Ички иштер министринин милдетин убактылуу аткаруучу Курсан Асанов

Кызымдын сөзү талкуусуз кабыл алынды. Курсан Асановдун эксклюзивдүү маеги

2265
(жаңыланган 09:53 08.10.2020)
Ички иштер министринин милдетин убактылуу аткаруучу Курсан Асанов Sputnik Кыргызстан агенттигине эксклюзивдүү маек берип, учурдагы абалды түшүндүрүп берди.

Ал ИИМди кимдин сунушу менен жетектеп калганын жана Ак үй алынгандан кийинки милициясыз эки күн тууралуу дагы айтып, келечек пландары менен бөлүштү.

— Курсан мырза, митингчилер Ак үйдү алгандан кийин эки күн бою милициясыз калдык. Бул учурда укук коргоо органдарынын кызматкерлери кайда, эмне кылып жүрүштү?

— Ооба, милиция эки күн иштеген жок. Анткени Жогорку Кеңеш, өкмөт иштебей калды. Анын үстүнө митингдер учурунда 60тай кызматкер жаракат алды. Чарчагандары үйүнө кетип, айтор, Бишкекте аз эле милиционер калган экен. Бул кадимки адамдык фактор. Бирок өткөн түнү Бишкекте 2005, 2010-жылдардагы окуялар кайталанып кетпесин деп милиция жөнөкөй кийинип алып элдик кошуундарга кошулуп иштеп жүрүштү. Баса, кечээ 1,5 миңдей жигит Бишкекте көчөгө чыгып, тартипти сактоого жардам берди. Аларга ыраазычылык билдиребиз. Бүгүн андан да көп, тагыраагы, 2,5 миң ыктыярчы көмөк көрсөтөт.

Милиция азыр штаттык режимде иштеп жатат. Эл менен биргебиз, элге тоскоолдук кылбайбыз. Болгону тартипти, коопсуздукту сактайбыз.

Курсан Асанов: жалгыз күнөөм — Атамбаевди тирүү кармаганым

 — Сиз кандайча убактылуу жетекчи болуп калдыңыз?

— Милиция башчысыз калган учурда мени Коопсуздук кеңешинен Өмүрбек Суваналиев чакырып, шаарга комендант болуп, ИИМди убактылуу жетектеп бер деп суранды. Эл ишенет, тажрыйбаң бар деди. Ошондон тартып милдеттеримди аткарып, тартип орното баштадык.

Эксклюзивное интервью и.о. главы МВД Курсана Асанова для Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Ички иштер министринин милдетин убактылуу аткаруучу Курсан Асанов: Милиция эки күн иштеген жок. Анткени Жогорку Кеңеш, өкмөт иштебей калды. Анын үстүнө митингдер учурунда 60тай кызматкер жаракат алды. Чарчагандары үйүнө кетип, айтор, Бишкекте аз эле милиционер калган экен. Бул кадимки адамдык фактор.

— Митингчилер Ак үйдү алган түнү милиция болгон күчүн жумшап иштеген жок деген кептер чынбы? Анткени пандемия учурунда күчөтүлгөн тартипте иштегени үчүн кошумча төлөмүн жөндөп ала албаган кызматкерлердин жетекчиликке таарынычы бар экени айтылууда.

— Кайсы гана бийлик болбосун, элди коркутуп-үркүтпөй жүрөгүнөн орун алышы керек. Укугун коргоп, таламын талашышы зарыл. Мисалы, кызматкер жетекчиликтин кемчилигин айтып койсо, коркутуп, видео аркылуу кечирим суратып, кайра аны интернетке жүктөп... Муну УКМКнын төрагасы менен ички иштер министри жогору жакка жакшы көрүнөбүз деп жасатып жатышты да.

Пандемия тууралуу айта турган болсок, бизде ага даярданууга төрт ай болду. Бирок бир дагы мамлекеттик түзүм милдетин так аткарган жок. Айтылган сөз кагазда эле кала берди. Пандемиядан бизди жаштар, ыктыярчылар куткарды. Демилге көтөрүп, колунда барлар каражат бөлүп жатып сактап калды. Өкмөт эч нерсе кылган жок! Башка өлкөлөрдөн жардам алган кошуналардай болуп оорукана салган жокпуз, медиктерди чет өлкөгө тажрыйба алууга жиберген жокпуз.

