Штаб: өткөн суткада 300гө жакын кишиден коронавирус аныкталды

© AFP / PIERRE-PHILIPPE MARCOUКоронавируска тест жасап жаткан лаборатория кызматкери. Архив
Коронавируска тест жасап жаткан лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпысынан алганда өлкөдө 48 097 адамдан коронавирус табылып, анын 43 798и ооруну жеңди. Тилекке каршы, 1 069 бейтап коронавирустан көз жумган.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде 154 бейтап коронавирусту жеңди. Ошол эле маалда 298 кишиден COVID-19 аныкталган. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Айыккандар:

  • Бишкек – 12;
  • Ош шаары – 23;
  • Чүй облусу – 5;
  • Ош облусу – 48;
  • Талас облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 13;
  • Жалал-Абад облусу – 28;
  • Баткен облусу – 23.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 57;
  • Ош – 20;
  • Чүй облусу – 10;
  • Ош облусу – 61;
  • Талас облусу – 8;
  • Нарын облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 5;
  • Жалал-Абад облусу – 47;
  • Баткен облусу – 89.

Жалпысынан алганда өлкөдө 48 097 адамдан коронавирус табылып, анын 43 798и ооруну жеңди. Тилекке каршы, 1 069 бейтап көз жумду.

Азыркы тапта коронавирус жуктуруп алган 1 325 бейтап стационардык шартта, ал эми 1 450 киши үйүндө дарыланууда.

Бир суткада 18 медиктин коронавирус илештирип алганы айтылды. Ал эми алты медицина кызматкери ооруну жеңип, үйлөрүнө чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0