БШК: түштөн кийин добуш сатып алуу боюнча арыздангандар көбөйдү

© Sputnik / Табылды КадырбековШайлоо участогунда добуш берип жаткан жаран
Шайлоо участогунда добуш берип жаткан жаран - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саат 17.00гө карата 79 мыйзам бузуу боюнча БШКга кайрылуу түшкөн. Анын ичинен добуш сатып алуу боюнча алты факты катталды.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Соңку мүнөттөрдө добуш сатып алуу боюнча арыздангандар көбөйдү. Бул тууралуу БШКнын ыкчам чара көрүү координациялык тобунун мүчөсү Тынчтык Шайназаров билдирди.

Анын айтымында, саат 17.00гө карата мыйзам бузуу боюнча БШКга 79 кайрылуу түшкөн.

"Азыр добуш сатып алуу боюнча арыздангандар көбөйдү. Бул боюнча алты факты катталды. Ошондой эле шайлоочуларды массалык түрдө ташуу, урна жана эсептөөчү аппараттардын иштебей калганы боюнча маселе жаралганын кабарлашууда", — деди Шайназаров.

Ал ошондой эле эгер добуш сатып алуу фактылары аныктала турган болсо, жооптуу партия шайлоодон четтетилерин билдирди.

Ал эми ИИМдин Тергөө кызматынын начальниги Султан Макилов Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 15 факты катталганын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0