Оштун борбордук аянтында боз үйлөр

Оштун борбордук аянтына боз үйлөр тигилүүдө. Сүрөттөр

549
(жаңыланган 23:35 07.10.2020)
Түштүк калаада бийликти бир нече саясий күч талашып жатканы айтылууда. Алардын тарапташтары улам аянтка чыгып жатышат.

ОШ, 7-окт. — Sputnik. Ош шаарынын борбордук аянтына боз үйлөр тигиле баштаганын жеринен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирди.

  • На центральной площади Оша устанавливаются шесть юрт
    Ош шаарынын борбордук аянтына алты боз үй тигилгенин жеринен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирди
    © Sputnik / Эламан Карымшаков
  • На центральной площади Оша устанавливаются шесть юрт
    Үйлөрдү тигип жаткандар аракетинин себебин айтуудан баш тарткан. Буга чейин аянтка миңдей киши чогулган болчу, азыр алар тарай баштады
    © Sputnik / Эламан Карымшаков
  • На центральной площади Оша устанавливаются шесть юрт
    Белгилей кетсек, Ошто бийликти бир нече саясий күч талашып жатат. Айрымдары кечээ Ошко келип, митингчилердин алдында сүйлөгөн мурунку мэр Мелис Мырзакматовду колдоодо
    © Sputnik / Эламан Карымшаков
1 / 3
© Sputnik / Эламан Карымшаков
Ош шаарынын борбордук аянтына алты боз үй тигилгенин жеринен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирди

Үйлөрдү тигип жаткандар аракетинин себебин айтуудан баш тарткан. Буга чейин аянтка миңдей киши чогулган болчу, азыр алар тарай баштады.

Белгилей кетсек, Ошто бийликти бир нече саясий күч талашып жатат. Айрымдары кечээ Ошко келип, митингчилердин алдында сүйлөгөн мурунку мэр Мелис Мырзакматовду колдоодо.

Жардам берем десеңиз... Элдик кошуундардын дареги жана телефондору

Дагы бир топ — ЖК депутаты Дүйшөн Төрөкуловдун тарапташтары. Эл өкүлү алгач өзүн мэр деп жарыялап, кийин шаардык кеңеш ишенбөөчүлүк көрсөткөнүнө карабай мэр Таалайбек Сарыбашевге кызматты өткөрүп берген.

Үчүнчү топ Таалайбек Сарыбашевди колдоп, шаардык кеңештин депутаттарынын чечимине каршы чыгып жатат. 50-70тей киши легитимдүү президент экенин айтып Сооронбай Жээнбековдун таламын талашууда.

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлагандай, учурда облус жетекчилигине отставкага кеткен Байыш Юсупов кайтып келди. Аппараттын штаттык режимде иштеп жатканы айтылды.

549
Белгилер:
өкүл, өкмөт, мэр, колдоо, тараптар, Боз үй, аянт, Ош шаары
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (461)
Тема боюнча
Ош шаарына кайрадан Таалайбек Сарыбашов мэр болду
Ошто Таалайбек Сарыбашовду колдогон митинг өтүп жатат. Сүрөт, видео
Мамлекеттик Ала-Арча жаратылыш паркы

Шаршембиге карата аба ырайы

35
Синоптиктер шаршембиге караган түнү жаан-чачын күтүлбөй турганын маалымдашты. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Шаршемби күнү, 21-октябрда, күндүз өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас аймактарында +20...+25, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +21...+26, Ысык-Көл менен Нарын жергесинде +14...+19 градус жылыйт.

Чоң Алайда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө болду

Күндүн табы Бишкекте +23...+25 жана Ош шаарында +24...+26 градуска чейин көтөрүлөт.

35
Белгилер:
Кыргызстан, октябрь, аба ырайы
Тема боюнча
2-ноябрда Жерге астероид түшүшү ыктымал
Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Нариман Түлеев

COVID күчөп кетсе Бишкек даяр болушу керек. Түлеевдин биринчи жыйыны

161
(жаңыланган 20:12 20.10.2020)
Эртең менен биринчи вице-мэр болуп дайындалган Түлеев Азиз Суракматов кызматтан кеткенден кийин шаар башчысынын милдетин аткарып калды.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Нариман Түлеев коронавирус пандемиясы шарттаган экономикалык кырдаалга тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу жетекчинин биринчи жыйынында белгилүү болду.

Эскерте кетсек, Түлеев бүгүн эртең менен вице-мэрликке дайындалып, шаар башчысы Азиз Суракматов кызматтан кеткенден кийин калаа жетекчисинин милдетин аткарып калды.

Түлеев: чынын айтсам, мэрияга баргым келген эмес

Түлеев вице-мэрлерди, акимдерди жана шаар кызматтарынын жетекчилерин чогулткан.

"Мэрдин милдетин аткаруучу коронавирус пандемиясы шарттаган экономикалык абалга тынчсыздануусун билдирди. Экономика жана финансы боюнча вице-мэр Алмаз Бакетаевге райондук салык башкармалыктарынын жетекчилерин чогултуу тапшырылды", — деп айтылат маалыматта.

Түлеев эпидемиологиялык абал өлкө боюнча татаал экенин белгилеп, вирус жайылып кете турган болсо шаар ага даяр болушу керектигине токтолгон.

Мындан тышкары, жыйында шаар кызматтары калааны тазалоо иштерин күчөтүшү керектиги кошумчаланды.

161
Белгилер:
эпидемия, жыйын, Бишкек мэриясы, Нариман Түлеев
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Абакта "авторитет" болгон. Бишкек мэрлигине кайра келген Түлеев жөнүндө 7 факты
Экс-президент Сооронбай Жээнбеков. Архив

Жээнбеков жоюп кеткен Антикоррупциялык кызматты Жапаров жандантты

135
(жаңыланган 22:30 20.10.2020)
Жаңы жарлыктын негизинде Жээнбековдун жарлыгынын колдонулушу токтотулуп жана кабыл алынган күндөн тартып күчүн жоготту деп табылды. 

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын ишин жандандыруу боюнча жарлыкка кол койду. Бул туурасында президенттик аппарат билдирди.

Белгилей кетсек, экс-президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетип жатып аталган кызматты жоюу туурасында жарлыкка кол койгон

Жапаровдун чыгарган жарлыгына ылайык, Жээнбековдун жарлыгынын колдонулушу токтотулду жана кабыл алынган күндөн тартып күчүн жоготту деп табылды.

Буга байланыштуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антикоррупциялык кызматынын иши улантылат.

УКМКга төмөнкүдөй тапшырмалар берилди:

  • Антикоррупциялык кызматтын иштөөсүн камсыз кылсын;
  • Антикоррупциялык кызматтын мындан аркы ишин оптималдаштыруу боюнча сунуштарды киргизсин.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

135
Белгилер:
кызмат, коррупция, жарлык, Садыр Жапаров, Сооронбай Жээнбеков
Тема боюнча
Экс-президент макамы Жээнбековго кандай артыкчылык берет? Тизме
Жээнбеков расмий түрдө экс-президент болду. Жапаровдун биринчи жарлыгы