Ак кула ипподрому. Архив

Катышкыла! "Ак кула" ипподромунун долбооруна кайрадан тендер жарыяланды

54
Өткөн айдын этегинде арыздар каралып, бирок катышуучулар жок болгонуна байланыштуу тендер өткөрүлгөн жок деп табылган.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Мэрия Бишкектеги "Ак кула" жаңы ат майданынын долбоорун иштеп чыгууга кайрадан тендер жарыялады. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

Эске сала кетсек, 7-сентябрда мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгы мамлекеттик сатып алуулар сайтында жаңы ипподром боюнча тендер жарыяланган.

29-сентябрда арыздар каралып, бирок катышуучулар жок болгонуна байланыштуу мыйзам боюнча тендер өткөрүлгөн жок деп табылган.

Капиталдык курулуш башкармалыгы квалификациялык талаптарды карап чыгуу менен кайрадан сынак жарыялады. Тендердик табыштамалар 23-октябрда ачылат. Конкурска архитектор, дизайнер, конструктор, долбоорлочулар жана башкалар катышса болот.

Азыркы ипподром 1947-жылы салынган. Ал спорттук ат оюндары өткөн бирден бир ири аянтча болгон. Долбоордун автору беларустук архитектор Владимир Нусов.

Сентябрдын башында ипподромдун имаратынын начар акыбалынан улам республикалык маанидеги тарыхый архитектуралык эстелик макамы алынып, аны түрттүрүү боюнча чечим кабыл алынган болчу.

54
Белгилер:
тендер, долбоорлор, Бишкек мэриясы, ипподром, Бишкек
Тема боюнча
Бишкек: түрттүрүлө турган легендарлуу "Ак куланын" азыркы көрүнүшү. Видео
Түрттүрүлүп, кайра курулат. "Ак кула" ипподромунун долбооруна тендер жарыяланды
Бишкек мэриясынын алдындагы митинг

Бишкек мэриясынын алдында кайрадан митинг. Сүрөт

2
Нааразы болгондор жаңы мэр дайындалмайын, күнүгө саат 12:00дө митингге чыга тургандыктарын айтышты.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Бишкек мэриясынын алдында кайрадан митинг болуп, шаар бышчылыгына жаңы жетекчини дайындоону президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдон талап кылып жатышат.

  • Митингующие у здания мэрии Бишкека, где требуют отставки и.о. мэра Наримана Тюлеева.
    Бишкек мэриясынын алдында кайрадан митинг болуп, шаар бышчылыгына жаңы жетекчини дайындоону президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдон талап кылып жатышат
    © Sputnik / Эркин Садыков
  • Митингующие у здания мэрии Бишкека, где требуют отставки и.о. мэра Наримана Тюлеева.
    Нааразы болгондор жаңы мэр дайындаламайын, күнүгө саат 12:00дө митингге чыга тургандыктарын айтышты.
    © Sputnik / Эркин Садыков
1 / 2
© Sputnik / Эркин Садыков
Бишкек мэриясынын алдында кайрадан митинг болуп, шаар бышчылыгына жаңы жетекчини дайындоону президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдон талап кылып жатышат
"Бул кишилер 30 жыл ичинде натыйжалуу башкара албагандыгын көрсөткөн, эми кайрадан бийликке келип жатышат. Эски саясатчылардын кайрадан кызматка келүүгө моралдык укугу жок", — деген митингдин катышуучусунун бири.

Алардын бир бөлүгү тарай баштады.

Нааразы болгондор жаңы мэр дайындаламайын, күнүгө саат 12:00дө митингге чыга тургандыктарын айтышты.

Эске салсак, Нариман Түлеев өзүнүн биринчи вице-мэр жана мэрдин милдетин аткаруучулуктан кетүү боюнча жазган арызын кайтарып алып, кызматка кайтып келген.

21-октябрда Бишкек шаардык мэриясынын алдына Түлеевдин калаа башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалышын мыйзамсыз деп эсептегендер митингге чыгып, анын тарапташтары менен чатакташа кеткен. Эртеси Түлеев мэрдин милдетин аткаруудан да, вице-мэрликтен да баш тартып арыз жазган.

2
Белгилер:
митинг, Бишкек мэриясы, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Нариман Түлеев Бишкек мэринин милдетин аткаруучулукка кайтып келди
Ресторан. Архив

Министр: той-аштарга чектөө кайра күчөтүлүшү мүмкүн

38
(жаңыланган 12:35 26.10.2020)
Министр оору жуктургандардын саны күндөн-күнгө өсө баштаганын айтты. Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирус 420 кишиден аныкталып, жуктургандардын жалпы саны 56 170ке жетти.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Той-аштарга киргизилген чектөөнү күчөтүш керек. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, коронавирус жуктургандардын саны күндөн-күнгө өсө баштады.

"Саламаттык сактоо министрлиги тойлорду, массалык иш-чараларды токтотуу боюнча өкмөткө сунуш киргизип жатат. Министрлик чектөө киргизүүдө өз алдынча токтом кабыл ала албайт. Бүгүн бул маселени биринчи вице-премьер менен дагы талкуулайбыз. Эгер алар сунушубузду кабыл алса, анда той-аштарга чектөө мурдагыдан да күчөйт. Билсеңиздер, тойлорго чектөө коюлган токтом мурда эле чыккан. Бирок аны аткарган адам жок, ошону күчөтүү зарыл", — деди министр.

Өткөн суткада 420 киши коронавирус жуктурса, 227 бейтап айыкты

Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирус 420 кишиден аныкталып, жуктургандардын жалпы саны 56 170ке жетти.

38
Белгилер:
министр, чектөө, той, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
COVID-19га кабылгандар кайсы ооруканага кайрыла алат? Бишкектеги бош орундар
COVID: Кызыл Ай коомунун Бишкектеги ыктыярчылар бригадасы ишке киришти