Бишкектин мэриясынын алдындагы кошуундар. Архивдик сүрөт

Бишкекти 1500дөн ашык элдик кошуундун мүчөлөрү кайтарып жатат

278
(жаңыланган 09:23 07.10.2020)
Элдик кошуундун мүчөлөрү бир нече объектини кол салуудан сактап калды. Алар бири-бирине жардам берип жатышат.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. 1500дөн ашык адам элдик кошуундун тобуна жазылды. Бул тууралуу Бишкектеги кырдаалды жөнгө салуу боюнча түзүлгөн Координациялык кеңештен билдиришти.

Аталган кеңештин төрагасы Мирлан Бекитаев элдик кошуун, демилгелүү топтор, жарандык активисттер, жаштар уюмдары менен биргеликте коомдук тартипти сактап, мародерлукка жол бербөө үчүн шаардыктарга кайрылуу жасады.

"Бишкек шаарынын жарандарын жана активисттерин провокацияга алдырбоого чакырабыз. Учурда шаарда 1500дөн ашык элдик кошуундун күчү менен максималдуу түрдө тартип сактоо аракети жүрүп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Координациялык кеңеш көңүл кош карабаган жарандарды Бишкекти коргоодо күчтү бириктирүүгө чакырды. Ошондой эле түрдүү фейктерге ишенбөөнү суранышты.

"Шаар Бишкек мэриясы менен автивисттердин көзөмөлүндө. Биз саат сайын такталган маалыматтарды берип турабыз", — дешти кеңештен.

Тилек Усупов Бишкек шаары боюнча элдик кошуундун координатору болуп дайындалды.

Сурап билүү телефону: 0999252525

278
Белгилер:
активист, Координациялык кеңеш, Бишкек
Тема боюнча
Элдик кошуундун мүчөлөрү мамлекеттик резиденцияга кеткен жолду торошту. Видео
Экөө менен тең сүйлөшөм. Мелис Мырзакматовдун Ошко келип сүйлөгөн видеосу
Отоларинголог кызмат убагында. Архивдик сүрөт

Бир гана коронавирустан эмес! Жыт сезбей калуунун себептери

16
Дарыгер эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жыт билүү жоголуп, даам дагы сезилбей жатса тезинен медициналык жардам алууга чакырган.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Коронавирус инфекциясын жуктурган учурда гана жыт билбей калат деген түшүнүк туура эмес экенин Sputnik радиосуна отоларинголог, медицина илимдеринин кандидаты Владимир Зайцев айтып берди.

Адистин билдиришинче, жыт билүүнүн жоголушу бир нече оорудан кабар бериши мүмкүн.

"Мурун көңдөйүнө суук тийгенде, мисалы, курч же өнөкөт ринитте, дем алуу жолунун былжыр чели менен көңдөйү сезгенген учурда жыт сезгичтердин кабыл алуусу алгач төмөндөп, андан кийин таптакыр жоголуп кетет", — деди адис.

Коронавирустун мээ менен нерв системасына тийгизген таасири ачыкталды

Отоларинголог учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жыт билүү жоголуп, даам дагы сезилбей жатса тезинен медициналык жардам алууга чакырган. Ошондой эле өз алдынча дарылануудан оолак болууну айткан.

16
Белгилер:
оору, мурун, коронавирус
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Кулактан дагы кармайт. Коронавирустун жаңы симптому белгилүү болду
Бейтап СOVID же КРВИге чалдыкканын кантип билет. Дарыгердин аныктамасы
Ооруканадагы палата. Архивдик сүрөт

Коронавирус менен ооруган бейтаптарды кабыл алган ооруканалар. Тизме

16
Учурда коронавирус жуктургандардын саны өсүүдө. Мындан улам бейтаптарды кабыл алуу үчүн кошумча орундар ачылганы маалым болду.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Борбор калаада COVID-19га кабылган бейтаптарды 11 стационар кабыл алууда. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Ага ылайык, учурда коронавирус жуктургандардын саны өсүүдө. Мындан улам бейтаптарды кабыл алуу үчүн кошумча орундар ачылды.

COVID-19 менен ооругандарды кабыл алып жаткан ооруканалар:

  • Республикалык клиникалык жугуштуу илдеттер ооруканасы;
  • Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы;
  • №1 шаардык клиникалык оорукана;
  • Улуттук госпиталь;
  • Улуттук фтизиатрия борбору;
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борбору;
  • Улуттук онкология жана гематология ооруканасы;
  • Улуттук хирургия борбору;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору;
  • Темир жол ооруканасы;
  • №2 клиникалык төрөт үйү.

Кайсы аймакта коронавирустан көп киши каза болду? Статистика

Аталган ооруканаларда жалпысынан 561 орун даярдалган. Бирок кайсы медициналык мекемеде канча бош орун бар экенин министрликтин картасына (map.covid.kg) кирип карап алуу зарыл.

16
Белгилер:
тизме, оорукана, коронавирус, Бишкек
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Министрлик коронавирусту дарылаган стационарлардын картасын жарыялады
Коронавируста бөйрөк оорусу өлүм коркунучун эки эсеге жогорулатат
Өткөн суткада 482 киши коронавирус жуктуруп, 127 бейтап айыкты