Бывший премьер-министр Сапар Исаков. Архивдик сүрөт

Сапар Исаковдун үзөңгүлөштөрү менен эркиндикте жүргөн сүрөтү жарыяланды

1184
(жаңыланган 09:36 06.10.2020)
Исаков буга чейин Бишкек ТЭЦин реконструкциялоодогу коррупцияга тийиштиги бар деп 15 жылга эркинен ажыратылган.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун эркиндикке чыккан сүрөтүн анын үзөңгүлөшү Гүлнара Төралиева жарыялады.

Аны Молдовановкадагы колониядан чыгарып Бишкекке алып келишкен. Сүрөттө мурдагы премьердин жанында Гүлнура Төралиева, Эсен Момункулов турган.

Исаков буга чейин Бишкек ТЭЦин реконструкциялоодогу коррупцияга тийиштиги бар деп 15 жылга эркинен ажыратылган. Сот ал өкүмдөн тышкары мүлкүн конфискациялоо, Кыргызстандын ыйгарым укуктуу элчиси дипломатиялык рангынан, II даражадагы "Манас" орденинен ажыратуу чечимин чыгарган.

Эске салсак, "Ала-Тоо" аянтындагы оппозициялык күчтөр буга чейин Жогорку Кеңештин дарбазасына барып, бирок кире алган эмес. Ошол маалда аларды күч органдары кууганга киришкен. Кийин Ак үйдү алган соң митингчилер УКМКга барып, мурунку президент Алмазбек Атамбаевди бошотуп кетишкен.

1184
Белгилер:
Сүрөт, эркиндик, абак, Сапар Исаков
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (464)
Тема боюнча
Митингчилер Алмазбек Атамбаевди УКМКдан алып чыгышты
Кубанып, кол булгалаган Садыр Жапаров. Саясатчынын элге чыккан видеосу
Жыйналган эл, жылмайган Атамбаев. Экс-ажонун абактан чыккан видеосу
Ооруканадагы койкалар. Архив

Бишкекте COVID жуктургандар кайсы ооруканага бара алат? Тизме

5
(жаңыланган 11:05 29.10.2020)
Кечээги күнгө салыштырмалуу ооруканалардагы орундар азайып баратат. Кээ бир стационарларда бейтаптар толуп калгандыктан, жата турган жер жок.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Бишкек шаарындагы ооруканаларда коронавируска кабылгандарды жаткыруу үчүн 66 бош орун бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалымат 28-октябрь күнү саат 8:00гө карата берилди.

Коронавирус дагы 522 кишиден табылып, бир бейтап көз жумду

  • Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы — 2;
  • Улуттук фтизиатрия борбору — 8;
  • Улуттук хирургия борбору — 6;
  • Улуттук госпиталь — 0;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору — 18;
  • №1 шаардык клиникалык ооруканасы — 0;
  • Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 2;
  • Темир жол ооруканасы — 0;
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 10;
  • Улуттук онкология жана гематология ооруканасы — 3;
  • №2 клиникалык төрөт үйү — 17.

Кошумча маалыматты стационарлардын картасында көрсөтүлгөн номерлер аркылуу тактоого болот.

5
Белгилер:
бейтап, стационар, оорукана, коронавирус, Бишкек
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Оштогу жаңы оорукана ноябрдан тарта COVID жуктургандарды дарылай баштайт. Сүрөт
Медицина кызматкери. Архивдик сүрөт

Коронавирус дагы 522 кишиден табылып, бир бейтап көз жумду

44
(жаңыланган 10:25 29.10.2020)
Бишкек шаарында жана Баткен, Ош облустарында үч медиктин коронавирус жуктуруп алганы аныкталган. Ошол эле маалда жети кызматкер ооруну жеңип, үйлөрүнө чыгарылды.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Өткөн суткада 522 киши коронавирус жуктуруп алганы аныкталып, оору бир адамдын өмүрүн алган. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 110;
  • Ош – 33;
  • Чүй облусу – 58;
  • Ош облусу – 75;
  • Талас облусу – 26;
  • Нарын облусу – 7;
  • Ысык-Көл облусу – 37;
  • Жалал-Абад облусу – 86;
  • Баткен облусу – 90.

Оштогу жаңы оорукана ноябрдан тарта COVID жуктургандарды дарылай баштайт. Фото

Бир суткада дартты 460 бейтап жеңген. Алар:

  • Бишкек – 91;
  • Ош шаары – 37;
  • Чүй облусу – 41;
  • Ош облусу – 82;
  • Талас облусу – 18;
  • Нарын облусу – 5;
  • Ысык-Көл облусу – 29;
  • Жалал-Абад облусу – 90;
  • Баткен облусу – 67.

Тилекке каршы, коронавирустан Баткенде бир бейтап көз жумуп, жалпы каза тапкандардын саны 1 139 болду.

Ал эми оору жуктургандар 57 798ге жетсе, анын ичинен 49 097 бейтап айыкты.

Бир сутка ичинде өлкөдө үч медицина кызматкеринин коронавирус жуктуруп алганы аныкталса, бир суткада үй карантининен жети медкызматкер чыгарылган.

44
Белгилер:
бейтап, өлүм, статистика, оору, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
COVID: инфекция жуктургандардын ичинен 93 адам өтө оор абалда жатат