Митингующие на главной площади Оша слушают экс-мэра Мырзакматова

Экөө менен тең сүйлөшөм. Мелис Мырзакматовдун Ошко келип сүйлөгөн видеосу

2702
(жаңыланган 09:21 07.10.2020)
Ал Бишкектегилер менен дагы сүйлөшүп жатканын айтып, өлкөгө темирдей тартипти, мамлекетке мыйзамдуулукту орнотууга жардамдаша турганын билдирди.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов аянтта чогулуп турган миңдеген адамдар менен жолукту.

Ал Бишкектегилер менен дагы сүйлөшүп жатканын айтып, өлкөгө темирдей тартипти, мамлекетке мыйзамдуулукту орнотууга жардамдаша турганын билдирди. Ал эми кечээ кызматын тапшырган экс-мэр Таалайбек Сарыбашов жана анын ордун ээлеп алган Дүйшөн Төрөкулов менен да сүйлөшө турганын белгиледи.

"Душка" (Дүйшөн Төрөкулов — ред.) менин кадрым, аны мурда өзүм Спорт комитетинин жетекчилигине койгом. Аны менен өзүм сүйлөшөм. Таалай (Сарыбашов — ред.) иним менен дагы сүйлөшөм, ал да жакшы иштерди жасап келген патриот жигит, бизге тартипти орнотууга жардам берет. Эртең менин командамды күтөсүңөр. Эгер баары мыйзамдуу боло турган болсо, эс ала бересиздер. Болбосо бир команда менен ушул жерге топтолобуз да, Бишкекке талабыбызды айтабыз, аны аткарбаса биз да өзүбүздүн билгенди жасайбыз", — деди Мырзакматов.

Белгилей кетсек, кечээ Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов кызматын тапшырган. Андан соң Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов калаа башчысынын кабинетине күч менен кирип барып өзүн мэр деп жарыялаган.

Элдик кошуундун мүчөлөрү мамлекеттик резиденцияга кеткен жолду торошту. Видео

Бирок сырттагы адамдар Мырзакматовду кызматка коюуну талап кылып турушкан.

Мелис Мырзакматов 2014-жылдын ноябрында шаарды аралап өтчү асма көпүрөнү салууда коррупциялык иштерге барган деп айыпталып, издөө жарыяланган. Бирок бул убакта ал өлкөдөн чыгып кетүүгө үлгүргөн. Кийин 2015-жылдын июль айында жети жылга сыртынан кесилген.

2702
Белгилер:
кызмат, мэр, Ош, Мелис Мырзакматов
Тема боюнча
Мелис Мырзакматовдун Ошко келген видеосу тарады
Ош шаарында мэрлик кызмат талашка түшүүдө
Кыз парктта кол чатыр менен бара жатат. Архив

Жумага карата аба ырайы

63
23-октябрга караган түнү кээ бир өрөөндөрдө жана тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Жума күнү, 23-октябрда, көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондорго кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй, Талас өрөөндөрүндө, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы мүмкүн. Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +3…+8 градус, Таласта +2…+7 градус, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +5…+10 градус, Ысык-Көл жана Нарын аймактарында 0…+5 градус болору айтылды.

Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, борбор калаада карга айланышы ыктымал. Күндүн табы Бишкекте +6…+8 градус, Ош шаарында +13…+15 градуска чейин жетет.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

63
Белгилер:
Кыргызстан, октябрь, аба ырайы
Тема боюнча
Жалал-Абад облусунун аймагында кайрадан жер титиреди
Митингтен кийин ак үйдүн абалы. Архив

Депутат: Ак үйдү калыбына келтирүүгө 400 млн. сом керек

160
(жаңыланган 18:34 22.10.2020)
Эске салсак, 6-октябрга караган түнү митингге чыккан эл Ак үйдү басып алган. Эртең менен имараттын үстүңкү кабаты алоолонуп өрттөнгөн.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин имаратын калыбына келтирүү үчүн 400 миллион сомго жакын каражат керек. Бул тууралуу парламенттин бюджет жана финансы комитетинин мүчөсү Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, 2010-жылдагы окуялардан кийин Ак үйдүн ремонтуна 380 миллион сом сарпталган, бирок андан бери баалар өсүп кетти.

Капталы жалбырттап, чатырынан түтүн уюлгуп. Ак үйдөн чыккан өрттүн видеосу

Эске салсак, 6-октябрга караган түнү митингге чыккан эл Ак үйдү басып алган. Эртең менен эрте имараттын чыгыш тарабынан өрт чыккан.

Белгилей кетсек, ЖКнын имаратында парламент, президенттин аппараты жана президент өзү иштейт.

160
Белгилер:
оңдоо, имарат, Ак үй
Тема боюнча
Башаламандыктан кийинки Ак үйдүн 7-кабаты. Видео
Россия президенти Владимир Путин

Владимир Путин алгачкы жолу Кыргызстандагы абал тууралуу пикирин айтты

208
(жаңыланган 00:27 23.10.2020)
Россия лидери постсоветтик өлкөлөрдүн калыптанып келе жаткан мамлекеттүүлүгүнө кылдаттык менен мамиле кылууга чакырды.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыргызстанда болуп жаткан нерселер — кыргыз элине түшкөн мүшкүл. Мындай пикирин Россия президенти Владимир Путин "Валдай" эл аралык дискуссия клубунун 17-жыйынында сүйлөп жатып айтты.

"Кыргызстанда болуп жаткан нерселер — кыргыз элине түшкөн мүшкүл. Шайлоолордун арты менен элдик толкундоо келет. Бул эмнеден кабар берет? Көптөгөн өлкөлөр өз мамлекеттүүлүгүнө жаңыдан кадам таштап жатат. Андыктан мен кесиптештериме постсоветтик өлкөлөрдүн калыптанып келе жаткан мамлекеттүүлүгүнө кылдаттык менен мамиле кылууну айтып келем. Бул өлкөлөрдөгү суверенитеттин калыптанып келе жаткан институттарын бузуп албаш үчүн кеп-кеңештерди айтып ички иштерине кийлигишпөө керек. Эл ич ара мамилени өзү калыпка салышы зарыл”, — деди Путин.

Токаев: Кыргызстандагы абалдын турукташуусуна кубанып жатам

Ошондой эле ал Россия Кыргызстан бутуна туруп кетишине жардам берүү үчүн көп нерсе кылганын, кыргыз экономикасына жана башка тармактарына жүз миллиондогон каражаттарды бөлгөнүн айтты.

“Албетте, биз санаа тартпай коё албайбыз. Бирок биз кеңеш берип же кайсы бир саясий күчкө насаатчы болгон жокпуз. Кыргызстанда абал тез арада турукташып, эки элдин достук мамилеси сакталып калат деп үмүт кылам”, — деди Россия лидери.

Ошондой эле ал мурдагы СССРдин курамына кирген өлкөлөрдүн элдери менен көптөгөн жылдар бою бир мамлекеттин алкагында жашагандыктан, ар тараптан жакындыктар бар экенин кошумчалады.

208
Белгилер:
пикир, Владимир Путин, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Путин Коопсуздук кеңеши менен Кыргызстандагы кырдаалды талкуулады