Курсан Асанов: элдик кошуун менен жөнөкөй кийинип милиция да жүрдү

Милиция тууралуу айта турган болсом, сержанттардан тарта полковниктерге чейин коронавирустан көз жумгандар болду. Эң өкүнүчтүүсү — башкы башкармалыкта иштеген жетекчилерди ооруканага жаткыра албай коюшуптур. Бул эмне деген шумдук?

Пандемия күч алып турганда биринчи катарда иштеген милиция кызматкерлери үчүн өзүбүздө коргонуучу каражаттар болбоптур. Себеби жетекчилик тарабынан каражат туура каралган эмес. Эсиңерде болсо, Жогорку Кеңеште ИИМ пандемия учурунда кошумча төлөм сураган жок деген кеп тарап кеткен. Албетте, жетекчилик муну жогору жакка жагалдануу үчүн жасады. А бирок катардагы кызматкерлер бала-чакасын кантип багат?

6-октябрга караган түндөгү окуя тууралуу айта турган болсок, ошол жерге бийлик, өкмөт башчы, ички иштер министри чыгышы керек эле. Элге шартты түшүндүрүп, коюлган талаптар боюнча маселени карап жатканын айтышы зарыл болчу. Алар күч менен элди кууп ийебиз деп ойлошсо керек. 

Кызыгы, Кашкар Жунушалиев митинг болуп жаткан мезгилде ошол жерде болуп, бирок эл таш ыргыта баштаганда качып кеткен. Бул жөнүндө мага анын орун басарларынын бири айтты. Жетекчи болбосо, аягы кандай бүтөрүн билесиңер да. Керек болсо кабинетиндеги буюмдарын алып кетпептир. Бүгүн берип жибердик.

— Азыр ал кайсы жакта?

— Анысын билбейм.

— Митингчилер Ак үй менен УКМКнын имаратын оңой эле алып койгонун милиция эл тарапка өтүп кетти деп түшүнсө болобу?

— Милициянын айрым кызматкерлери чындап эле эл тарапка өттү. Мен өзүм деле ошол жерде жүрүп баарына күбө болдум.

Бул жерде бийлик көлөкөсүнөн коркту, анткени элге кадыры сиңген кишиси жок эле. Болбосо нааразычылыктар башталары менен тиешелүү адамдар менен кезигип, маселени чечиши керек болчу.

— Сооронбай Жээнбеков президент бойдон калса, ага баш ийип иштейсизби? 

— Ал президенттикте калышы үчүн элдин каалоосу болушу керек. Кеп менин каалоомдо эмес. Эгер эл каалап, Ак үйгө алып барып отургузса башка кеп. Бирок андай болушу кыйын го...

— Күч органдарында жердешчилик абдан күчтүү экенин кызматкерлер өздөрү айтып жүрөт? Сиз муну менен кантип күрөшөсүз?

— Каалаган милиционерден сурап көргүлө, менде жердешчилик болгон эмес жана болбойт! Бизде жерлиги менен эмес, кесипкөйлүгү менен көтөрүлүшү керек. Анткени менин планымда жакынкы жылдарда кыргыз милициясы жок дегенде Орто Азияда биринчи орунга чыгышы зарыл.

Кааласам мен жаңы келгенде эле абалдан пайдаланып кетирчүлөрдү кетирип, өз адамдарымды коюп алсам болмок да. Мисалы, органдагы кызматынан атайылап кетирилген туугандарым бар.  Алар ушул убакка чейин жумушсуз жүрүшөт. Бирок мен аларды тууганым болгону үчүн гана жумушка алып албайм. 

— Бизде криминалдык дүйнө бийликке чейин аралашып кеткени айдан ачык. Сиз алар менен кантип күрөшөсүз?

— Биринчиден, милиция өзү тазаланышы керек. Экинчиден, криминалдар бүгүнкү күндө Жогорку Кеңеш түгүл, бийлик бутактарында дагы бар. Айрымдары криминалдардын той-топуруна барып жүрөт. Ошонун айынан азыркыдай толкундоолор болуп жатат.

