ишкекте милиция өкмөт үйүнүн жанындагы скверден орун алды

Өкмөт үйүнүн жанындагы скверге спецназ келип түштү. Видео

1004
(жаңыланган 16:19 05.10.2020)
Ушул тапта борбор калаадагы "Ала-Тоо" аянтына чогулгандар 4-октябрь күнү өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтып, адилеттүүлүктү талап кылууда.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Бишкекте милиция өкмөт үйүнүн жанындагы скверден орун алды. Бул тууралуу жеринен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирди.

"Абдымомунов көчөсүндө эки автобус токтоп турат. Айланадагы отургучтарда милиция кызматкерлери отурат", — деди кабарчы.

Ушул тапта борбор калаадагы "Ала-Тоо" аянтында митинг өтүп жатат. Буга чейин ал жерде "Мекен ынтымагы", "Ыйман нуру", "Чоң казат" сыяктуу партиялар нааразычылык акциясына чыккан эле. Кийин аларга "Ата Мекен", "Республика", "Замандаш" жана "Бир бол" партияларынын өкүлдөрү келип кошулду. Алар 4-октябрь күнү өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтып, адилеттүүлүктү талап кылууда.

Шайлоодон кийинки абал тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан окуй аласыздар.

 

1004
Белгилер:
нааразычылык акциясы, биригүү, шайлоо, Кыргызстан
Тема:
Шайлоо-2020 (248)
Тема боюнча
Таласта дагы митинг башталды. Сүрөт
Элвира Сурабалдиева митингде милицияны эл менен болууга чакырды
Нарындыктар да шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп митингге чыгышты. Сүрөт
Ноутбукта иштеп жаткан аял. Архив

Россияда аралыктан иштесе да эң көп маяна төлөнө турчу кесиптер аталды

0
Веб-дизайнер жана программисттер үйүнөн отуруп иштесе да кеминде 100 миң рубль алары аныкталган.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Россияда аралыктан иштөөгө ылайыкталган кесиптердин ичинен 1С боюнча программист-аналитиктер эң көп маяна алары белгилүү болду. Мындай кесиптин ээлери айына 270 миң рублге чейин табышат. Бул тууралуу РИА Новости Работа.ру порталынын иликтөөсүнө таянуу менен жазды.

Аталган суммадагы эмгек акы иш тажрыйбасы төрт жылдан кем эмес, маалыматтар базасын башкаруу системасы менен иштей алган, 1С конфигурациясынын жок дегенде бир түрүн билген кызматкерге төлөнөт.

Ал эми сырткы-экономикалык ишмердүүлүк боюнча долбоорлордо иштеген менеджерлерге 200 миң рублдан жогору сунушталат. Бул үчүн тажрыйбасы беш жылдан жогору, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн чет тилди билүүсү шарт.

Сберавто компаниясы Backend иштеп чыгуучуларга үйдө отуруп иштесе да айына 180 миң рубль маяна берет. Жумушка аларда үч жылдан кем эмес тажрыйбасына, Golang программалоо тилин билгенине жана Docker, Kubernetes программаларын колдоно аларына маани берет.

Forbes Конор Макгрегордун жылдык кирешесин жарыялады

Эки жылдык тажрыйбасы бар HTML5 жана CSS3 системасын билген Html-макет дизайнери (Senior) айына 140 миң рубль таба алат.

Ошондой эле веб-дизайн жасоону үйрөтүү курсунда иштеген мугалимдерге 100 миң рубль төлөп беришет.

0
Белгилер:
жумуш, программа, Россия, маяна
Тема боюнча
Россиялыктар 64 млн. рубль маянага дем алышсыз иштөөгө даяр
Жумушсуз жүргөндөр министрликтин сайтына катталып, иш тапса болот
Катуу суукта бараткан беткапчан аял. Архивдик сүрөт

Академик: COVID-19 катуу суук түшкөндө басаңдайт

16
Адистин айтымында, коронавирус аба аркылуу жуккан башка илдеттер сыяктуу эле жыл мезгилинен көз каранды. Жаан-чачын башталып, нымдуу учурда көбөйүп, күн катуу сууктаганда басаңдайт.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. COVID-19 кыш келип, күндүн суукташы менен басаңдайт. Бул тууралуу Россиянын Илимдер академиясынын академиги, профессор Михаил Пальцев "Известия" басылмасына билдирди.

"Коронавирус аба аркылуу жуккан башка илдеттер сыяктуу эле жыл мезгилинен көз каранды. Жаан-чачын башталып, нымдуу учурда көбөйүп, күн катуу сууктаганда басаңдайт. Келерки жазда дагы бир жайылып барып анан жоголот деп божомолдоп жатабыз. Бирок жазда азыркыдай күчтүү болбойт", — деди Пальцев.

Адис учурда коронавирус өтө күчөп турган чагы экенин эске салып, бет кап тагынуу, аралыкты сактоо, иммунитетти бекемдөө сыяктуу эрежелерди сактоого чакырат.

16
Белгилер:
адистер, прогноз, кыш, коронавирус
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Ооруган балдар көбөйүүдө. Бишкекте окуучулар I чейректи онлайн окуп бүтүрөт