Түндө милицияга 2,5 миң ыктыярчы жардам берет. Курсан Асанов элдик кошуун тууралуу

© Sputnik / Бакыт ТолкановБишкектеги Ала-Тоо аянтындагы митинг
Бишкектеги Ала-Тоо аянтындагы митинг - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек коменданты өткөн түнү борбор калаада тартипти сактоого жардам берген 1,5 миңдей ыктыярчыга ыраазычылык билдирди.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Бүгүн түнү Бишкекте кечээкиден дагы көп ыктыярчы милицияга тартипти сактоого жардам берет. Бул тууралуу ички иштер министринин милдетин убактылуу аткаруучу жана Бишкек шаарынын коменданты Курсан Асанов Sputnik Кыргызстанга берген маегинде айтты.

"Кечээ Бишкекте башаламандык болбошу үчүн 1,5 миңдей жигит көчөгө чыгып, тартипти сактоого жардам берди. Алар Бишкек шаарынан гана эмес, башка аймактардан дагы келгени белилүү болду. Ал жигиттерге чын дилимден ыраазычылык билдирем. Бүгүнкү түнү дагы милицияга 2,5 миңден ашык ыктыярчы кол кабыш кылат", — деди Асанов.

Эске салсак, 7-октябрга караган күнү белгисиз топтор дүкөн, кафелерди тоноого аракет кылышкан. Мисалы, "Нават" кафесине, Vefa соода борборуна мародерлук кылгысы келгендер болду. "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясын көздөй бет алгандардын жолун өз ыктыяры менен чогулган элдик кошуун тороп калган. Ошондой эле алар шаардын көп жерлеринде тынчтык жана тартипти камсыздап беришкен. Буга чейин Асанов алардын арасында жөнөкөй кийинген милиция кызматкерлери дагы иштегенин айткан болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0