Өкмөт: социалдык төлөмдүн баары өз убагында берилет

Жазылуу
Вице-премьер Асрандиев бүгүн, 8-октябрда, мамлекеттик органдардын жетекчилери менен онлайн кеңешме өткөргөн.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Өлкөдө социалдык төлөмдүн баары өз убагында аткарылат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы вице-премьер Эркин Асрандиевдин айтымына таянып кабарлады.

Ага ылайык, вице-премьер бүгүн, 8-октябрда, мамлекеттик органдардын жетекчилери менен онлайн кеңешме өткөргөн. Анда Асрандиев мамлекеттик органдар штаттык режимде иш алып баруусун уланта турганын айтып, кышка карата жылуулук берүү боюнча чараларды тездетүү керек деген.

Улуттук банк 8-октябрдан тарта банктарды ишин жандантууга чакырды. Графиги

"Бул оор мезгилде бардык мамлекеттик органдар өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди так аткарышы керек. Элдин турмушун өз нугунда улантуусун камсыз кылуу үчүн жумуштарын күчөтүшү зарыл", — деди Асрандиев.

Кеңешмеде коронавирустун жайылып кетпөөсүн алдын алуу боюнча да маселе козголуп, тийиштүү тапшырмалар берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0