Ош шаарынын борбордук аянтында эл чогулушу

Оштун борбордук аянтына боз үйлөр тигилип, эл чогулууда. Сүрөт

380
(жаңыланган 11:53 08.10.2020)
Чогулган элдин саны болжол менен 300дөн ашат. Алар президент Сооронбай Жээнбековду колдоо үчүн келишкенин айтууда.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Ош шаарынын борбордук аянтына бүгүн да эл чогулууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстандын кабарчысы жеринен билдирди.

  • Юрты на центральной площади города Ош. 08 октября 2020 года
    Ош шаарынын борбордук аянтына бүгүн да эл чогулууда
    © Sputnik / Эламан Карымшаков
  • Люди на центральной площади города Ош. 08 октября 2020 года
    Анын айтымында, ал жерге түнү менен боз үйлөрдү алып келишип, азыркы тапта бешөөнү тигип бүтүштү
    © Sputnik / Эламан Карымшаков
  • Юрты на центральной площади города Ош. 08 октября 2020 года
    Боз үйлөрдүн артына тамактанууга ылайыкташтырып столдор коюлган
    © Sputnik / Эламан Карымшаков
  • Люди на центральной площади города Ош. 08 октября 2020 года
    Ал эми чогулган элдин саны болжол менен 300дөн ашат
    © Sputnik / Эламан Карымшаков
  • Призывы к жителям города развешенные в центре Оша. 08 октября 2020 года
    Алар президент Сооронбай Жээнбековду колдоо үчүн келишкенин айтууда
    © Sputnik / Эламан Карымшаков
  • Призывы к жителям города развешенные в центре Оша. 08 октября 2020 года
    Аянтта кайсы бир саясий күчтөр же бийлик өкүлдөрү көрүнбөйт
    © Sputnik / Эламан Карымшаков
  • Люди с флагами КР на центральной площади города Ош. 08 октября 2020 года
    Белгилей кетсек, Ошто бийликти бир нече саясий күч талашып жатат
    © Sputnik / Эламан Карымшаков
  • Люди на центральной площади города Ош. 08 октября 2020 года
    Шаардык кеңеш мэр Таалайбек Сарыбашовго ишенбөөчүлүк көрсөтүп, отставкага кетирген
    © Sputnik / Эламан Карымшаков
  • Расставленные столы и стулья на центральной площади города Ош. 08 октября 2020 года
    Андан соң ал кызматка ЖК депутаты Дүйшөн Төрөкулов барып отуруп алган
    © Sputnik / Эламан Карымшаков
  • Люди на лошадях на центральной площади города Ош. 08 октября 2020 года
    Бул учурда чет өлкөдөн мурунку мэр Мелис Мырзакматов келип, шаарды тартипке келтирерин айткан. Үч тараптын тең колдоочулары 6-октябрдан бери митингге чыгууда
    © Sputnik / Эламан Карымшаков
1 / 10
© Sputnik / Эламан Карымшаков
Ош шаарынын борбордук аянтына бүгүн да эл чогулууда

Анын айтымында, ал жерге түнү менен боз үйлөрдү алып келишип, азыркы тапта бешөөнү тигип бүтүштү. Боз үйлөрдүн артына тамактанууга ылайыкташтырып столдор коюлган.

Ал эми чогулган элдин саны болжол менен 300дөн ашат. Алар президент Сооронбай Жээнбековду колдоо үчүн келишкенин айтууда.

Аянтта кайсы бир саясий күчтөр же бийлик өкүлдөрү көрүнбөйт.

Белгилей кетсек, Ошто бийликти бир нече саясий күч талашып жатат. Шаардык кеңеш мэр Таалайбек Сарыбашовго ишенбөөчүлүк көрсөтүп, отставкага кетирген. Андан соң ал кызматка ЖК депутаты Дүйшөн Төрөкулов барып отуруп алган. Бул учурда чет өлкөдөн мурунку мэр Мелис Мырзакматов келип, шаарды тартипке келтирерин айткан. Үч тараптын тең колдоочулары 6-октябрдан бери митингге чыгууда.

Садыр Жапаров легитимдүү өкмөт башчы экенин айтып, иштей баштады

Кечээ, 7-октябрда, Сарыбашов кайра кызматына кайтты.

Дагы бир тарабы легитимдүү президент экенин айтып Сооронбай Жээнбековдун таламын талашууда.

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Байыш Юсупов да отставкага кетип, кайра кайтып келген. Анан орду да талашка түшүүдө.

