Ош шаарында миңдеген адам чогулуп жаңы мэрди алып келүүгө камынууда

© Sputnik / Зульфия ТургуноваОш шаарындагы аянтка миңдеген адам чогулуп шаарга жаңы мэр дайындоого аракет кылышууда
Ош шаарындагы аянтка миңдеген адам чогулуп шаарга жаңы мэр дайындоого аракет кылышууда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаардык кеңешинин 31 депутаты мэрге ишенбөөчүлүк көрсөтүп, кызматтан кетирүү чечимин кабыл алган.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Ош шаарындагы аянтка миңдеген адам чогулуп шаарга жаңы мэр дайындоого аракет кылышууда. Бул туурасында Sputnik Кыргызстандын кабарчысы жеринен билдирди.

Анын айтымында, учурда аянтта 3000 чамалуу адам жыйналып турат. Кечке жуук 200дөй адам келип мэрлик кызматка учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкуловду дайындай турганын айтышкан.

© Sputnik / Зульфия ТургуноваОш шаарындагы аянтка миңдеген адам чогулуп шаарга жаңы мэр дайындоого аракет кылышууда
Ош шаарында миңдеген адам чогулуп жаңы мэрди алып келүүгө камынууда - Sputnik Кыргызстан
Ош шаарындагы аянтка миңдеген адам чогулуп шаарга жаңы мэр дайындоого аракет кылышууда

Бирок экс-мэр Мелис Мырзакматовдун тарапташтары буга жол бербей турганын айтып, аны кайра кызматка коюуга камынууда. Мырзакматов өзү бүгүн кечинде Ош шаарына келери күтүлүп жатат.

Белгилей кетсек, бүгүн, 6-октябрда, Ош шаардык кеңешинин 31 депутаты учурдагы мэр Таалайбек Сарыбашовго ишенбөөчүлүк көрсөтүп, кызматтан кетирүү чечимин кабыл алган. Аны шайлоо маалында "Биримдик" менен "Мекеним Кыргызстан" партияларынын кызыкчылыгы үчүн иштеди деп айыпташты.

Жаңылыктар түрмөгү
0