Шайлдабекова: биринчи жолу шайлоого катышкан жарандарга сюрприз даярдап койдук

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаБорбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл 18 жашка толгон 67 миңден ашык жаран биринчи ирет шайлоого катышып, өзү тандаган партиясына добуш бере алат.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Быйыл добуш берүү укугуна ээ болуп, шайлоого катышып жаткан 18 жаштагы жарандарга сюрприз даярдадык. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, быйыл 18 жашка толгон 67 миңден ашык жаран биринчи ирет шайлоого катышууда. Аларга БШК Кыргыз Республикасынын Конституциясы жазылган китеп белек кылып жатканын белгиледи.

Кыргызстанда парламенттик шайлоого быйыл 3 миллион 523 миң 554 шайлоочу катыша алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0