Албетте, мен дароо баарын жок кылып ием дебейм. Алар өз ордун билиши керек! Кыргызстанда кичинекей бала эч нерседен коркпой көчөгө чыгып ойноп, окуучулар рэкеттерден коркпой мектепке барып келиши керек. 16-17 жаштагы балдар криминалдык авторитет болом дебей, милиционер, учкуч болом деп кыялданышы зарыл.

Эксклюзивное интервью и.о. главы МВД Курсана Асанова для Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Курсан Асанов: Каалаган милиционерден сурап көргүлө, менде жердешчилик болгон эмес жана болбойт! Бизде жерлиги менен эмес, кесипкөйлүгү менен көтөрүлүшү керек. Анткени менин планымда жакынкы жылдарда кыргыз милициясы жок дегенде Орто Азияда биринчи орунга чыгышы зарыл.

— Сиз аларды билесиз, тааныйсыз да?

— Жок, билбейм десем туура эмес болуп калат. Ошон үчүн оппозициялык маанайдагы партиялардын катарына кирип, талапкерлигимди койгом. ...Мага өтө кыйын учур болду, өзгөчө былтыркы Кой-Таш окуясынан кийин куугунтуктоо 37-жылкы репрессиядан  бешбетер  болуп кеткен. Мында  үй-бүлөм, балам эле эмес, айылдаштарым, капысынан сүйлөшүп калган тааныштарым куугунтукталды...

Азыр биринчи милдетибиз мыйзам талаасына келебиз, коомдук тартип орноткондон соң сөзсүз Улуттук коопсуздук комитети менен биргеликте биз катуу чара көрөбүз. Аны убакыт көрсөтөт. Ачык айтайын, биз галстук тагынгандардан баштайбыз.

Эскерте кетүүчү нерсе – коомчулуктун алдына чыгып сүйлөгөндө жер-жерлерге бөлгөн учурлар болууда. Андан сырткары, улут аралык кагылышты чыгарууга кызыкдар күчтөр бар экени маалым болду. Бизде, анын ичинен өзүмдө да маалыматтар жетиштүү. Маселен, Таласта, Ысык-Көлдө жана Ош шаарында эмне болуп жатканы туурасында толук билем. Азыртан айтып коеюн, ал оюңар ишке ашпайт, мыйзам алдында жооп бересиңер. Арам оюңардан кайтып, үй-бүлөнүн кашында отурганыңар жакшы. Болбосо, кеч болуп калат. Азыр мыкты жаштар бар, ошолордун жардамы менен көптөгөн маселени чечебиз. Жер-жерлерге бөлүнүүгө, элди бөлүп-жарууга, улут аралык кагылышка жол бербейбиз. 

Жээнбековго импичмент! "Ала-Тоо" аянтында жаштар митинг өткөрүп жатышат. Сүрөт

— Бул жообуңузду улай суроо берейинчи... 2010-жылы Кыргызстанда бийлик алмашып, абал кыйын болуп турганда Ош, Жалал-Абадда, кийин Маевкада улуттар аралык чыр чыгып кеткен. Азыркы кырдаалды эске алганда алдын алууну пландаган иштер барбы? Ошондой жаман ниеттеги адамдарга эмне айтар элеңиз?

— Бизде план-мерчем кагаз түрүндө дайыма болот, бирок кеп башкада. Туура баамдагансыз, 2010-жылы Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси элем. Ошол оор күндөрү бир дагы мародерчулук болгон жок. Бизде, айрыкча Ошто, көп улуттар бар, өзбек, тажик, орус, уйгур улутундагы коңшулардын лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп отуруп талап-тоноочулукка жол берген эмеспиз. Мени 25-майда Бишкекке которуп жатканда "убактылуу болсо да иштеп турайын, улут аралык кагылыш чыгып кетет" дегем. Себеби кырдаалдын бузула баштаганы байкалып калган. Анан 10-июнда улут аралык чатак чыкты. Биздин министр эле, раматылык Болот Шер да которулушума каршы болгон. Эми ал көп сөз...

Төрт адамды башкарыш үчүн да кесипкөй болуп, ошол кесипти сүйүшүң керек. Албетте, тажрыйба керек, топтогон тажрыйбаңды колдоно билүү бул да өнөр. Кагазга жакшынакай кылып жазып, ал тургай беш тил билгениң менен кыйын кырдаалда ал тилдерди да унутуп калышың мүмкүн. Сүйлөй албай каласың.

