Бишкек менен Жалал-Абадда көп. Бир суткада 245 кишиден COVID табылды

© AFP / OSCAR DEL POZOМедициналык кызматкер коронавируска анализдер менен
Медициналык кызматкер коронавируска анализдер менен - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыркы тапта 1 366 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат. Ал эми 1 491 киши медициналык жардамды үйлөрүнөн алууда.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Бир суткада Кыргызстанда коронавирустан 159 бейтап айыкты. Ошол эле учурда 245 киши COVID-19 жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Айыккандар:

  • Бишкек – 17;
  • Ош шаары – 11;
  • Чүй облусу – 14;
  • Ош облусу – 14;
  • Нарын облусу – 11;
  • Талас облусу – 10;
  • Ысык-Көл облусу – 20;
  • Жалал-Абад облусу – 37;
  • Баткен облусу – 25.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 77;
  • Ош – 13;
  • Чүй облусу – 17;
  • Ош облусу – 62;
  • Талас облусу – 3;
  • Нарын облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 8;
  • Жалал-Абад облусу – 44;
  • Баткен облусу – 19.

Өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 48 342ге жетти. Анын ичинен 43 957си дартты жеңген. Тилекке каршы, өлүм учурлары кайра каттала баштады. Өткөн суткада төрт бейтап каза болуп, жалпы саны 1 073кө жетти.

Азыркы тапта 1 366 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат. Ал эми 1 491 киши медициналык жардамды үйлөрүнөн алууда.

Коронавирус жуктуруп алган медиктердин саны да өсө баштады. Өткөн суткада 10 медиктен COVID-19 табылган. Алар:

  • Бишкек шаары – 1;
  • Чүй облусу – 1;
  • Ош облусу – 4;
  • Жалал-Абад облусу – 3;
  • Талас облусу – 1.

Ошол эле учурда үч медик коронавирустан айыгып чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0