Элдик кошуундун мүчөлөрү мамлекеттик резиденцияга кеткен жолду торошту. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековСитуация в Бишкеке после ночных беспорядков
Ситуация в Бишкеке после ночных беспорядков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ала-Тоо" аянтында митингчилер калган жок. Учурда белгисиз адамдар мамлекеттик резиденция тарапты көздөй багыт алышты.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Бишкектеги элдик кошуун "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына кеткен жолду тосуп турушат.

Токомбаев көчөсү (Түштүк магистраль) менен Чыңгыз Айтматов проспектинин кесилиши жабылды. Элдик кошуундун өкүлдөрү унааларды мамлекеттик резиденция тарапка өткөрбөй жатат. Бул арада топ адамдар Айтматов проспекти менен ошол тарапты көздөй багыт алды.

Күбөлөрдүн интернетке жарыялаган видеолорунан мамлекеттик номери жок унаалар проспект менен түштүк тарапты көздөй баратканын көрүүгө болот.

Айрым кыргызстандыктар болсо элдик кошуундун өкүлдөрүн колдоп, аларга ысык тамак, чай ташып жатышат. Алар Бишкек мэриясынын имаратын жана башка объектилерди кайтарышууда.

Белгилей кетсек, "Ала-Тоо" аянтында митингчилер калган жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0