Атамбаевге барган жетекчи оозун ача албай койгон. Тили күрмөөгө жарабай, үнү чыкпай калган.

Эксклюзивное интервью и.о. главы МВД Курсана Асанова для Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Курсан Асанов:Биринчиден, милиция өзү тазаланышы керек. Экинчиден, криминалдар бүгүнкү күндө Жогорку Кеңеш түгүл, бийлик бутактарында дагы бар. Айрымдары криминалдардын той-топуруна барып жүрөт. Ошонун айынын азыркыдай толкундоолор болуп жатат.

— Кашкар Жунушалиев?

— Ошол да, анан ким эле.

Ушундай учур болот. Бул эмнеден жаралат? Ал өзүңө ишене албагандыктан, корккондуктан келип чыгат. Мындай кырдаалда, биринчиден, мол тажрыйба, экинчиден, чечкиндүүлүк, үчүнчүдөн, тез арада чечим кабыл алышың керек. Бирөөнү карап, Ак үйүнө же көк үйүнө телефон чалышым керек деп отурганга убакыт жок. Антпесең, бүттү, кетти. Кеч каласың. Бир адамдын каны төгүлсө же бир жеринен кан чыкса, акыбети жакшы болбойт.

Буюрса, бүгүн-эртең чечилсе, Жогорку Кеңеш колдоп берсе, партиялар сүйлөшүп өкмөт башчыны шайлап алса бардыгы жакшы болот. Шайлоосу да, башкасы да болот дегилечи. Бизге эң негизгиси  — тынчтык, туруктуулук керек. Дагы бир нерсеге токтоло кетейин. Милиция кызматкери деген ким? Алар чет жактан келген жок, өзүбүздүн балдарыбыз. Бирөөнүн жалгыз баласы, бирөөбүздүн инибиз. Ички иштер министри катары аларга жардам берүүңүздөрдү өтүнөм.

— Сизге Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш иши козголуп, атыңыз аталып калды. Кыргызстандын жараны катары ИИМдин мурдагы жетекчиси Кашкар Жунушалиевди сотко бересизби?

— Мен Кудайдын, элдин, кыргызстандыктардын, журналист, активист, блогерлердин арты менен эбак акталгам. Болгону жалгыз бир ката кетиргем. Ал — Алмазбек Атамбаевди тирүү кармаганым. Ушуну менен көп нерсе түшүнүктүү го деп ойлойм. Менде материал, далил жетиштүү. Бул тууралуу сотто да айткам, силерге да айтып жатам. Эч нерсе болгон эмес. 

— Баары бир сот болот экен да?

— Сот боло берсин, мен кандай болгонун төкпөй-чачпай айтып берем. Анда да баарын айткам. Эч нерсе табышкан жок. Бул негизи ийне-жибине чейин ойлонулган.

Билесиңби, адам катары бир нерсе бар... Айтпайын дегем, эми суроо берип калыпсың... Балдарга тийгенге болбойт, сен кандай болсоң да, баланы жөн коюш керек. Эгерде бирөө-жарым кылмыш жасаса, анын баласына эмнеге тийишет.

— Уулуңуз тууралуу айтып жатасыз да?

— Ооба, негизи жалпысынан да айтып жатам. Үй-бүлө деген ыйык нерсе. Дал ушундан улам оппозицияга аттандым. Корко турган эч нерсем жок. Ал эми бул жерге, бул кызматка элдин, өзүмдүн кесиптештеримдин ишенимин акташ үчүн келдим. Ошол.

Ал эми Кашкар тууралуу (мурдагы ИИМ жетекчиси  Кашкар Жунушалиев – ред.) сүйлөгүм деле келбейт.

Эксклюзивное интервью и.о. главы МВД Курсана Асанова для Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Курсан Асанов: Коомдук саясий абал көзөмөлдө, Ички иштер министрлиги жер-жерлерде толугу менен иш ордунда. Райондук, шаардык милициялардын жетекчилери, башка бөлүмдөрдүн башчылары, борбордук аппарат, орун басарларым иштеп жатат.

— Жок дегенде азыр кайда экендигин билесизби?

