Ала-Тоо аянтында митинг

ИИМ митингчилерди тарап кетүүгө чакырып, эскертүү берди

170
(жаңыланган 20:06 05.10.2020)
Эгер жарандардын саламаттыгына коркунуч жаралса, жоопкерчилик партия лидерлери менен активдүү мүчөлөрүнүн мойнуна илинери эскертилди.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. "Ала-Тоо" аянтында митингге катышып жаткандардын арасында ичимдик ичип алгандар болгондуктан акциянын катышуучуларын тарап кетүүгө чакырабыз. Мындай билдирүүнү ИИМ таратты.

"Митингчилердин арасында ичимдик ичип алып, коомдук тартипти бузууну каалагандар болуп жатат. Эскерте кетели, эгер жарандардын саламаттыгына коркунуч жаралса, жоопкерчилик партия лидерлери менен активдүү мүчөлөрүнүн мойнуна илинет", — дешти милициядан.

Эске салсак, бүгүн түшкө чейин "Ала-Тоо" аянтында акырындан эл топтолуп, түштөн кийин шайлоодон утулуп калган сегиз партиянын башын бириктирген ири митингге айланган. Алар 4-октябрь күнү өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтып, адилеттүүлүктү талап кылууда.

Телефондун жарыгын бир учурда күйгүзгөн "Ала-Тоодогу" митингчилердин сүрөтү

Кечке маал аянтта элдин саны көбөйүп, бир ирет жолду жабууга аракет болгону маалымдалды. Өкмөт үйүнө жакын жерде укук коргоо органдарынын кызматкерлери турушат. Ошондой эле Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун жанына Ички иштер министрлигинин атайын техникасы токтотулду.

170
Белгилер:
тартип, ИИМ, митинг, Бишкек, Кыргызстан
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (463)
Тема боюнча
Бишкектеги миңдеген адам катышкан митингдин асмандан көрүнүшү
Бишкекте көпчүлүк соода борборлору менен дүкөндөр жабылды
Митингге карабай кезметин алмаштырып, башкы тууну кайтарган Ардак кароол. Видео
Киши өзүн соккудан коргоп жатат. Архив

Араванда милиционерди себепсиз уруп жиберди делген киши кармалды

4
Милиционердин жаракатын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Кылмышка шектүү 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Оштун Араван районунда милиция кызматкерине кол көтөргөнгө шектүү делген адам кармалды. Бул тууралуу Sputnik агенттигине облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Окуя 23-октябрь күнү саат 17:20лар чамасында Юсупов айыл аймагында болгон.

"ИИМдин Күзөт кызматынын Аравандагы бөлүгүнүн милиционери, 24 жаштагы кенже сержант кызматтан кийин табелдик ок атуучу куралын тапшырып, үйүнө бара жаткан. Ошол учурда жергиликтүү 37 жаштагы Э.Д. аттуу тургун милиция кызматкерин оозго алгыс сөздөр менен тилдеп, эч себепсиз эле бетке жана моюн тарабына уруп жиберген", — деп айтылат маалыматта.

Оштон автоунаа айдай качкан жаранды Токтогулдун инспектору кууп жүрүп кармады

Милиционердин жаракатын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Ага кол көтөргөн киши иштебейт, буга чейин эки ирет "Ээнбаштык" беренеси боюнча соттолгон.

Факты Араван РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып, текшерүү иштери жүрүп жатат. Шектүү 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

4
Белгилер:
сабоо, милиция, Араван району, Ош
Тема боюнча
Оштогу окуя: шектүүнүн өлүмүнөн соң подполковник менен үч капитан иштен кетти
Киши автоунааны айдап бара жатат. Архив

Бишкекте айдоочу милицияга ойдон чыгарылган комитеттин документин көрсөткөн. Сүрөт

26
(жаңыланган 17:18 25.10.2020)
Кайгуул кызматынын милиционерлери Toyota Camry үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан. Документтерди текшерүү учурунда 27 жаштагы киши өзүн кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинде иштей турганын айтып, күбөлүгүн көрсөткөн.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Өзүн кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинде иштейм деп тааныштырган айдоочу жасалма документ менен кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

  • Поддельное удостоверение, которое водитель предъявил сотрудникам милиции. 25 октября 2020 года
    Өзүн "кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинде иштейм" деп тааныштырган айдоочу жасалма документ менен кармалды
    © Фото / пресс-служба УПСМ Бишкека
  • Водитель предъявивший патрульным милиционерам поддельное удостоверение при остановке его машины в Бишкеке. 25 октября 2020 года
    Билдирмеге ылайык, окуя 25-октябрга караган түнү болжол менен саат 01:40тар чамасында Чүй жана Манас проспектилеринин кесилишинде болгон
    © Фото / пресс-служба УПСМ Бишкека
1 / 2
© Фото / пресс-служба УПСМ Бишкека
Өзүн "кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинде иштейм" деп тааныштырган айдоочу жасалма документ менен кармалды

Билдирмеге ылайык, окуя 25-октябрга караган түнү болжол менен саат 01:40тар чамасында Чүй жана Манас проспектилеринин кесилишинде болгон.

"Кайгуул кызматынын милиционерлери Toyota Camry үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан. Айдоочунун документтерин текшерүү учурунда 27 жаштагы киши кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинде иштей турганын айтып, күбөлүгүн көрсөткөн. Анын автоунааны мас абалында башкарып бара жатканы да аныкталган", — деп айтылат маалыматта.

Териштире келгенде КРде андай комитет жок экени маалым болгон.

Аталган факты Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 359-беренеси ("Жасалма документ") боюнча иш козголуп, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Иши жеңилдеди. Патрулдук милиция айдоочуларды эми планшет менен текшерет

Ал эми автоунаа убактылуу токтотуучу жайга киргизилген. Айдоочунун жасалма документ боюнча иши Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүп берилди.

26
Белгилер:
Жол кайгуул кызматы, милиция, айдоочу, документ, жасалма
Тема боюнча
Портер талкаланып, айдоочусу жабыркаган. Оштогу үрөй учурган кырсыктын видеосу
Кара-Суу: унаадан чыккан өрт эки кичинекей баланын өмүрүн алды