Ички иштер министринин убактылуу милдетин аткаруучу жана Бишкек шаарынын команданты Курсан Асанов

Милициясыз 2 күн. Курсан Асанов тартип сакчылары эмне кылганын айтып берди

384
(жаңыланган 19:31 07.10.2020)
Учурда Кыргызстанда милиция штаттык режимде иштеп жатат. Бүгүн түнү кадимкидей көчөдө тартипти көзөмөлдөмөкчү.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Ак үй митингчилер тарабынан алынгандан кийин Бишкек милициясы эмне үчүн эки күн иштебей койгонун ички иштер министринин убактылуу милдетин аткаруучу жана Бишкек шаарынын коменданты Курсан Асанов Sputnik Кыргызстанга берген маегинде айтты.

Анын билдирүүсүнө караганда, милицияга жетекчилик толук кандуу көзөмөл кылган эмес.

"Ооба, милиция кызматкерлери эки күн иштеген жок. Анткени Жогорку Кеңеш, өкмөт иштебей калды. Анын үстүнө митингдер учурунда 60тай кызматкер жаракат алды. Чарчагандары үйүнө кетип, айтор, Бишкекте аз эле милиционер калган экен. Бул кадимки адамдык фактор", — деди Асанов.

Ошол учурда аны Коопсуздук кеңешинен Өмүрбек Суваналиев чакырып, шаарга комендант болуп, ИИМди убактылуу жетектеп берүүсүн суранганын кошумчалады.

"Ошондон тартып милдеттеримди аткарып, тартип орното баштадык. Өткөн түнү Бишкекте 2005, 2010-жылдардагы окуялар кайталанып кетпесин деп милиция жөнөкөй кийинип алып элдик кошуундарга кошулуп иштеп жүрүштү", — деди комендант.

Эске салсак, Бишкектеги митингдин эртеси күнү милиция ишке чыккан эмес. Ошол күнү ички иштер министри кызматын убактылуу аткарып жаткан Курсан Асанов мекеменин башкы аппаратынын, Бишкек шаардык жана Чүй облустук ИИББдин жетекчилеринин катышуусунда ыкчам жыйын өткөргөн. Ал эми 7-октябрь күнү эртең менен ал Бишкек милициясына коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча инструктаж жыйын өткөрдү. Учурда милиция штаттык режимде иштеп жатат. Бүгүн түнү кадимкидей көчөдөгү тартипти көзөмөл кылмакчы.

384
Белгилер:
Митинг, милиция, Курсан Асанов, Бишкек
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (464)
Тема боюнча
Курсан Асанов: элдик кошуун менен жөнөкөй кийинип милиция да жүрдү
Медицина кызматкери. Архивдик сүрөт

Коронавирус дагы 522 кишиден табылып, бир бейтап көз жумду

23
(жаңыланган 10:25 29.10.2020)
Бишкек шаарында жана Баткен, Ош облустарында үч медиктин коронавирус жуктуруп алганы аныкталган. Ошол эле маалда жети кызматкер ооруну жеңип, үйлөрүнө чыгарылды.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Өткөн суткада 522 киши коронавирус жуктуруп алганы аныкталып, оору бир адамдын өмүрүн алган. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 110;
  • Ош – 33;
  • Чүй облусу – 58;
  • Ош облусу – 75;
  • Талас облусу – 26;
  • Нарын облусу – 7;
  • Ысык-Көл облусу – 37;
  • Жалал-Абад облусу – 86;
  • Баткен облусу – 90.

Оштогу жаңы оорукана ноябрдан тарта COVID жуктургандарды дарылай баштайт. Фото

Бир суткада дартты 460 бейтап жеңген. Алар:

  • Бишкек – 91;
  • Ош шаары – 37;
  • Чүй облусу – 41;
  • Ош облусу – 82;
  • Талас облусу – 18;
  • Нарын облусу – 5;
  • Ысык-Көл облусу – 29;
  • Жалал-Абад облусу – 90;
  • Баткен облусу – 67.

Тилекке каршы, коронавирустан Баткенде бир бейтап көз жумуп, жалпы каза тапкандардын саны 1 139 болду.

Ал эми оору жуктургандар 57 798ге жетсе, анын ичинен 49 097 бейтап айыкты.

Бир сутка ичинде өлкөдө үч медицина кызматкеринин коронавирус жуктуруп алганы аныкталса, бир суткада үй карантининен жети медкызматкер чыгарылган.

23
Белгилер:
бейтап, өлүм, статистика, оору, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
COVID: инфекция жуктургандардын ичинен 93 адам өтө оор абалда жатат
COVID-19 кабылып оор абалда жаткан бейтапка медиктин жардам берүүсү. Архивдик сүрөт

COVID: инфекция жуктургандардын ичинен 93 адам өтө оор абалда жатат

22
(жаңыланган 10:27 29.10.2020)
Кыргызстан боюнча акыркы суткада коронавирустан бир адам каза таап, 522 киши инфекцияга чалдыккан.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Акыркы маалымат боюнча, Кыргызстанда ооруканаларда коронавирусту жуктурган 3 444 бейтап дарыланып жатса, алардын ичинен 93 кишинин абалы оор бойдон калууда. Бул туурасында Республикалык штабдан кабарлашты.

Дарыланып жаткан ноокастарды карай келгенде, абал төмөнкүдөй:

  • 77 адам — канааттандырарлык абалда;
  • 2396 бейтап — орточо оор;
  • 878 бейтап — оор абалда;
  • 93 бейтап — өтө оор абалда.

Ал эми COVID жуктуруп алып үйдөн дарыланып жаткандар 3 580 адам экени айтылды.

Кыргызстан боюнча акыркы суткада коронавирустан бир адам каза таап, 522 киши инфекцияга чалдыккан.

22
Белгилер:
өлүм, оору, статистика, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Оштогу жаңы оорукана ноябрдан тарта COVID жуктургандарды дарылай баштайт. Фото
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп Балбак Түлөбаев. Архив

Кайрадан орун алмашуу. Балбак Түлөбаев жаңы вицелерди дайындады

0
(жаңыланган 10:41 29.10.2020)
Кадрдык өзгөрүүлөр тууралуу тиешелүү токтомго шаарга жаңы эле башчы болуп келген Балбак Түлөбаев кол койгон.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Бишкек мэриясында кайрадан кадрдык алмашуу болуп, Алмаз Бакетаев биринчи вице-мэрликке кайтып келди. Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Анын орундагы Нариман Түлеев иштен бошотулган.

Бишкек мэриясынын алдында кайрадан митинг. Сүрөт, видео

Ал эми социалдык суроолор боюнча вице-мэрликке Айжан Чыныбаева дайындалды.

Тиешелүү токтомдорго шаарга жаңы эле башчы болуп келген Балбак Түлөбаев кол койгону белгилүү болду.

0
Белгилер:
вице-мэр, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Балбак Түлөбаев ишке киришери менен эки вице-мэр кызматтан кетти