Калкты тейлөө борбору. Архив

Мамкаттоо кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым түрлөрүн токтотту. Тизме

114
(жаңыланган 13:09 07.10.2020)
Кызмат көрсөтүүлөрдүн жанданышы боюнча кошумча маалымат берилет. Жарандар өзүн кызыктырган суроолор менен 119 номерине кайрылса болот.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. 7-октябрь күнү Мамлекеттик каттоо кызматы ишин жарым-жартылай токтотту. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.

"Бишкектеги калкты тейлөө борборлору, жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттоштуруу жана калкты каттоо, автотранспорттук каражаттарды каттоо бөлүмдөрү 7-октябрь күнү иштебейт. Бирок даяр болгон паспортторду таратуу бөлүмдөрү ачык болот", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, буга кызмат көрсөтүүлөр үчүн акыларды кабыл алууга шарт түзгөн банктык кызматтардын убактылуу токтотулушу себеп болууда.

Ведомстводон кошумчалашкандай, учурда кызматкерлер кыргызстандыктар тууралуу жеке маалыматтар камтылган маалымат базасынын коопсуздугун күнү-түнү тыкыр көзөмөлдөп жатат.

Ал эми жетечилик менен башка кызматкерлер штаттык режимде иштеп жатышканы кошумчаланды.

Кызмат көрсөтүүлөрдүн жанданышы боюнча кошумча маалымат берилет. Жарандар өзүн кызыктырган суроолор менен 119 номерине кайрылса болот.

Буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматын басып алуу аракеттери болгону айтылган.

Жер-Үй кенине белгисиз адамдар кирип барганына байланыштуу ишин токтотту

Кыргызстандагы абал

5-октябрь күнү парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон сегиз партия "Ала-Тоо" аянтына митингге чыккан. Кечке жуук чогулгандардын саны көбөйүп, таңга маал митингчилер Ак үйдү алышты. Көп өтпөй акциянын катышуучулары УКМКнын имаратын басып кирип, бир нече саат ичинде абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, саясатчылар Садыр Жапаров, Равшан Жээнбеков, эртеси түштө Фарид Ниязов жана Бишкектин экс-мэри Албек Ибрагимов чыгарылган.

7-октябрга караган түнү Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Кубатбек Боронов кызматтан кетти. Жумабековдун ордуна депутат Мыктыбек Абдылдаев шайланды. Ал эми парламенттин кезексиз жыйынында премьер-министрликке Садыр Жапаровдун талапкерлиги жактырылды. Бирок бүгүн эртең менен бул чечимге, негизи эле бийликке кайра эски жүздөрдүн келишине нааразы болгон топ өкмөт үйүнүн алдына митингге чыкты.

114
Белгилер:
абал, Мамлекеттик каттоо кызматы, Кыргызстан
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (464)
Тема боюнча
БУУнун башкы катчысы Кыргызстандагы абал боюнча пикирин айтты
Жапаровдун премьерлигин тааныбайбыз! Дагы бир Координациялык кеңештин билдирүүсү
"Кумтөрдүн" Бишкектеги кеңсесине белгисиз адамдар кирип барганы айтылды
Оорукана. Архив

Министрлик: жарык өчкөндө кычкылтек концентраторуна кошулгандар тынчсызданды

15
(жаңыланган 19:13 29.10.2020)
Айгерчинова азыркы кырдаалда жарык үзгүлтүксүз берилип турбаса, кычкылтек концентратору менен жаткан бейтаптарга коркунуч жаралып калышы мүмкүн экенин эскертти.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Бишкек шаары жарыксыз калганда оорукана, төрөт үйлөрүндө олуттуу көйгөй жаралган жок. Бирок кычкылтек концентраторунда жаткан бейтаптар бир аз тынчсызданды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди.

Эске салсак, ордо калаада бүгүн, 29-октябрда, болжол менен саат 13:10дор чамасында Бишкектин бир топ жеринде электр кубаты өчүп, кийинчерээк күйгөн.

"Электр жарыгы көп убакытка өчкөн жок. Мындан улам оорукана, төрөт үйлөрүндө олуттуу көйгөй жаралган эмес. Анын үстүнө ар бир ооруканадагы реанимациялык блок генераторго туташтырылган. Алар жарык өчкөндө автоматтык түрдө иштейт. Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасында өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар генератордун жардамы менен үзгүлтүксүз иштеп турду. Ал эми кычкылтек концентраторуна туташкан бейтаптар бир аз дүрбөлөңгө түштү. Анткени генератор палаталарга кошулган эмес. Алар болсо палаталарда жатышат", — деди Айгерчинова. 

Шаардыктар жарыксыз калганда. ТЭЦтеги кырдаалды асмандан көрсөткөн видео

Ал азыркы кырдаалда жарык үзгүлтүксүз берилип турбаса, кычкылтек концентратору менен жаткан бейтаптарга коркунуч жаралып калышы мүмкүн экенин эскертти.

15
Белгилер:
бейтап, Төрөт үйү, оорукана, жарык берүү, Бишкек
Тема боюнча
Авария эмес. "Түндүк электр" Бишкек ТЭЦте эмне болгонун тактады
Бишкек ТЭЦтин жетекчиси Воропаев билдирүү жасады
Шаардыктар жарыксыз калганда. ТЭЦтеги кырдаалды асмандан көрсөткөн видео
Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Пакистандын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Сардар Азхар Тарик Ханды кабыл алды

Министр Пакистандын элчиси менен кара тизмеге кирген ЖОЖдорду талкуулады

46
(жаңыланган 18:17 29.10.2020)
Буга чейин Пакистан Кыргызстандын медициналык окуу жайларын кара тизмеге киргизгени айтылган. Тараптар дал ушул маселени талкуулашты.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Пакистандын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Сардар Азхар Тарик Ханды кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушууда тараптар Пакистан Кыргызстандын медициналык окуу жайларын кара тизмеге киргизгени боюнча сүйлөшкөн.

"Кыргыз тарап өлкөдөгү медициналык окуу жайларды кара тизмеден чыгаруу маселесин чечүү жолдору боюнча Пакистандын КРдеги элчилигине расмий кат жолдоого милдеттенди. Пакистан тарап бул маселенин тез арада чечилишине жана КРде билим алган пакистандык студенттердин көбөйүшүнө кызыкдар экенин билдирди", — деп жазылат маалыматта.

Министр Бейшеналиев мындан ары министрлик тарабынан ЖОЖдорго эл аралык аккредитациялардан өтүү, чет элдик жарандарга көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жогорулатуу жана материалдык-техникалык, лабораториялык-клиникалык базаларды жакшыртуу сыяктуу бир катар талаптар коюла турганын айтты.

Буга чейин Пакистан Кыргызстандын медициналык окуу жайларын кара тизмеге киргизгени айтылган.

Болочок медиктерге 90 бюджеттик орун бөлүндү. Вирустун кесепетин эске алып.

Мындан сырткары, жолугушууда билим берүү жана илим тармагындагы өз ара кызматташуу дагы талкууланган.

46
Белгилер:
окуу жай, жолугушуу, элчи, министр, Пакистан, Кыргызстан
Тема боюнча
Пакистан Кыргызстандын медициналык окуу жайларын кара тизмеге киргизди. Себеби