге кеңешчи болгонун айтса, Бакиров какшыктап күлкүгө салды. Видео

0
Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров өкмөт башчыга кеңешчи болгонун уккан вице-спикер Мирлан Бакиров аны какшыктап, депутаттарды күлкүгө салды.

Парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдырууну демилгелеген депутат Акылбек Жапаров мыйзам долбоорун тааныштырып жатып, премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровго кеңешчи болгонун айтты.

Андан соң Мирлан Бакиров аны бул кызматка барышы менен куттуктады.

Депутаттар кийинки парламенттик шайлоого чейин маяна албай иштей турган болушту

Буга Жапаров коомдук башталыштагы кеңешчи экенин, ал жактан акча албай турганын белгиледи.

Бакиров андан ары сөзүн улап, ал мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге дагы кеңешчи болгонун эскертти.

“Абылгазиев менин кеңешимди укканда отставкага кетмек эмес жана президент үч жылда ыйгарым укуктарын тапшырмак эмес. Азыркы премьер угам деп жатат, ошол үчүн бардым”, — деп жооп кайтарды Жапаров.

Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеште парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу мыйзамы кабыл алынды. Ага ылайык, кийинки шайлоо 2021-жылдын 1-июнуна чейин уюштурулушу керек.

0
Белгилер:
күлкү, депутат, Акылбек Жапаров, Мирлан Бакиров
Тема боюнча
Сулайманов: толкуган жаштар 120 депутатты да кошуп кууса болмок экен
Тилинен көп жаңылган "элита". Азыркы депутаттарды унуттурбай турган 10 факты
"Тукумдан кыр издебегиле". Бакиров кызыл чеке болгон депутаттарды күлкүгө салды