Милиция менен митингчилердин кагылышуусу

Милиция менен митингчилердин кагылышуусу уланууда. Сүрөттөр

303
(жаңыланган 22:57 05.10.2020)
Митингге чыккандар Ак үйгө кирүүгө аракет жасагандыктан милиция кулак тундуруучу каражаттарды жардырып, көздөн жаш агызуучу газ менен сүрүп чыгарган.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Бүгүн түшкө чейин "Ала-Тоо" аянтына парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чогулган миңдеген элди милиция кызматкерлери күч менен кууп таратууда.

  • Беспорядки после разгона митингующих, недовольных результатами выборов в Жогорку Кенеш
    Бүгүн түшкө чейин "Ала-Тоо" аянтына парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чогулган миңдеген элди милиция кызматкерлери күч менен кууп таратууда
    © Sputnik / Эркин Алымбеков
  • Беспорядки после разгона митингующих, недовольных результатами выборов в Жогорку Кенеш
    Түштөн кийин Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын алдында төрт партиянын өкүлдөрү чогулган экинчи митинг башталган
    © Sputnik / Эркин Алымбеков
  • Беспорядки после разгона митингующих, недовольных результатами выборов в Жогорку Кенеш
    Алар да шайлоонун жыйынтыгына нааразычылыгын билдирүүгө чыгышкан
    © Sputnik / Эркин Алымбеков
  • Беспорядки после разгона митингующих, недовольных результатами выборов в Жогорку Кенеш
    Андан кийин "Ата Мекен", "Республика", "Замандаш" жана "Бир бол" партияларынын өкүлдөрү "Ала-Тоо" аянтын көздөй агылып, митингдин катышуучуларына кошулган
    © Sputnik / Эркин Алымбеков
  • Беспорядки после разгона митингующих, недовольных результатами выборов в Жогорку Кенеш
    Расмий эмес маалыматтарга караганда, төрт миңге жакын адам чогулган
    © Sputnik / Эркин Алымбеков
  • Беспорядки после разгона митингующих, недовольных результатами выборов в Жогорку Кенеш
    Кечинде ИИМ митингге чыккандарды тарап кетүүгө чакырды
    © Sputnik / Эркин Алымбеков
  • Беспорядки после разгона митингующих, недовольных результатами выборов в Жогорку Кенеш
    Парламенттик шайлоодо утулуп калган 11 партия болсо добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган билдирүүгө кол койду
    © Sputnik / Эркин Алымбеков
1 / 7
© Sputnik / Эркин Алымбеков
Бүгүн түшкө чейин "Ала-Тоо" аянтына парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чогулган миңдеген элди милиция кызматкерлери күч менен кууп таратууда

Түштөн кийин Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын алдында төрт партиянын өкүлдөрү чогулган экинчи митинг башталган. Алар да шайлоонун жыйынтыгына нааразычылыгын билдирүүгө чыгышкан. Андан кийин "Ата Мекен", "Республика", "Замандаш" жана "Бир бол" партияларынын өкүлдөрү "Ала-Тоо" аянтын көздөй агылып, митингдин катышуучуларына кошулган. Расмий эмес маалыматтарга караганда, төрт миңге жакын адам чогулган.

Кечинде ИИМ митингге чыккандарды тарап кетүүгө чакырды. Парламенттик шайлоодо утулуп калган 11 партия болсо добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган билдирүүгө кол койду.

Акцияга чыккандар Чүй проспектисин жаап, андан кийин Ак үйдүн дарбазасын талкалоого аракет кылган.

Митингчилердин Ак үйгө кирүүгө жасаган аракетинен соң милиция кулак тундуруучу каражаттарды жардырып, көздөн жаш агызуучу газ жана суу менен аларды сүрүп чыгарган. Митингчилер таш менен уруп жатышты.

Жарадар болгондордун арасында ЖКнын депутаты Жанар Акаев да бар. Кагылышуу уланууда.

303
Белгилер:
саясый партия, шайлоо, милиция, Митинг
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (461)
Тема боюнча
ИИМ: митингге чыккандарды атайын каражаттар менен таркатууга аргасыз болдук
Кыз парктта кол чатыр менен бара жатат. Архив

Жумага карата аба ырайы

56
23-октябрга караган түнү кээ бир өрөөндөрдө жана тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Жума күнү, 23-октябрда, көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондорго кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй, Талас өрөөндөрүндө, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы мүмкүн. Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +3…+8 градус, Таласта +2…+7 градус, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +5…+10 градус, Ысык-Көл жана Нарын аймактарында 0…+5 градус болору айтылды.

Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, борбор калаада карга айланышы ыктымал. Күндүн табы Бишкекте +6…+8 градус, Ош шаарында +13…+15 градуска чейин жетет.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

56
Белгилер:
Кыргызстан, октябрь, аба ырайы
Тема боюнча
Жалал-Абад облусунун аймагында кайрадан жер титиреди
Митингтен кийин ак үйдүн абалы. Архив

Депутат: Ак үйдү калыбына келтирүүгө 400 млн. сом керек

146
(жаңыланган 18:34 22.10.2020)
Эске салсак, 6-октябрга караган түнү митингге чыккан эл Ак үйдү басып алган. Эртең менен имараттын үстүңкү кабаты алоолонуп өрттөнгөн.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин имаратын калыбына келтирүү үчүн 400 миллион сомго жакын каражат керек. Бул тууралуу парламенттин бюджет жана финансы комитетинин мүчөсү Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, 2010-жылдагы окуялардан кийин Ак үйдүн ремонтуна 380 миллион сом сарпталган, бирок андан бери баалар өсүп кетти.

Капталы жалбырттап, чатырынан түтүн уюлгуп. Ак үйдөн чыккан өрттүн видеосу

Эске салсак, 6-октябрга караган түнү митингге чыккан эл Ак үйдү басып алган. Эртең менен эрте имараттын чыгыш тарабынан өрт чыккан.

Белгилей кетсек, ЖКнын имаратында парламент, президенттин аппараты жана президент өзү иштейт.

146
Белгилер:
оңдоо, имарат, Ак үй
Тема боюнча
Башаламандыктан кийинки Ак үйдүн 7-кабаты. Видео
Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров

Садыр Жапаров ЖК кабыл алган шайлоо тууралуу конституциялык мыйзамга кол койду

32
(жаңыланган 23:37 22.10.2020)
Бул конституциялык мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана конституциялык реформа аяктаганга чейин колдонулат.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Мыйзам бүгүн, 22-октябрда, Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Өзгөртүүлөргө ылайык, “Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамдын 38 жана 63-беренелеринин колдонулушун токтото туруу каралган. Тагыраагы, конституциялык реформаны өткөрүү аяктаганга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону өткөрүүнү токтото туруу тартиби регламенттелген.

Президенттик шайлоонун мөөнөтү жылдыбы? Түшүндүрмө

Бирок шайлоо 2021-жылдын 1-июнунан кеч эмес дайындалат деп айтылган.

Бул конституциялык мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана конституциялык реформа аяктаганга чейин колдонулат.

32
Белгилер:
Жогорку Кеңеш, шайлоо, мыйзам, Кыргызстан
Тема:
Жогорку Кеңешке боло турган кайра шайлоо
Тема боюнча
Жогорку Кеңеш шайлоо босогосун азайтуу мыйзам долбоорун кабыл алды