Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЖаан учурунда паркта көгүчкөн. Архив
Жаан учурунда паркта көгүчкөн. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бейшембиге караган түнү Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу жерлеринде кар жаайт.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Бейшемби күнү, 8-октябрда, күндүз Чүй облусунан башка аймактардын кээ бир райондорунда жана тоо этектеринде жамгыр, тоолуу өрөөндөрүндө кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Кар жаап, күн сууктайт. Алдыдагы аптага карата аба ырайы

Абанын температурасы Чүйдө +11...+16, Талас, Ысык-Көл, Нарын жергесинде +10...+15, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +14...+19 градус жылыйт.

Күндүн табы борбор калаабыз Бишкекте +13...+15 жана Ош шаарында +17...+19 градус болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0