Бишкектик мэриянын алдында Азиз Суракматов эл менен сүйлөшү турат

Бишкектин мэри Азиз Суракматов кызматына кайтты

236
(жаңыланган 12:35 08.10.2020)
Азиз Суракматов 6-октябрь күнү кызматтан кетүү боюнча арыз жазгандан бери анын ордуна үч адам келип мэр болууга жетишти.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Азиз Суракматов мэрлик кызматына кайтып, иштей баштады.

  • У здания мэрии Бишкека проходит митинг в поддержку Азиза Суракматова. 08 октября 2020года
    Бүгүн, 8-октябрда, мэриянын алдында Суракматовду колдоп, анын ишин улантуусун талап кылган эл чогулду
    © Sputnik / Батыр Мамыркулов
  • У здания мэрии Бишкека проходит митинг в поддержку Азиза Суракматова. 08 октября 2020года
    Алардын алдына келген мэр төмөнкүлөрдү билдирди
    © Sputnik / Батыр Мамыркулов
1 / 2
© Sputnik / Батыр Мамыркулов
Бүгүн, 8-октябрда, мэриянын алдында Суракматовду колдоп, анын ишин улантуусун талап кылган эл чогулду

Эске салсак, парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митингге чыккандан кийин, 6-октябрда Азиз Суракматов кызматтан кетүү боюнча арызын жазган. Бирок ага шаардык кеңештин депутаттары кол коё элек болчу.

Бүгүн, 8-октябрда, мэриянын алдында Суракматовду колдоп, анын ишин улантуусун талап кылган эл чогулду. Алардын алдына келген мэр төмөнкүлөрдү билдирди.

"6-октябрь күнү таңкы саат 5.00гө чейин ордумда иштеп жаттым. Үйгө барып киймимди которуп келгиче мэрияны басып алышыптыр. Мага башкысы мэрияны сактап, кызматтардын ишин улантуу маанилүү эле. Конфликт болуп кетпеши үчүн аралыктан иштеп турууну чечкем. Мен элдик кошуундар, акимдер менен телефон аркылуу ишти улантып жаттым", — деди Суракматов.

Ал журналисттердин "эмнеге кызматтан кетүү боюнча арыз жаздыңыз" деген суроосун жоопсуз калтырды.

Азиз Суракматов үйдөн иштеп жаткан кезде үч адам "мэр" болууга жетишти. 6-октябрь күнү эртең менен координациялык кеңеш Жоошбек Коёналиевди мэрдин милдетин аткаруучу кылып дайындаган. Бирок кечке жуук ошол эле кеңеш мэрлик кызматка Мирлан Бакитаев келсин деген чечим чыгарышкан. Ал 15 саат кызмат өтөгөндөн кийин анын ордуна кайра мэрдин милдетин аткаруучу болуп Алмаз Бакетаев келген.

236
Белгилер:
Азиз Суракматов, Бишкек мэриясы, Кыргызстан
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (464)
Тема боюнча
Кыргызстанда премьер-министр кантип дайындалат? Процедурасы
Оорукана. Архив

Министрлик: жарык өчкөндө кычкылтек концентраторуна кошулгандар тынчсызданды

16
(жаңыланган 19:13 29.10.2020)
Айгерчинова азыркы кырдаалда жарык үзгүлтүксүз берилип турбаса, кычкылтек концентратору менен жаткан бейтаптарга коркунуч жаралып калышы мүмкүн экенин эскертти.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Бишкек шаары жарыксыз калганда оорукана, төрөт үйлөрүндө олуттуу көйгөй жаралган жок. Бирок кычкылтек концентраторунда жаткан бейтаптар бир аз тынчсызданды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди.

Эске салсак, ордо калаада бүгүн, 29-октябрда, болжол менен саат 13:10дор чамасында Бишкектин бир топ жеринде электр кубаты өчүп, кийинчерээк күйгөн.

"Электр жарыгы көп убакытка өчкөн жок. Мындан улам оорукана, төрөт үйлөрүндө олуттуу көйгөй жаралган эмес. Анын үстүнө ар бир ооруканадагы реанимациялык блок генераторго туташтырылган. Алар жарык өчкөндө автоматтык түрдө иштейт. Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасында өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар генератордун жардамы менен үзгүлтүксүз иштеп турду. Ал эми кычкылтек концентраторуна туташкан бейтаптар бир аз дүрбөлөңгө түштү. Анткени генератор палаталарга кошулган эмес. Алар болсо палаталарда жатышат", — деди Айгерчинова. 

Шаардыктар жарыксыз калганда. ТЭЦтеги кырдаалды асмандан көрсөткөн видео

Ал азыркы кырдаалда жарык үзгүлтүксүз берилип турбаса, кычкылтек концентратору менен жаткан бейтаптарга коркунуч жаралып калышы мүмкүн экенин эскертти.

16
Белгилер:
бейтап, Төрөт үйү, оорукана, жарык берүү, Бишкек
Тема боюнча
Авария эмес. "Түндүк электр" Бишкек ТЭЦте эмне болгонун тактады
Бишкек ТЭЦтин жетекчиси Воропаев билдирүү жасады
Шаардыктар жарыксыз калганда. ТЭЦтеги кырдаалды асмандан көрсөткөн видео
Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Пакистандын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Сардар Азхар Тарик Ханды кабыл алды

Министр Пакистандын элчиси менен кара тизмеге кирген ЖОЖдорду талкуулады

46
(жаңыланган 18:17 29.10.2020)
Буга чейин Пакистан Кыргызстандын медициналык окуу жайларын кара тизмеге киргизгени айтылган. Тараптар дал ушул маселени талкуулашты.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Пакистандын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Сардар Азхар Тарик Ханды кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушууда тараптар Пакистан Кыргызстандын медициналык окуу жайларын кара тизмеге киргизгени боюнча сүйлөшкөн.

"Кыргыз тарап өлкөдөгү медициналык окуу жайларды кара тизмеден чыгаруу маселесин чечүү жолдору боюнча Пакистандын КРдеги элчилигине расмий кат жолдоого милдеттенди. Пакистан тарап бул маселенин тез арада чечилишине жана КРде билим алган пакистандык студенттердин көбөйүшүнө кызыкдар экенин билдирди", — деп жазылат маалыматта.

Министр Бейшеналиев мындан ары министрлик тарабынан ЖОЖдорго эл аралык аккредитациялардан өтүү, чет элдик жарандарга көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жогорулатуу жана материалдык-техникалык, лабораториялык-клиникалык базаларды жакшыртуу сыяктуу бир катар талаптар коюла турганын айтты.

Буга чейин Пакистан Кыргызстандын медициналык окуу жайларын кара тизмеге киргизгени айтылган.

Болочок медиктерге 90 бюджеттик орун бөлүндү. Вирустун кесепетин эске алып.

Мындан сырткары, жолугушууда билим берүү жана илим тармагындагы өз ара кызматташуу дагы талкууланган.

46
Белгилер:
окуу жай, жолугушуу, элчи, министр, Пакистан, Кыргызстан
Тема боюнча
Пакистан Кыргызстандын медициналык окуу жайларын кара тизмеге киргизди. Себеби