Саясатчы Садыр Жапаров абактан чыкты

Кубанып, кол булгалаган Садыр Жапаров. Саясатчынын элге чыккан видеосу

2723
(жаңыланган 09:17 06.10.2020)
Саясатчы 2018-жылдын жай айында УКМК тарабынан кармалып, Молдовановка айылындагы түрмөдө жазасын өтөп жаткан.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Саясатчы Садыр Жапаров абактан чыгып, Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аянтында күтүп турган тарапташтары менен жолукту. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары жеринен билдиришти.

Ал болжол менен таңкы саат 05.40тар чамасында саясатчы Камчыбек Ташиев экөө аянттагы элдин астына келди. Ал сүйлөйүн дегени менен микрофон жок болгондуктан элге үнү жеткен жок. Мындан улам кол булгалап кайра кетти.

Жапаров 2018-жылдын жай айында УКМК тарабынан кармалып, учурда Молдовановка айылындагы түрмөдө жазасын өтөп жаткан.

Белгилей кетсек, парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митингге чыгып, 6-октябрда түнкү саат 3төр чамасында Ак үйдү басып алышты. Андан соң УКМКнын имаратына кирип барып президент Алмазбек Атамбаевди алып чыгышкан.

Садыр Жапаровдун иши

2013-жылы Ысык-Көл облусунун Саруу айылында Кумтөр кенин улутташтыруу талабы менен митинг өтүп, тергөөнүн маалыматы боюнча, аны Садыр Жапаров каржылаган. Катышуучулар ошол кездеги облус губернатору Эмилбек Каптагаев баш болгон бир нече адамды барымтага алганы айтылган. УКМКнын берген маалыматы боюнча, акцияга чыккандарды Жапаров телефондон тескеп турган. Мындан улам Жапаровго карата Кылмыш-жаза кодексинин "Өлтүрөм деп коркутуу", "Барымтага алуу", "Бейбаштык" жана "Бийлик өкүлүнө күч колдонуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, сот 11,5 жылга эркинен ажыраткан.

2723
Белгилер:
аянт, эл, чыгаруу, Садыр Жапаров
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (459)
Тема боюнча
Сооронбай Жээнбековдун азыр кайда экени айтылды
Экс-президент Алмазбек Атамбаевди УКМКдан алып чыгып келе жаткан видео
Митингчилер Алмазбек Атамбаевди УКМКдан алып чыгышты
Жыйналган эл, жылмайган Атамбаев. Экс-ажонун абактан чыккан видеосу
Отоларинголог кызмат убагында. Архивдик сүрөт

Бир гана коронавирустан эмес! Жыт сезбей калуунун себептери

7
Дарыгер эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жыт билүү жоголуп, даам дагы сезилбей жатса тезинен медициналык жардам алууга чакырган.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Коронавирус инфекциясын жуктурган учурда гана жыт билбей калат деген түшүнүк туура эмес экенин Sputnik радиосуна отоларинголог, медицина илимдеринин кандидаты Владимир Зайцев айтып берди.

Адистин билдиришинче, жыт билүүнүн жоголушу бир нече оорудан кабар бериши мүмкүн.

"Мурун көңдөйүнө суук тийгенде, мисалы, курч же өнөкөт ринитте, дем алуу жолунун былжыр чели менен көңдөйү сезгенген учурда жыт сезгичтердин кабыл алуусу алгач төмөндөп, андан кийин таптакыр жоголуп кетет", — деди адис.

Коронавирустун мээ менен нерв системасына тийгизген таасири ачыкталды

Отоларинголог учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жыт билүү жоголуп, даам дагы сезилбей жатса тезинен медициналык жардам алууга чакырган. Ошондой эле өз алдынча дарылануудан оолак болууну айткан.

7
Белгилер:
оору, мурун, коронавирус
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Кулактан дагы кармайт. Коронавирустун жаңы симптому белгилүү болду
Бейтап СOVID же КРВИге чалдыкканын кантип билет. Дарыгердин аныктамасы
Ооруканадагы палата. Архивдик сүрөт

Коронавирус менен ооруган бейтаптарды кабыл алган ооруканалар. Тизме

13
Учурда коронавирус жуктургандардын саны өсүүдө. Мындан улам бейтаптарды кабыл алуу үчүн кошумча орундар ачылганы маалым болду.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Борбор калаада COVID-19га кабылган бейтаптарды 11 стационар кабыл алууда. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Ага ылайык, учурда коронавирус жуктургандардын саны өсүүдө. Мындан улам бейтаптарды кабыл алуу үчүн кошумча орундар ачылды.

COVID-19 менен ооругандарды кабыл алып жаткан ооруканалар:

  • Республикалык клиникалык жугуштуу илдеттер ооруканасы;
  • Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы;
  • №1 шаардык клиникалык оорукана;
  • Улуттук госпиталь;
  • Улуттук фтизиатрия борбору;
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борбору;
  • Улуттук онкология жана гематология ооруканасы;
  • Улуттук хирургия борбору;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору;
  • Темир жол ооруканасы;
  • №2 клиникалык төрөт үйү.

Кайсы аймакта коронавирустан көп киши каза болду? Статистика

Аталган ооруканаларда жалпысынан 561 орун даярдалган. Бирок кайсы медициналык мекемеде канча бош орун бар экенин министрликтин картасына (map.covid.kg) кирип карап алуу зарыл.

13
Белгилер:
тизме, оорукана, коронавирус, Бишкек
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Министрлик коронавирусту дарылаган стационарлардын картасын жарыялады
Коронавируста бөйрөк оорусу өлүм коркунучун эки эсеге жогорулатат
Өткөн суткада 482 киши коронавирус жуктуруп, 127 бейтап айыкты