Сотрудники муниципальных служб при мэрии Бишкека работают в повседневном режиме

Бишкек мэриясы өз калыбында иштөөдө. Шаар кызматтарынын жумушу сүрөттө

135
(жаңыланган 19:16 07.10.2020)
Ордо калаанын убактылуу жетекчисинин айтымында, чарбалык, отун-энергетикалык жана авариялык кызматтар мурдагыдай иштеп баштады.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Бишкек мэриясы кадимки тартипте ишин улантууда. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

  • Сотрудники муниципальных служб при мэрии Бишкека работают в повседневном режиме
    Бишкек мэриясы кадимки тартипте ишин улантууда. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Сотрудники муниципальных служб при мэрии Бишкека работают в повседневном режиме
    Ага ылайык, мэрдин убактылуу милдетин аткаруучу болуп Алмаз Бакетаев расмий дайындалды
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Сотрудники муниципальных служб при мэрии Бишкека работают в повседневном режиме
    Ал алгач эле вице-мэр, аппарат жетекчиси жана район акимчилигинин өкүлдөрү менен ыкчам жыйын курду
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Сотрудники муниципальных служб при мэрии Бишкека работают в повседневном режиме
    Чогулушта шаардын жашоосун үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын алгоритми талкууланды
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Сотрудники муниципальных служб при мэрии Бишкека работают в повседневном режиме
    Бакетаев белгилегендей, чарбалык, отун-энергетикалык жана авариялык кызматтар мурдагыдай режимде иштеп жатат. Пландалган иштер график боюнча жүрүүдө
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Сотрудники муниципальных служб при мэрии Бишкека работают в повседневном режиме
    Ошондой эле жылытуу мезгилине даярдыктар кызуу жүрүп жатканы айтылды
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Сотрудники муниципальных служб при мэрии Бишкека работают в повседневном режиме
    Шаардыктардын үйүнө ысык суу менен жылуулукту эки уюм — Улуттук энергетикалык холдингдин туунду ишканасы "Бишкек жылуулук" ААКы менен мэрияга караштуу "Бишкек жылуулук энергия" коммуналдык ишканасы берет
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Сотрудники муниципальных служб при мэрии Бишкека работают в повседневном режиме
    Мэриянын айтымында, абанын орточо суткалык температурасы 5 күн катары менен +8 градус болгондо жылуулук берилип баштайт
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
1 / 8
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Бишкек мэриясы кадимки тартипте ишин улантууда. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди

Ага ылайык, мэрдин убактылуу милдетин аткаруучу болуп Алмаз Бакетаев расмий дайындалды. Ал алгач эле вице-мэр, аппарат жетекчиси жана район акимчилигинин өкүлдөрү менен ыкчам жыйын курду.

Чогулушта шаардын жашоосун үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын алгоритми талкууланды.

Бакетаев белгилегендей, чарбалык, отун-энергетикалык жана авариялык кызматтар мурдагыдай режимде иштеп жатат. Пландалган иштер график боюнча жүрүүдө.

Жалал-Абаддын мэри Мураталы Тагаев кызматын тапшырды

Ошондой эле жылытуу мезгилине даярдыктар кызуу жүрүп жатканы айтылды. Шаардыктардын үйүнө ысык суу менен жылуулукту эки уюм — Улуттук энергетикалык холдингдин туунду ишканасы "Бишкек жылуулук" ААКы менен мэрияга караштуу "Бишкек жылуулук энергия" коммуналдык ишканасы берет.

Мэриянын айтымында, абанын орточо суткалык температурасы 5 күн катары менен +8 градус болгондо жылуулук берилип баштайт.

Ошондой эле Бишкек шаарын убактылуу башкарып жаткан Алмаз Бакетаев мэрия координациялык кеңештин жана өзүн калаа жетекчиси деп жарыялаган адамдардын көзөмөлүндө деген маалыматты четке какты. Ал белгилегендей, бардык аракеттер мыйзам чегинде болушу керек.

Эске сала кетсек, кечээ Бишкек шаарынын мэринин иш кабинетин Жоошбек Коеналиев ээлеп алган эле. Көп өтпөй мэр Азиз Суракматов өз каалоосу менен кызматтан кетүү арызын берген.

Бирок кечинде шаардагы кырдаалды жөнгө салууну көздөгөн координациялык кеңеш Коеналиевдин ордуна Алмаз Бакетаевди бекиткен.

