Митинг на площади Ала-Тоо в Бишкеке после парламентских выборов - Sputnik Кыргызстан

Элдик толкундоодон кийинки экинчи күн. Өлкөдө азыр эмне болуп жатат. Видео, сүрөт

Жазылуу
Кыргызстанда парламенттик шайлоодон кийин элдик толкундоо болуп Ак үй алынгандан бери эки күн өттү. Бул учурда өлкөдө абал кооптуу, экинчи түндө талап-тоноочулукка жасалган аракеттер байкалды.

Sputnuk Кыргызстан толкундоодон кийинки борбор калаадагы жана жалпы республикадагы абал боюнча маалыматтарды берип турмакчы.

Мазмуну
14:03 07.10.2020
10:37 07.10.2020
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
21:05 07.10.2020

Кара-Суу районунун мурдагы акими Тилек Матраимов кыргыз-өзбек чек арасынан кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Белгилей кетсек, Тилек Матраимов 2012-жылдын февраль айынан тарта Кара-Суунун акими болуп иштеп келген. Парламенттик шайлоо алдында анын кызматтан кетүү боюнча арыз жазганы тууралуу имиштер тараган. Бирок өкмөттүн Оштогу ыйгарым укуктуу өкүлү маалыматты төгүндөп, Матраимов эмгек өргүүгө чыкканын билдирген.

 

 

20:44 07.10.2020

Мамлекет башчы кайрылуусунда азыркы абалдан тезирээк чыгууга болгон күч-аракетин жумшай турганын айтып, ал үчүн ар кыл саясий тараптар менен жеке сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатканын кошумчалаган.
"Кызмат алмашууларды легитимдештирүү зарыл. Ал үчүн Жарлыктарга кол коюшум керек. Парламент кадрдык дайындоолор жөнүндө тиешелүү токтомдорду киргизиши шарт", — деген Жээнбеков.

20:40 07.10.2020

"Кечээ Бишкекте башаламандык болбошу үчүн 1,5 миңдей жигит көчөгө чыгып, тартипти сактоого жардам берди. Алар Бишкек шаарынан гана эмес, башка аймактардан дагы келгени белилүү болду. Ал жигиттерге чын дилимден ыраазычылык билдирем. Бүгүнкү түнү дагы милицияга 2,5 миңден ашык ыктыярчы кол кабыш кылат", — деди ИИМ жетекчисинин милдетин аткаруучу Асанов.

 

19:04 07.10.2020
Народный координационный совет заседает в Доме правительства — прямой эфир - Sputnik Кыргызстан
19:02 07.10.2020
Заседание представителей партий в здании правительства - Sputnik Кыргызстан
Заседание представителей партий в здании правительства - Sputnik Кыргызстан
Митингующие у здания правительства КР - Sputnik Кыргызстан
Митингующие у здания правительства КР - Sputnik Кыргызстан
18:09 07.10.2020

Өкмөт үйүндө өтүп жаткан элдик координациялык кеңешине "Ыйман Нуру" менен "Замандаш" партияларынын өкүлдөрү  да чакырылды. Алар мурда өздөрү даярдап келген сунуштарын сунуштаганда, ортодо чыңалуу пайда болду.

Азырынча алар өздөрүнүн долбоорун талкуулап жатат.

Депутаттардын ичинен  Дастан Бекешев, Жанар Акаев жана  Эльвира Сурабалдиева ЖКнын кезексиз жыйынын чакырып, легитимдүү премьер-министрди шайлоону сунуштап жатат. Ал арада өкмөт үйүнүн жанына Садыр Жапаровдун тарапташтары чогулууда.

18:07 07.10.2020

Кечээ ага Ош шаардык кеңеши ишенбөөчүлүк көрсөткөндөн кийин кызматтан кеткенин жар салган. Ордуна ЖК депутаты Дүйшөн Төрөкулов келген болчу.

 

17:48 07.10.2020

Элдик координациялык кеңеш Өкмөт үйүндө отурумун баштады. 

17:45 07.10.2020
Ситуация в Оше после окончания парламентских выборов - Sputnik Кыргызстан
17:15 07.10.2020

Ошентип, эки күн ичинде Бишкекте  үч мэр "алмашты". Суракматовдон кийин, 6-октябрда  Жоошбек Коеналиев келген, кеч курун Мирлан Бекитаев, эми Алмаз Бакетаев келди.

15:19 07.10.2020

Аянтка чогулгандар шаардын мурдагы мэри Таалайбек Сарыбашовду колдоп келишкен. Алар Сарыбашов легитимдүү мэр боюнча калышын айтып, мыйзамдуулукту талап кылышууда.

 

Ситуация в Оше после окончания парламентских выборов - Sputnik Кыргызстан
15:02 07.10.2020

Топтолгон эл журналисттерди өкмөт үйүнүн ичине киргизүүнү талап кылышууда. 

