Бишкекте Өкмөт үйүнүн алдына Садыр Жапаровдун премьер-министр болушуна жана бийликке кайрадан эски саясатчылардын келишине каршы болгон топ митингге чыкты

Бишкекте Садыр Жапаровдун премьер болушуна каршылар митингге чыкты. Сүрөттөр

1002
(жаңыланган 11:27 07.10.2020)
Чогулгандар кайра эле бийликке эскилер келгени жатканын айтышууда. Арасында элди мыйзамды сактоого, ынтымакка чакырып жаткандар дагы бар.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Бишкекте өкмөт үйүнүн алдына Садыр Жапаровдун премьер-министр болушуна жана бийликке кайрадан эски саясатчылардын келишине каршы болгон топ митингге чыкты. Бул тууралуу жеринен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирди.

  • Бишкекте Өкмөт үйүнүн алдына Садыр Жапаровдун премьер-министр болушуна жана бийликке кайрадан эски саясатчылардын келишине каршы болгон топ митингге чыкты
    © Sputnik / Нияз Абазганов
  • Андагылар "Эскилерге жол жок!", "Люстрация кылыш керек!" деген плакаттарды даярдап жатканын көрүүгө болот
    © Sputnik / Нияз Абазганов
  • Чогулгандар кайра эле бийликке эскилер келгени жатканын айтышууда.
    © Sputnik / Нияз Абазганов
1 / 3
© Sputnik / Нияз Абазганов
Бишкекте Өкмөт үйүнүн алдына Садыр Жапаровдун премьер-министр болушуна жана бийликке кайрадан эски саясатчылардын келишине каршы болгон топ митингге чыкты

Андагылар "Эскилерге жол жок!", "Люстрация кылыш керек!" деген плакаттарды даярдап жатканын көрүүгө болот.

Чогулгандар кайра эле бийликке эскилер келгени жатканын айтышууда. Арасында элди мыйзамды сактоого, ынтымакка чакырып жаткандар дагы бар.

Митинг өтүп жаткан жерде элден бир аз обочолонуп милиция кызматкерлеринин турганын көрүүгө болот.

Эске салсак, өткөн түнү Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйында Садыр Жапаровдун талапкерлигин премьер-министрлик кызматка жактырган.

 

1002
Белгилер:
нааразычылык акциясы, Садыр Жапаров, митинг, өкмөт, Бишкек
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (463)
Тема боюнча
ШИИБ: Бишкекте баары тынч. Аянттагы азыркы абал
Эски аянтта милиция кызматкерлери турат. Сүрөт
Киши автоунааны айдап бара жатат. Архив

Бишкекте айдоочу милицияга ойдон чыгарылган комитеттин документин көрсөткөн. Сүрөт

14
(жаңыланган 17:18 25.10.2020)
Кайгуул кызматынын милиционерлери Toyota Camry үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан. Документтерди текшерүү учурунда 27 жаштагы киши өзүн кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинде иштей турганын айтып, күбөлүгүн көрсөткөн.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Өзүн кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинде иштейм деп тааныштырган айдоочу жасалма документ менен кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

  • Поддельное удостоверение, которое водитель предъявил сотрудникам милиции. 25 октября 2020 года
    Өзүн "кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинде иштейм" деп тааныштырган айдоочу жасалма документ менен кармалды
    © Фото / пресс-служба УПСМ Бишкека
  • Водитель предъявивший патрульным милиционерам поддельное удостоверение при остановке его машины в Бишкеке. 25 октября 2020 года
    Билдирмеге ылайык, окуя 25-октябрга караган түнү болжол менен саат 01:40тар чамасында Чүй жана Манас проспектилеринин кесилишинде болгон
    © Фото / пресс-служба УПСМ Бишкека
1 / 2
© Фото / пресс-служба УПСМ Бишкека
Өзүн "кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинде иштейм" деп тааныштырган айдоочу жасалма документ менен кармалды

Билдирмеге ылайык, окуя 25-октябрга караган түнү болжол менен саат 01:40тар чамасында Чүй жана Манас проспектилеринин кесилишинде болгон.

"Кайгуул кызматынын милиционерлери Toyota Camry үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан. Айдоочунун документтерин текшерүү учурунда 27 жаштагы киши кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинде иштей турганын айтып, күбөлүгүн көрсөткөн. Анын автоунааны мас абалында башкарып бара жатканы да аныкталган", — деп айтылат маалыматта.

Териштире келгенде КРде андай комитет жок экени маалым болгон.

Аталган факты Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 359-беренеси ("Жасалма документ") боюнча иш козголуп, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Иши жеңилдеди. Патрулдук милиция айдоочуларды эми планшет менен текшерет

Ал эми автоунаа убактылуу токтотуучу жайга киргизилген. Айдоочунун жасалма документ боюнча иши Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүп берилди.

14
Белгилер:
Жол кайгуул кызматы, милиция, айдоочу, документ, жасалма
Тема боюнча
Портер талкаланып, айдоочусу жабыркаган. Оштогу үрөй учурган кырсыктын видеосу
Кара-Суу: унаадан чыккан өрт эки кичинекей баланын өмүрүн алды
Учак. Архив

Кыргызстандан Россияга кантип кетсе болот? Эрежелер

48
(жаңыланган 16:43 25.10.2020)
Сүйлөшүлгөн тартипке ылайык, Россияга бара жатканда кыргызстандыктардын колунда ПЦР-тесттин "ооруган эмес" деген жыйынтыгы болушу шарт.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. "Аэрофлот" жана "Авиатрафик" авиакомпанияларынын учактары жумасына бир ирет Россияга каттап жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын расмий өкүлү Гүлмира Бөрүбаева билдирди.

Анын айтымында, аталган авиакомпаниялар аркылуу кыргызстандык каалоочулардын бардыгы Россияга бара алат.

Аталган өлкөгө баруунун дагы бир жолу — атайын уюштурулуп жаткан чартердик каттамдар. Алар менен төмөндөгүдөй кырдаалда кетсе болот:

  • Россиянын жараны болгон жакын тууганы (аялы/күйөөсү, балдары, ата-энеси) болсо;
  • медициналык кызматка муктаж болуп жатса (кабыл алуучу тараптын чакыруусу керек);
  • кандайдыр бир мамлекеттик программага катышып жатса;
  • Россияда туруктуу жашоого уруксаты болсо.

Казакстанга кирип-чыгуунун жол-жобосу

Сүйлөшүлгөн тартипке ылайык, Россияга бара жатканда кыргызстандыктардын колунда ПЦР-тесттин "ооруган эмес" деген жыйынтыгы болушу шарт. Ал аталган мамлекетке учканга үч күн калганда жасалышы керек.

48
Белгилер:
жол эрежеси, чек ара, каттам, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Кыргызстандыктар чет өлкөлөргө кантип чыга алат. Жаңы эрежелер