— Жок, мага анын эмне кереги бар. Биз бири-бирибизди мактап-жакташыбыз  мүмкүн, а Кудай деген төбөдө карап турат. Кашкар өзүнүкүн алды. Орун басарлары "суу жүрөк, коркуп качып кетти" деп жаткандан кийин башка эмнени айтабыз. Ким саткын, милициянын кызыкчылыгын ким саткан болот? Кимдин-ким экенин туптуура бир жыл үч айдан соң мезгил өзү көрсөттү. Бул сөздү таштайлы да, андан көрө бүгүнкү абал боюнча темага келели.

— Сиз министр катары коомдогу активисттер, журналисттер, блогерлер менен кызматташууга кызыкдарсызбы?

— Мен коом, башкысы эл үчүн ар дайым ачыкмын. Келгиле, эртең саат 10до жолугалы. Сунуш, пикирлерин ала келишсин. Биздин кандай иштеп жатканыбызды көрүшсүн.

Эл дегенден улам дагы бир учурду эстедим. Шайлоо алдында ар кыл партиялардан сунуш түштү. Эгерде "Бүтүн Кыргызстанга"  барбасаң кел" деп ушул кызмат да сунушталган. Бир күнү кызым Аяна басып келип "ата, элдин душманы болгондон көрө эл менен бол" деп бетимден өөп, басып кетти. Ошону менен бул маселе экинчи талкууланган жок...

Мен деле азыр эч кандай партиянын мүчөсү эмесмин, ал эми "Бүтүн Кыргызстанга" талапкер катары бардым.

Азыркы башкы милдетим — жарандык активисттер, жаштардын жардамы жана, албетте, өзүмдүн жеке курамым менен коомдук тартипти сактоо.

Коомдук саясий абал көзөмөлдө, Ички иштер министрлиги жер-жерлерде толугу менен иш ордунда. Райондук, шаардык милициялардын жетекчилери, башка бөлүмдөрдүн башчылары, борбордук аппарат, орун басарларым иштеп жатат. Келерим менен ачык эле эч кандай куугунтуктоо болбой тургандыгын айттым. Коомдук-саясий абалды турукташтырып, эл менен бирге коомдук тартипти орнотуу үчүн иштөө зарылдыгын айттым.

Мен өзүмдүн  жана Ички иштер министрлигинин атынан жаштарга ыраазычылык билдирем. Алар бишкектиктер жана ар кыл облустан келген жаштар. Туруктуулук коомчулуктун, ушул балдардын жардамы менен кармалып турат. 

Эл менен коомдук тартипти камсыз кылабыз. Регионалдык жана улут аралык кастыкты пайда кылып, абалды чайпалтууга кызыкдар болгондор бар. Алар тууралуу маалыматтар биздин колубузда турат. Андай болбостугуна убада берем. Биз буга жол бербейбиз жана бул сыяктуу иштер токтотулат.

2265
Белгилер:
маек, Курсан Асанов, ИИМ, Кыргызстан
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (464)
Тема боюнча
Курсан Асанов: Кашкар Жунушалиев митингде таш ыргытыла баштаганда качып кеткен
Ооруканадагы койкалар. Архив

Бишкекте COVID жуктургандар кайсы ооруканага бара алат? Тизме

12
(жаңыланган 11:05 29.10.2020)
Кечээги күнгө салыштырмалуу ооруканалардагы орундар азайып баратат. Кээ бир стационарларда бейтаптар толуп калгандыктан, жата турган жер жок.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Бишкек шаарындагы ооруканаларда коронавируска кабылгандарды жаткыруу үчүн 66 бош орун бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалымат 28-октябрь күнү саат 8:00гө карата берилди.

Коронавирус дагы 522 кишиден табылып, бир бейтап көз жумду

  • Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы — 2;
  • Улуттук фтизиатрия борбору — 8;
  • Улуттук хирургия борбору — 6;
  • Улуттук госпиталь — 0;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору — 18;
  • №1 шаардык клиникалык ооруканасы — 0;
  • Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 2;
  • Темир жол ооруканасы — 0;
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 10;
  • Улуттук онкология жана гематология ооруканасы — 3;
  • №2 клиникалык төрөт үйү — 17.

Кошумча маалыматты стационарлардын картасында көрсөтүлгөн номерлер аркылуу тактоого болот.

