Кара-Суу районунун мурдагы акими Тилек Матраимов. Архив

УКМК: Өзбекстан Тилек Матраимовду Кыргызстанга өткөрүп берди

332
(жаңыланган 11:08 09.10.2020)
Аталган факт УКМКнын тергөө органдары тарабынан Кылмыш кодексинин 358-беренеси боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Кыргыз-өзбек чек арасынан кармалган Кара-Суу районунун мурдагы акими Тилек Матраимов жана анын жанындагы эки адамды Өзбекстан Кыргызстанга өткөрүп берди. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин Кара-Суу районунун мурдагы акими Тилек Матраимов кыргыз-өзбек чек арасынан өзбек чек арачылары тарабынан кармалган.

"9-октябрда өзбек чек арачылары Тилек Матраимов, Зиябиддинбек Кочкорбаев жана Махсуд Ахмедов аттуу кыргыз жарандарын Кыргызстанга өткөрүп берди. Аталган адамдар 6-октябрда чек арадан мыйзамсыз өтүп бараткан жеринен кармалышкан",— деп айтылат маалыматта.

Кара-Сууда эл Тилек Матраимовдун кабинетин басып алган видео тарады

Аталган факт УКМКнын тергөө органдары тарабынан Кылмыш кодексинин 358-беренеси боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Чек арадан мыйзамсыз өтүү боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталып, кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө уланууда.

332
Белгилер:
кыргыз-өзбек чек арасы, кармоо, УКМК, Тилек Матраимов
Тема боюнча
Тилек Матраимов чек арадан кармалды
Мырзакматов: Асылбек Жээнбеков, Искендер Матраимов менен жолуктум
Медицина кызматкери. Архивдик сүрөт

Коронавирус дагы 522 кишиден табылып, бир бейтап көз жумду

27
(жаңыланган 10:25 29.10.2020)
Бишкек шаарында жана Баткен, Ош облустарында үч медиктин коронавирус жуктуруп алганы аныкталган. Ошол эле маалда жети кызматкер ооруну жеңип, үйлөрүнө чыгарылды.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Өткөн суткада 522 киши коронавирус жуктуруп алганы аныкталып, оору бир адамдын өмүрүн алган. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 110;
  • Ош – 33;
  • Чүй облусу – 58;
  • Ош облусу – 75;
  • Талас облусу – 26;
  • Нарын облусу – 7;
  • Ысык-Көл облусу – 37;
  • Жалал-Абад облусу – 86;
  • Баткен облусу – 90.

Оштогу жаңы оорукана ноябрдан тарта COVID жуктургандарды дарылай баштайт. Фото

Бир суткада дартты 460 бейтап жеңген. Алар:

  • Бишкек – 91;
  • Ош шаары – 37;
  • Чүй облусу – 41;
  • Ош облусу – 82;
  • Талас облусу – 18;
  • Нарын облусу – 5;
  • Ысык-Көл облусу – 29;
  • Жалал-Абад облусу – 90;
  • Баткен облусу – 67.

Тилекке каршы, коронавирустан Баткенде бир бейтап көз жумуп, жалпы каза тапкандардын саны 1 139 болду.

Ал эми оору жуктургандар 57 798ге жетсе, анын ичинен 49 097 бейтап айыкты.

Бир сутка ичинде өлкөдө үч медицина кызматкеринин коронавирус жуктуруп алганы аныкталса, бир суткада үй карантининен жети медкызматкер чыгарылган.

27
Белгилер:
бейтап, өлүм, статистика, оору, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
COVID: инфекция жуктургандардын ичинен 93 адам өтө оор абалда жатат
COVID-19 кабылып оор абалда жаткан бейтапка медиктин жардам берүүсү. Архивдик сүрөт

COVID: инфекция жуктургандардын ичинен 93 адам өтө оор абалда жатат

22
(жаңыланган 10:27 29.10.2020)
Кыргызстан боюнча акыркы суткада коронавирустан бир адам каза таап, 522 киши инфекцияга чалдыккан.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Акыркы маалымат боюнча, Кыргызстанда ооруканаларда коронавирусту жуктурган 3 444 бейтап дарыланып жатса, алардын ичинен 93 кишинин абалы оор бойдон калууда. Бул туурасында Республикалык штабдан кабарлашты.

Дарыланып жаткан ноокастарды карай келгенде, абал төмөнкүдөй:

  • 77 адам — канааттандырарлык абалда;
  • 2396 бейтап — орточо оор;
  • 878 бейтап — оор абалда;
  • 93 бейтап — өтө оор абалда.

Ал эми COVID жуктуруп алып үйдөн дарыланып жаткандар 3 580 адам экени айтылды.

Кыргызстан боюнча акыркы суткада коронавирустан бир адам каза таап, 522 киши инфекцияга чалдыккан.

22
Белгилер:
өлүм, оору, статистика, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Оштогу жаңы оорукана ноябрдан тарта COVID жуктургандарды дарылай баштайт. Сүрөт
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп Балбак Түлөбаев. Архив

Кайрадан орун алмашуу. Балбак Түлөбаев жаңы вицелерди дайындады

0
(жаңыланган 10:44 29.10.2020)
Кадрдык өзгөрүүлөр тууралуу тиешелүү токтомго шаарга жаңы эле башчы болуп келген Балбак Түлөбаев кол койгон.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Бишкек мэриясында кайрадан кадрдык алмашуу болуп, Алмаз Бакетаев биринчи вице-мэрликке кайтып келди. Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.

  • Алмаз Бакетаев биринчи вице-мэрликке кайтып келди
    Алмаз Бакетаев биринчи вице-мэрликке кайтып келди
    © Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19
  • Социалдык суроолор боюнча вице-мэрликке Айжан Чыныбаева дайындалды
    Социалдык суроолор боюнча вице-мэрликке Айжан Чыныбаева дайындалды
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 2
© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19
Алмаз Бакетаев биринчи вице-мэрликке кайтып келди

Анын орундагы Нариман Түлеев иштен бошотулган.

Бишкек мэриясынын алдында кайрадан митинг. Сүрөт, видео

Ал эми социалдык суроолор боюнча вице-мэрликке Айжан Чыныбаева дайындалды.

Тиешелүү токтомдорго шаарга жаңы эле башчы болуп келген Балбак Түлөбаев кол койгону белгилүү болду.

0
Белгилер:
вице-мэр, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Балбак Түлөбаев ишке киришери менен эки вице-мэр кызматтан кетти