380
Белгилер:
Митинг, эл, Боз үй, аянт, Ош
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (461)
Тема боюнча
Ош шаарына кайрадан Таалайбек Сарыбашов мэр болду
Экөө менен тең сүйлөшөм. Мелис Мырзакматовдун Ошко келип сүйлөгөн видеосу
Мамлекеттик Ала-Арча жаратылыш паркы

Шаршембиге карата аба ырайы

33
Синоптиктер шаршембиге караган түнү жаан-чачын күтүлбөй турганын маалымдашты. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Шаршемби күнү, 21-октябрда, күндүз өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас аймактарында +20...+25, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +21...+26, Ысык-Көл менен Нарын жергесинде +14...+19 градус жылыйт.

Чоң Алайда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө болду

Күндүн табы Бишкекте +23...+25 жана Ош шаарында +24...+26 градуска чейин көтөрүлөт.

33
Белгилер:
Кыргызстан, октябрь, аба ырайы
Тема боюнча
2-ноябрда Жерге астероид түшүшү ыктымал
Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Нариман Түлеев

COVID күчөп кетсе Бишкек даяр болушу керек. Түлеевдин биринчи жыйыны

158
(жаңыланган 20:12 20.10.2020)
Эртең менен биринчи вице-мэр болуп дайындалган Түлеев Азиз Суракматов кызматтан кеткенден кийин шаар башчысынын милдетин аткарып калды.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Нариман Түлеев коронавирус пандемиясы шарттаган экономикалык кырдаалга тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу жетекчинин биринчи жыйынында белгилүү болду.

Эскерте кетсек, Түлеев бүгүн эртең менен вице-мэрликке дайындалып, шаар башчысы Азиз Суракматов кызматтан кеткенден кийин калаа жетекчисинин милдетин аткарып калды.

Түлеев: чынын айтсам, мэрияга баргым келген эмес

Түлеев вице-мэрлерди, акимдерди жана шаар кызматтарынын жетекчилерин чогулткан.

"Мэрдин милдетин аткаруучу коронавирус пандемиясы шарттаган экономикалык абалга тынчсыздануусун билдирди. Экономика жана финансы боюнча вице-мэр Алмаз Бакетаевге райондук салык башкармалыктарынын жетекчилерин чогултуу тапшырылды", — деп айтылат маалыматта.

Түлеев эпидемиологиялык абал өлкө боюнча татаал экенин белгилеп, вирус жайылып кете турган болсо шаар ага даяр болушу керектигине токтолгон.

Мындан тышкары, жыйында шаар кызматтары калааны тазалоо иштерин күчөтүшү керектиги кошумчаланды.

158
Белгилер:
эпидемия, жыйын, Бишкек мэриясы, Нариман Түлеев
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Абакта "авторитет" болгон. Бишкек мэрлигине кайра келген Түлеев жөнүндө 7 факты
Экс-президент Сооронбай Жээнбеков. Архив

Жээнбеков жоюп кеткен Антикоррупциялык кызматты Жапаров жандантты

126
(жаңыланган 22:30 20.10.2020)
Жаңы жарлыктын негизинде Жээнбековдун жарлыгынын колдонулушу токтотулуп жана кабыл алынган күндөн тартып күчүн жоготту деп табылды. 

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын ишин жандандыруу боюнча жарлыкка кол койду. Бул туурасында президенттик аппарат билдирди.

Белгилей кетсек, экс-президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетип жатып аталган кызматты жоюу туурасында жарлыкка кол койгон

Жапаровдун чыгарган жарлыгына ылайык, Жээнбековдун жарлыгынын колдонулушу токтотулду жана кабыл алынган күндөн тартып күчүн жоготту деп табылды.

Буга байланыштуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антикоррупциялык кызматынын иши улантылат.

УКМКга төмөнкүдөй тапшырмалар берилди:

  • Антикоррупциялык кызматтын иштөөсүн камсыз кылсын;
  • Антикоррупциялык кызматтын мындан аркы ишин оптималдаштыруу боюнча сунуштарды киргизсин.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

126
Белгилер:
кызмат, коррупция, жарлык, Садыр Жапаров, Сооронбай Жээнбеков
Тема боюнча
Экс-президент макамы Жээнбековго кандай артыкчылык берет? Тизме
Жээнбеков расмий түрдө экс-президент болду. Жапаровдун биринчи жарлыгы