12
Белгилер:
бейтап, стационар, оорукана, коронавирус, Бишкек
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Оштогу жаңы оорукана ноябрдан тарта COVID жуктургандарды дарылай баштайт. Сүрөт
Медицина кызматкери. Архивдик сүрөт

Коронавирус дагы 522 кишиден табылып, бир бейтап көз жумду

54
(жаңыланган 10:25 29.10.2020)
Бишкек шаарында жана Баткен, Ош облустарында үч медиктин коронавирус жуктуруп алганы аныкталган. Ошол эле маалда жети кызматкер ооруну жеңип, үйлөрүнө чыгарылды.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Өткөн суткада 522 киши коронавирус жуктуруп алганы аныкталып, оору бир адамдын өмүрүн алган. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 110;
  • Ош – 33;
  • Чүй облусу – 58;
  • Ош облусу – 75;
  • Талас облусу – 26;
  • Нарын облусу – 7;
  • Ысык-Көл облусу – 37;
  • Жалал-Абад облусу – 86;
  • Баткен облусу – 90.

Оштогу жаңы оорукана ноябрдан тарта COVID жуктургандарды дарылай баштайт. Фото

Бир суткада дартты 460 бейтап жеңген. Алар:

  • Бишкек – 91;
  • Ош шаары – 37;
  • Чүй облусу – 41;
  • Ош облусу – 82;
  • Талас облусу – 18;
  • Нарын облусу – 5;
  • Ысык-Көл облусу – 29;
  • Жалал-Абад облусу – 90;
  • Баткен облусу – 67.

Тилекке каршы, коронавирустан Баткенде бир бейтап көз жумуп, жалпы каза тапкандардын саны 1 139 болду.

Ал эми оору жуктургандар 57 798ге жетсе, анын ичинен 49 097 бейтап айыкты.

Бир сутка ичинде өлкөдө үч медицина кызматкеринин коронавирус жуктуруп алганы аныкталса, бир суткада үй карантининен жети медкызматкер чыгарылган.

54
Белгилер:
бейтап, өлүм, статистика, оору, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
COVID: инфекция жуктургандардын ичинен 93 адам өтө оор абалда жатат
Алматыдагы блокпостто айдоочулардын температурасын текшерүү. Архивдик сүрөт

COVID Казакстанда күчөп, Өзбекстанда мизи кайта баштады. Коңшулардагы абал

16
(жаңыланган 11:24 29.10.2020)
Дүйнө жүзүндө вируска кабылгандардын саны 44 401 826га жетсе, анын ичинен 1 173 292си көз жумду.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Дүйнөнүн башка өлкөлөрү сыяктуу эле Кыргызстанга коңшу мамлекеттерде коронавирус жуктургандардын саны өсүп бара жатат.

Sputnik Казакстан агенттигинин жазганына караганда, мында жуктургандардын саны бүгүн эки эсеге көбөйдү. Тагыраагы, 28-октябрь күнү өлкө боюнча 148 кишиден COVID-19 аныкталса, бүгүн бул көрсөткүч 268ге жетти. Ал эми жалпы ооругандардын саны 111 100дү түздү.

Кайсы өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстанга кирип-чыга алат? Тизме

Тажикстанда дагы вирустун басаңдачу түрү жок. Акыркы күндөрү бул өлкөдө күндө бирден адам каза болуп, кечээ вирус курмандыктарынын саны 82ге жетти. Өлкө боюнча жалпысынан 10 900 адамдан коронавирус аныкталды.

Ал ортодо Өзбекстандын айрым шаарларында оору эң жогорку чегине жетип, акырындан мизи кайта баштаганы айтылды. Мисалы, Самарканд шаарынын башкы санитардык дарыгери Абдулла Абиев бул жерде оору жугузгандардын саны азайып бара жатканын билдирди. Өзбекстанда коронавирус жугузгандардын саны учурда 66 141 киши.

Казакстанга кирип-чыгуунун жол-жобосу

Ал эми Кыргызстанда акыркы суткада дагы 522 киши коронавирус жуктуруп, бир адам көз жумду. А Ушуну менен оору жуктургандар 57 798ге жетсе, анын ичинен 49 097 бейтап айыкты.

Дүйнө жүзүндө вируска кабылгандардын саны 44 401 826ны түзүп, анын ичинен 1 173 292си көз жумду.

16
Белгилер:
статистика, коронавирус, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
COVID: инфекция жуктургандардын ичинен 93 адам өтө оор абалда жатат