135
Белгилер:
иш, Бишкек мэриясы, Алмаз Бакетаев, Бишкек
Тема боюнча
Ош шаарына кайрадан Таалайбек Сарыбашов мэр болду
Бишкек мэриясынын алдындагы митинг

Бишкек мэриясынын алдында кайрадан митинг. Сүрөт

8
Нааразы болгондор жаңы мэр дайындалмайын, күнүгө саат 12:00дө митингге чыга тургандыктарын айтышты.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Бишкек мэриясынын алдында кайрадан митинг болуп, шаар бышчылыгына жаңы жетекчини дайындоону президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдон талап кылып жатышат.

  • Митингующие у здания мэрии Бишкека, где требуют отставки и.о. мэра Наримана Тюлеева.
    Бишкек мэриясынын алдында кайрадан митинг болуп, шаар бышчылыгына жаңы жетекчини дайындоону президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдон талап кылып жатышат
    © Sputnik / Эркин Садыков
  • Митингующие у здания мэрии Бишкека, где требуют отставки и.о. мэра Наримана Тюлеева.
    Нааразы болгондор жаңы мэр дайындаламайын, күнүгө саат 12:00дө митингге чыга тургандыктарын айтышты.
    © Sputnik / Эркин Садыков
1 / 2
© Sputnik / Эркин Садыков
Бишкек мэриясынын алдында кайрадан митинг болуп, шаар бышчылыгына жаңы жетекчини дайындоону президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдон талап кылып жатышат
"Бул кишилер 30 жыл ичинде натыйжалуу башкара албагандыгын көрсөткөн, эми кайрадан бийликке келип жатышат. Эски саясатчылардын кайрадан кызматка келүүгө моралдык укугу жок", — деген митингдин катышуучусунун бири.

Алардын бир бөлүгү тарай баштады.

Нааразы болгондор жаңы мэр дайындаламайын, күнүгө саат 12:00дө митингге чыга тургандыктарын айтышты.

Эске салсак, Нариман Түлеев өзүнүн биринчи вице-мэр жана мэрдин милдетин аткаруучулуктан кетүү боюнча жазган арызын кайтарып алып, кызматка кайтып келген.

21-октябрда Бишкек шаардык мэриясынын алдына Түлеевдин калаа башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалышын мыйзамсыз деп эсептегендер митингге чыгып, анын тарапташтары менен чатакташа кеткен. Эртеси Түлеев мэрдин милдетин аткаруудан да, вице-мэрликтен да баш тартып арыз жазган.

8
Белгилер:
митинг, Бишкек мэриясы, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Нариман Түлеев Бишкек мэринин милдетин аткаруучулукка кайтып келди
Ресторан. Архив

Министр: той-аштарга чектөө кайра күчөтүлүшү мүмкүн

38
(жаңыланган 12:35 26.10.2020)
Министр оору жуктургандардын саны күндөн-күнгө өсө баштаганын айтты. Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирус 420 кишиден аныкталып, жуктургандардын жалпы саны 56 170ке жетти.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Той-аштарга киргизилген чектөөнү күчөтүш керек. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, коронавирус жуктургандардын саны күндөн-күнгө өсө баштады.

"Саламаттык сактоо министрлиги тойлорду, массалык иш-чараларды токтотуу боюнча өкмөткө сунуш киргизип жатат. Министрлик чектөө киргизүүдө өз алдынча токтом кабыл ала албайт. Бүгүн бул маселени биринчи вице-премьер менен дагы талкуулайбыз. Эгер алар сунушубузду кабыл алса, анда той-аштарга чектөө мурдагыдан да күчөйт. Билсеңиздер, тойлорго чектөө коюлган токтом мурда эле чыккан. Бирок аны аткарган адам жок, ошону күчөтүү зарыл", — деди министр.

Өткөн суткада 420 киши коронавирус жуктурса, 227 бейтап айыкты

Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирус 420 кишиден аныкталып, жуктургандардын жалпы саны 56 170ке жетти.

38
Белгилер:
министр, чектөө, той, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
COVID-19га кабылгандар кайсы ооруканага кайрыла алат? Бишкектеги бош орундар
COVID: Кызыл Ай коомунун Бишкектеги ыктыярчылар бригадасы ишке киришти