Сооронбай Жээнбековдун азыр кайда экени айтылды

Жазылуу
Бир нече мүнөт мурда “Ала-Тоо” аянтына чогулган митингчилер Жогорку Кеңешти басып киришкен. Алар президенттин кабинетине киргени дагы маалым болгон.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков ушул тапта Бишкек шаарында. Бул тууралуу маалымат кызматынан билдиришти.

“Президент Жээнбеков Бишкек шаарында. Өлкө башчы саат 2.00гө чейин Ак үйдөгү кызмат ордунда иштеп жаткан. Бардык саясий күчтөр менен диалог кылган. Ал нааразычылык акциясын уюштургандардын акыл-эстүүлүгүнө ишенет”, — деди маалымат катчы Толгонай Стамалиева.

Эске салсак, 5-октябрь күнү Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митингге чыккан. Милиция аларга бир нече сааттан бери каршылык көрсөтүп, акыры митингчилер Жогорку Кеңештин имаратына басып киришти. 

Сооронбай Жээнбеков видео кайрылуу жасады

Жаңылыктар түрмөгү
0