БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Нарын шаарында ЖК шайлоосунун жыйынтыгына нааразы болгондор митингге чыкты.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысынын айтымында, акцияга 100дөй киши чогулду. Арасында партия өкүлдөрү дагы бар. Митингдин катышуучулары добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныбай турганын айтышууда.
Төрт партиянын өкүлдөрү "Ала-Тоо" аянтына жөнөштү. Сүрөт, видео
Белгилей кетсек, парламенттик шайлоо таза өтпөгөндүгүн билдирип бир катар партиялар Бишкек шаарында дагы митингге чыгышты. Ал жакта эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуңуздар.
Ошондой эле Таласта дагы нааразычылык акциялары башталды.
Соңку эки жылда өлкөдө шишик дерматити (нодулярдык дерматит) деген ылаң катталып, быйыл ага каршы вакцина сайыла баштады. Бул тууралуу Дайыркул Саткынов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бул эмдөө мал ээлеринин эсебинен жүргүзүлүүдө.
"Быйылкы жазда шишик дерматитине каршы эмдөө жасалууда. Бул ылаң мурда өлкөдө жок болчу. Соңку эки жылда кездеше баштады. Ал чымын-чиркей аркылуу тарайт. Бул оору Казакстандын ысык аймактарынан келди. Ошондуктан буга каршы эмдөө эки жылдан бери жүргүзүлүп келет. Бирок бул эмдөө мал ээсинин эсебинен жасалууда. Себеби кара сан, шишик дерматити, котур, сайгак, окура ылаңдарына каршы эмдөө мамлекет тарабынан каржыланбайт. Негизинен өкмөттүн 2006-жылдагы токтомуна ылайык, 22 ооруга каршы эмдөө мамлекет тарабынан каржылана турганы айтылган. Учурда шарп, бруцеллез, кыргын, күл ылаң сыяктуу жалпы тогуз гана илдетке каршы вакцина республикалык бюджеттен каржыланууда. Бюджеттин кудурети ошого гана жетүүдө", — деди Саткынов.
Ошондой эле ал бекер берилген вакциналарды сайган ветеринардын кызмат акысын мал ээлери төлөй турганын кошумчалады.
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Россиянын А. А. Смородинцев атындагы грипптин илимий-изилдөө институтунун кызматкерлери (Саламаттык сактоо министрлиги негиздеген) коронавируска каршы дагы бир вакцина чыгаруунун үстүндө иштеп жатышат. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Ал эми институттун жетекчиси Дмитрий Лиознов клиникалык тажрыйбалар күзүндө башталып, келерки жылдын кыш-жаз айларында колдонууга чыгарылышы мүмкүн экенин белгилеген.
Россияда 2020-жылдын август айында дүйнөдө биринчилерден болуп "Спутник V" вакцинасы каттоодон өткөн. Кийин "ЭпиВакКорона" жана "КовиВак" чыккан.
Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулган квалификациялык Азия мелдешинде бардык атаандашын 10 упай айырмасында утуп, чемпион болду. Айлампа системасы менен өткөн жарыштын төртүнчү бөлүгүндө монгол балбаны Бурмаа Очибатты утууга болгону бир жарым мүнөт керектелди.
Экинчи айлампада болсо өзбекстандык Шахрибону Эллиеваны 10:0 менен жеңип алды. Бул үчүн кыргыз кызына 50 гана секунда жетиштүү болду.
Ал эми эң биринчи беттешинде Медет кызы кореялык спортчу Соён Чон менен кармашып, адегенде бир упай алдырган. Кийин эки жарым мүнөттө эсепти 12:1ге айландырып салды.
Мелдеш Казакстандын Алматы шаарында өттү.
68 килограмм салмакта күч сынашкан Мээрим Жуманазарова финалда кытайлык Фэн Чжоу менен таймашып, упай айырмасында жеңилип, күмүш медаль тагынды.
Ал эми 57 килограммда күрөшкөн Назира Марсбек кызы эки жолу удаасы менен жеңилип, байгелүү орун үчүн таймашуу укугунан четтеп калды.