Бишкектеги Ала-Тоо аянты - Sputnik Кыргызстан

8-октябрь. Кыргызстанда эмне болуп жатканын баяндаган сүрөт, видео

Жазылуу
Түн Бишкекте тынч өттү. Калааны миңдеген элдик кошуундун мүчөлөрү кайтарып, абал оорлошкон жок.

Митингчилер Ак үйдү алган күндөн тарта кырдаал чыңалган боюнча турат. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл "Ала-Тоо" аянтына чыгып, 6-октябрда Ак үйгө кирип кеткен. 

Бул окуядан кийин ар кыл аткаминерлер, алардын ичинен өкмөт башчы менен парламенттин төрагасы отставкага кеткен.

Ал эми кечээ Бишкекте өкмөт үйүнүн жанында эки,  "Ала-Тоо" аянтында бир митинг болгон.

Кыргызстанда бүгүн кандай окуялар болуп жаткандыгын Sputnik Кыргызстандын тексттик баяндамасынан окуп турсаңыздар болот.

Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
18:31 08.10.2020
18:09 08.10.2020
17:11 08.10.2020

"Ал (ЖК төрагасы Мыктыбек Абдылдаев) премьер-министрликти же башка кызматтарды көздөбөйт. Спикерлик милдетти өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу максатында убактылуу алып барууда. Бийликке жаштар келсин деген көз караштарды колдойт. Кезексиз жыйындын кечеңдеп жатышынын негизги себеби, фракция лидерлери, депутаттык топтор менен сүйлөшүүлөр оор болууда", - деп билдирген парламенттин маалымат катчысы Ибраим Нуракун уулу. 

16:38 08.10.2020

Жогорку Кеңештин айрым тарабынан президентти кызматтан четтетүү процедурасы башталды. Бул тууралуу төрага Мыктыбек Абдалдаевге шилтеме берип парламенттин маалмат катчысы Ибраим Нуракун уулу билдирди.

15:37 08.10.2020

Кыргызстандын Чек ара кызматына жогорку кызматтагы аткаминерлерди чет өлкөгө чыгарбоо боюнча тапшырма берилди. Бул туурасында аталган ведомстводон кабарлашты.

 

14:55 08.10.2020

Мэриядан кышкы маалга даярдануу боюнча штаб чогулуп жаткандыгын айтты. Балким, бүгүн көп кабаттуу үйлөргө жылуулук берилип калат.

13:30 08.10.2020

2019-жылы издөө жарыяланган Мухаммед-Али Асанов Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралуу анын атасы, ИИМ башчысынын милдетин аткарып жаткан Курсан Асанов маалымат жыйында билдирди.

Белгилей кетсек, былтыр августта Башкы прокуратура Курсан Асановдун уулуна буюм далилдер берилип жатканы тартылды делген видео жарыялаган. Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал буюмдарды Атамбаевдин үйүнөн 8-август күнү Курсан Асанов алып чыгып, жансакчылар аркылуу Мухаммед-Алиге берген. Андан кийин Аскер прокуратурасы Асановдун уулу өлкөдөн чыгып кеткенин билдирген.

 

 

Международное соревнования по джиу-джитсу в США - Sputnik Кыргызстан
13:10 08.10.2020

Бишкек шаарында 5-октябрь түнү "Ала-Тоо" аянтындагы митингден кийин болгон башаламандыкта каза болгон Үмүтбек Алтынбек уулу бүгүн жерге берилди. Алтынбек уулу Үмүтбек кулакты тундуруучу гранатанын жарылышынан улам бутунан оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Үмүтбек 2001-жылы Лейлек районунун Кара-Булак айылында төрөлгөн. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты, 8-октябрда Лейлек районунда өз айылында өттү. 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу айылдагы мектепте 9-классты аяктагандан кийин окуусун Бишкекте улантып тигүүчүлүк кесипке ээ болуп иштеп турган. Үмүтбекти акыркы сапарга узатууга Лейлек районунун жетекчилиги катышты

Похороны Умутбека Алтынбек уулу, погибшего после событий 5 октября на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
11:41 08.10.2020

Жуктургандар:

Бишкек – 77;
Ош – 13;
Чүй облусу – 17;
Ош облусу – 62;
Талас облусу – 3;
Нарын облусу – 2;
Ысык-Көл облусу – 8;
Жалал-Абад облусу – 44;
Баткен облусу – 19.


 

11:36 08.10.2020
11:26 08.10.2020

Ош облусу – 1
Баткен облусу – 2
Бишкек – 1

11:22 08.10.2020
11:11 08.10.2020

Товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык жол-жоболоштуруу кадимки режимде иштеп баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлады.

Билдирмеге ылайык, 8-октябрдан тарта Кыргызстандагы банктар өз ишин жандандырды. Буга байланыштуу товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык жол-жоболоштуруу иши да жанданган.

10:45 08.10.2020
10:45 08.10.2020

Премьер-министрликке талапкерди депутаттык мандаттын көбүнө ээ болгон фракция же коалиция көрсөтөт. Азыркы коалицияга КСДП, "Республика — Ата-Журт", "Кыргызстан" жана "Бир бол" фракциялары кирет.

 

Принесение присяги в Жогорку Кенеше - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда премьер-министр кантип дайындалат? Процедурасы
10:37 08.10.2020

Ош шаарында бийликти бир нече саясий күч талашып жатканы айтылууда. Алардын тарапташтары улам аянтка чыгып жатышат.

Ситуация в Оше после окончания парламентских выборов - Sputnik Кыргызстан
10:35 08.10.2020
Дружинники у здания правительства КР - Sputnik Кыргызстан
10:29 08.10.2020

Бишкек шаарына коомдук транспорт жүрүүдө

Ситуация в Бишкеке после парламентских выборов - Sputnik Кыргызстан
Жаңылыктар түрмөгү
0