14:55 07.10.2020

Өкмөт үйүнө келген митингчилер  сунуштаган Тилек Токтогазиевди бир топ убакыттан кийин өкмөт үйүнө киргизишти. 

14:14 07.10.2020
14:07 07.10.2020

Ал жерде турган Садыр Жапаровдун тарапташтары "Садыр" деп кыйкырышууда. 

14:06 07.10.2020
14:00 07.10.2020

Бул эртен менентен тарта өкмөт үйүнүн жанында болгон экинчи митинг. 

13:57 07.10.2020

Өкмөт үйүнө барган топ өкмөт үйүнүн батыш жагындагы эшигине барып, ачууну талап кылышууда. 

13:55 07.10.2020

Митингге чыккандар өкмөт үйүн көздөй бара жатышат

13:53 07.10.2020
13:36 07.10.2020

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Россия президенти Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

"Эки элдин байланышын кеңейтүүгө жана аны өнүктүрүүгө кошкон сиздин салымыңыз зор. Кыргызстан Россиянын бекем жана туруктуу союздашы, өнөктөшү болгон жана боло берет. Эки элдин достугу кылымдар бою уланып келген жана ошол бойдон сакталып кала берет", — деп жазылат президенттин куттуктоосунда.
Мамлекет башчы Владимир Путинге бекем ден соолук, бакубатчылык жана ишине ийгилик, ал эми Россия элине тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү каалаган.

Президент РФ В. Путин встретился с президентом Киргизии С. Жээнбековым - Sputnik Кыргызстан
13:25 07.10.2020
13:11 07.10.2020

Трибунага чыгып сүйлөп жаткан Айбек Турдалиев Өмүрбек Бабановди сындап сүйлөп жатканда "Республика" өкүлү Мирлан Жээнчороев анын колунан микрофонду жулуп алды. Ал сүйлөй баштаганда митингге келген эле кыйкырып, ал тургай аны көздөй буюмдарды да ыргытып, Жээнчороев трибунаны ташттап кетүүгө аргасыз болду. 

12:42 07.10.2020

"Кумтөр Голд Компани" компаниясынын Бишкектеги кеңсесине белгисиз адамдар кирип барды. Бул тууралуу компаниянын маалымат кызматынын жетекчиси Марина Гаврилова билдирди.

Анын айтымында, ишкананын кеңсесине болжолу менен 30 кишиден турган топ кирип алган.

"Отуздай адам алгач "Учкун" имаратына, андан соң "Кумтөрдүн" кеңсесине киришти. Биз элдик кошуундардан, укук коргоо органдарынан жардам күтөбүз", — деди Гаврилова.

 

 

 

12:02 07.10.2020

Митингде ЖК депутаты Эльвира Сурабалдиева жүрөт.  

Ал жерден "Садыр Жапаровдун премьер-министрлиги легитимсиз, президентке импичмент жарыялоо керек" деген талаптар айтылууда.

 

Ситуация в Бишкеке после парламентских выборов - Sputnik Кыргызстан
11:50 07.10.2020
11:39 07.10.2020

Бишкекте өкмөт үйүнүн алдында Чүй облусу менен Бишкек шаардык милициясынын өздүк курамы менен жолуккан ИИМдин жетекчисинин милдетин аткаруучу Курсан Асанов суроолорго жооп берип жатып, түндө милиция кызматкерлери тартип сактоого чыкканын айтты. 

"Көптөгөн милиция кызматкерлери  жараат алгандыгына байланыштуу биздин кызматкерлер аз болду, бирок эл менен бирге, жөнөкөй форма менен жүрдү", - деди ал. 

Ситуация в Бишкеке после парламентских выборов - Sputnik Кыргызстан
11:24 07.10.2020
11:12 07.10.2020

"Полковниктерге, ИИМ түзүмүндөгү жетекчилерге айтарым  элге карап түздөнгүлө, элге карагыла, мыйзамдуулукту туу тутушуңар керек. Мындан ары тергөө, ички иштер башка кызматтар бардык маселелерди мыйзам менен чечет", - деди Курсан Асанов.

10:40 07.10.2020

Кабарчыбыздын айтымында, ал жердегилер жаштарды да бийликке тартууну талап кылышууда. Алар Садыр Жапаровдун премьерликке дайындалышына нааразы экендиктерин айтышты. 

10:38 07.10.2020
Ситуация в Бишкеке после парламентских выборов  - Sputnik Кыргызстан
10:35 07.10.2020

Борбордук аянттан жол кыймылынын көзөмөлдөгөн автониспекторлорду кезиктире албайсыз. 

10:26 07.10.2020
10:07 07.10.2020
Ситуация в Бишкеке после парламентских выборов - Sputnik Кыргызстан
10:07 07.10.2020

  Борбор шаар Бишкекте учурда абал тынч. "Ала-Тоо" аянтында топтолгон эл жок. Коомдук транспорт өз калыбында жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0