Добуш берүүгө чогулган Москвадагы мекендештер. Узун кезектин видеосу

© Фото / пресс-служба посольства КР в РоссииКыргызстандын Москвадагы элчилигинин алдында добуш берүүгө кезекте турган адамдар
Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин алдында добуш берүүгө кезекте турган адамдар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Интернетте Москвадагы Большая Ордынка көчөсүндө жайгашкан элчиликтин имаратынын алдында топтошкон кыргызстандыктардын видеосу пайда болгон.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин алдында добуш бере турчу мекендештердин узун кезеги жаралды. Бул тууралуу күбөлөр кабарлады.

Интернетте Москвадагы Большая Ордынка көчөсүндө жайгашкан элчиликтин имаратынын алдында топтошкон кыргызстандыктардын видеосу пайда болду.

Чет өлкөдөгү шайлоочулардын айтымында, добуш берүү үчүн имарат алдында миңдей киши чогулган.

Белгилей кетсек, элчиликтин аймагында № 9001, 9005 жана 9015 болуп үч шайлоо участогу ачылган. 16:00гө карата чет өлкөдө жүргөн мекендештердин ичинен жалпы 16,2 пайызы, башкача айтканда, 5 283 кыргызстандык добуш берген.

Белгилей кетсек, бүгүн, 4-октябрда, Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0